Валентина Шевченконун жаңы атаандашы. Беттеш жазында болот

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsUFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив
UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Валентина Шевченко өзүнүн титулун 24-апрелде коргойт. ESPNMMA бул тууралуу Дана Уайт кабарлагандыгын жазды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко кезектеги беттешин Жессика Андраде менен өткөрөт. Бул тууралуу спорттук беделдүү ESPNMMA порталы билдирген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ESPN MMA (@espnmma)

"Ок" кайтып келе жатат! Валентина Шевченко өзүнүн титулун эң жеңил салмакта 24-апрелде Жессика Андрадеге каршы чыгып коргойт. Бул UFC 261 турниринин алкагында болорун Дана Уайт @bokamotoespn билдирди", — деп айтылат андагы маалыматта.
Андраде өзүнүн спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрсө, анын 21ин жеңген. Акыркысында Кэтлин Чукагянга жеңилүү ызасын тарттырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0