00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
16:30
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
21:06
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
6-7-август күндөрү Ысык-Көлдө өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында илимий наамдарды өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлганын Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Анын айтымында, эми уюмга мүчө мамлекеттердин биринде берилген илимий наамдар бешилтиктин башка өлкөлөрүндө кошумча процедуралардан өтпөстөн кабыл алынат. Бул келишим илимдин докторлору, кандидаттарынын эркин иштөөсүнө, ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт. Буга чейин ЕАЭБ алкагында илимий даражаларды өз ара таануу боюнча келишим кабыл алынган.
1-сентябрдан тартып күйүүчү-майлоочу май, алкоголь жана тамеки продукциялары менен иштеген компаниялар үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалымдалгандай, алардын ордуна 2.0 коду менен Электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) киргизилип, аталган товарлар боюнча бардык операцияларды тариздөө үчүн бирдиктүү документ болот. Жаңы модуль толук кандуу ишке киргенге чейин эски форматтагы ЭЭФ колдонулат. Жаңы системага толук өтүүнүн так датасы пилоттук этап аяктагандан кийин белгилүү болот. Ошол эле учурда 1-сентябрдан тарта Электрондук эсеп фактура 2.0 мунайга жана мунай заттарына, ошондой эле ЕАЭБдин бекитилген тизмесине кирген айрым товарларга карата иштей баштайт. Алардын арасында муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулары, кир жуучу машиналар жана телеберүү сигналдарын кабыл алуучу аппаратуралар бар.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү мелдешин 10 метр аралыктан көрүүгө болот. Бул тууралуу ДКОнун маданий программасынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, көк бөрү үчүн 10 миң адамга ылайыкталган арена орнотулду. "Мурда 500 киши көрүп, калгандары көрбөй калчу эмес беле. Азыр андай болбойт, 10 миң киши даана көрө алат", — деди Максутов. Белгилей кетчү жагдай, арена көчмө болуп, Көчмөндөр оюндарынан кийин да иш-чараларда колдонулмакчы.
Бундестагдын "Германия үчүн альтернатива" оппозициялык партиясынан шайланган депутат Маркус Фронмайер өлкө бийлигин Украинаны колдоонун чегин белгилеп, Германия үчүн маанилүү болгон инфраструктурага сокку урулат деген маалыматка жооп кайтарылышын талап кылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Киевди каржы жана саясий жактан колдоонун чеги акыры аныкталышы керек. Өкмөт Украинага байланыштуу миллиарддарды чапчыган милдеттемелерди мойнуна илип, ошол эле учурда маанилүү болгон инфраструктурага урулчу соккунун кесепетин билмексен-көрмөксөн болуп отура бере албайт", — деген эл өкүлү соцтармак баракчасы аркылуу. Билдирүү Berliner Zeitung басылмасы Еврокомиссия Киевге деп 2026-2027-жылдарга жаңы бөлүнгөн 90 миллиарддык насыянын жүгү кимге кандай бөлүштүрүлөрүн азырынча айта албай турганын билдиргенин жазгандан кийин жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0