00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда Казакстандын көмүрү тартыш болуп жатат. Видео

Жазылуу
Кыргызстандагы отун базарларында жергиликтүү көмүр жетиштүү болгону менен Казакстанда өндүрүлгөн кара алтын менен калкты камсыздоо иштери үзгүлтүккө учурап жатат.

Бул жагдайга Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчылары күбө болуп келишти.

Бишкектин Ленин районунун Мурманск көчөсүндөгү кампага Казакстандан темир жол аркылуу Каражыра көмүрү ташылат. Бирок бул отундун түрү учурда жетишсиз болуп жатат.

Акыркы бөлүгү 28-сентябрда сатылып бүткөнүн топ-базанын өкүлдөрү билдиришти. Аларга импорттук кара алтындын кезектеги бөлүгү качан келери белгисиз.

Каражыранын көмүрүнүн тоннасын 3900 сомго сатып алууга даяр турган жергиликтүү кардарлар бул отундун эртерээк импорттолушун күтүп жатышканын айтышты.

"Каражыранын көмүрүн алганы келсем жок экен. Айла жок Шабыркөлдүкүн сатып алууга туура келди", — деди кардарлардын бири.

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦи кышка даяр болду
Анара Атанова жыл сайын кошуна өлкөнүн көмүрүн аларын билдирди. Анын айтымында, Каражыра көмүрүнүн табы Шабыркөл менен жергиликтүү Кара-Кеченикине караганда жакшы.

"Жыл сайын Каражыра көмүрүн жагам. Кара-Кече, Шабыркөлдүн көмүрүн албайм. Базага экинчи жолу келсем дагы Каражыраныкы жок экен", — деди Атанова.

Ленин районуна жанаша жайгашкан Ак-Ордо жаңы конушундагы топ-базага темир жол аркылуу Шабыркөл көмүрү келет. Аны импорттогон жеке фирманын өкүлдөрү акыркы жолу 25-сентябрда сегиз вагон менен 500 тонна түшүрүлгөнүн айтышты.

Импорттук отунга суусап турган жарандар вагондон Шабыркөл көмүрүн түшүргөнгө чейин эле беш күндүн ичинде баарын алып кетишкен.

"Кыйналдык. Көмүргө келген жүк ташуучу автоунаалардын саны көп болду. Былтыр мындай көрүнүш болгон эмес. Быйыл эки айдай Шабыркөл көмүрүн күтүп калдык", — деди кардар Кенжебек Койчуманов.

Шабыркөл көмүрү түшкөн базадан күн батышты карай 300 метрдей аралыкта Нарындын Кара-Кече бассейнинен көмүр ташыган жүк ташуучу автоунаалардын базасы жайгашкан.

Низкий уровень воды в Токтогульском ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Казакстан карызга алган электр энергиясын кантип кайтарууда? Расмий жооп
Жергиликтүү көмүр борбор калаанын базарларына жетиштүү өлчөмдө келип жатканын айдоочулар билдиришти. Алар Кара-Кече кенинен көмүрдүн бир тоннасын 1330 сомдон сатып алып, Бишкектеги кардарларга тоннасын 3000-3600 сомго чейин кайра сатышарын айтышты.

"20-30 тонна көмүрдү Нарындан Бишкекке чейин алып келүү үчүн күйүүчү майдын акысын кошкондо 50 000 сомго чейин чыгым тартабыз", — деди 20 жылдан бери көмүр ташып иштеген Атай Жакыпбеков.

Ал эми анын кесиптеши Залкар Нуралиев Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген кызматкерлердин пара алган учурлары болорун айтып берди.

"Жолдо көп кыйынчылыктарга кабылабыз. Автоунаанын дөңгөлөктөрү жарылат. Жүктүн салмагын текшергендер акча алышат. Акыркы жолу 1000 сом бердим. Көчөдөн токтотуп алып акча сурашат", — деди Нуралиев.

Кыргызстанда калкты көмүр менен камсыздоо иштерин конкреттүү бир мамлекеттик орган алып барбаганын Улуттук Энергохолдингден, Экономика министрлигинен билдиришти. Алардын айтымында, жарандарды кара алтын менен камсыздоо үчүн тендер өткөрүлбөйт.

Күз-кыш мезгилине калкты көмүр менен камсыздоо милдетин бажы жана салык төлөмдөрүн төлөгөн жеке компаниялар аткарышууда. Эгер кара алтындын базардагы баасы негизсиз кымбаттаса ортого Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү кийлигишери маалым.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0