Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео

Жазылуу
Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасы Өзбекстандын улакчыларын жеңип Көчмөндөр оюндарынын үч жолку чемпиону аталды. Баш байге ээлерине 3 миллион сом ыйгарылды.

Быйылкы оюнда көк бөрүнүн тарыхына бурулуш жасалып, Казакстандын командасы финалга жолдомо ала алган жок. Алар жарым финалда намысты колдон чыгарып, Өзбекстанга утулуп калган. Бирок Кыргызстандын улакчыларына өзбекстандыктар туруштук бере албады. Кыргыз оюнчулар олбурлуу аргымактары менен оюн талаасын айлана чаап, атаандаштарынын айласын кетирди. 

III Всемирные игры кочевников. 4 день. Кок-бору. Казахстан против Красноярска - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Көкпар федерациясы улакчылары эмнеге утулуп калганын түшүндүрдү
Кыргыз көк бөрүчүлөрү адаттагыдай эле тай казанга улак менен кошо ыргып түшүп, жерден заматта эңип кетип, кармаганын жулуп алып мыкты оюн көргөзүштү. Балбандар 35 килограммдык улакты топ ыргыткандай эле бир колу менен көтөрүп барып тай казанга салып жатты. Баса, биринчи бөлүгүндө Нуржан Мелисбек уулу тай казанга урунуп жыгылып медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кайра оюнга чыкты. 

Натыйжада Кыргызстан командасы 32:9 эсеби менен жеңүүчү аталды. Команданы капитаны Марлис Койгелдиев Көчмөндөр оюндарына 1,5 ай бою даярдык жүргөнүн билдирди. 

Ал эми Астанадагы Азия чемпионатына барбай калган мыкты көк бөрүчү Манас Ниязов финалда казак улакчылары менен күч сынашууну күткөнүн төмөнкүчө айтып берди. 

“Аябай катуу даярданганбыз! Тилекке каршы, Казакстан менен ойной албай калдык. Эми дагы мелдештер болсо беттешүүгө даярбыз. Өзбек улакчылары да күтүү экен. Мурункуга салыштырмалуу кыйла жакшы ойноп калышыптыр. Кийинки оюндарга жакшы даярданып келет деген ойдомун”, — деди Ниязов. 

Ал эми Өзбекстандын командасынын улакчысы Избасор Азимов алар тай казан коюлган көк бөрү ойнобогондуктан кыйынчылык болгонун жашырган жок. 

“Бизден балбан балдар келген, бирок аттарыбыз чабал болуп калды. Албетте, экинчи орун да жаман эмес. Кыргызстандын командасы чынында биринчи орунга татыктуу. Кудай буюрса, Түркияда өтчү Көчмөндөр оюндарына өз аттарыбыз менен катуу даярданып барабыз”, — деди өзбекстандык улакчы. 

Кыргызстан буга чейин Монголия, Алтай, Москва командаларын жеңген.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешине 11 команда катышты. Баш байгеге 3 миллион, экинчи орунга 1,5 миллион, үчүнчү орунга 1 миллион, төртүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылды. 

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0