https://sputnik.kg/20260812/1102953865.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди башка өлкөлөргө кайра чыгарууга (реэкспорттоого) жол берилбейт. Бул тууралуу экономика министринин... 12.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-12T17:00+0600
2026-08-12T17:00+0600
2026-08-12T18:56+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0c/1102953699_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c8f4e063ca35756ac3317f9f04addd3f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди башка өлкөлөргө кайра чыгарууга (реэкспорттоого) жол берилбейт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бажы төлөмү жок киргизүү боюнча берилген квота биринчи кезекте Кыргызстандын ички рыногун камсыз кылууга багытталган. "Бул бизнес жүргүзүү же сатуу үчүн берилген квота эмес. Негизги милдет — кыргызстандыктардын муктаждыгын камсыз кылуу", — деп белгиледи ал.
6-7-август күндөрү Ысык-Көлдө өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында илимий наамдарды өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлганын Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Анын айтымында, эми уюмга мүчө мамлекеттердин биринде берилген илимий наамдар бешилтиктин башка өлкөлөрүндө кошумча процедуралардан өтпөстөн кабыл алынат. Бул келишим илимдин докторлору, кандидаттарынын эркин иштөөсүнө, ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт. Буга чейин ЕАЭБ алкагында илимий даражаларды өз ара таануу боюнча келишим кабыл алынган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн 1000 сомдук билет талап кылынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, билет "Рух-Ордо" маданий борборундагы жана Бостери айылындагы иш-чараларга, "Дордой Номад" комплексинде өтө турган Nomad Fest фестивалына, ошондой эле ат майдандагы кечки концерттерге, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге кирүүдө талап кылынат. "Оюндардын жабылуу аземине билеттер 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин сатылат", — деди Мамбеталиев. Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган иш-чараларга кирүү акысыз болот. Бирок ал жакка жеке унаа менен барууга чектөө коюлуп, атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Ал жерден Кырчынга чейин жана кайра акысыз шаттл-автобустар каттайт.
Россия президенти Владимир Путин өлкөгө таандык соода кемелерин басып алуу аракеттери ишке ашса, Москва буга дал өзүндөй жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу ал Тынч океан флотунун машыгууларынын жыйынтыктоочу этабында айтканын РИА Новости жазды. РФ лидери белгилегендей, айрым өлкөлөр эл аралык деңиз укугун бузуу менен россиялык экономикалык операторлордун жарандык кемелеринин жүрүшүн чектөөгө аракет кылууда. "Жакында эле кемелерибизди басып алып, ичиндеги мүлктү сатуу мүмкүнчүлүгүн да караштыра башташты. Албетте, бул — каракчылык. Эгер мындай аракеттер ишке аша баштаса, биз өздөрүнө жараша жооп кайтарууга аргасыз болобуз", — деди Путин. Ал Москва мындай жоопту Тынч океан аймагын кошкондо каалаган акваторияда бере аларын белгиледи. Айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн аракеттеринен улам бул аймакта абал курчуп жатат. Ошол эле учурда Путин Россия Японияга коркунуч жаратпай турганын жана Токио менен талашкан нерсеси жок экенин билдирди. Бирок Япония Москваны биринчи жолу өзүнүн доктриналык документтеринде негизги коркунучтардын катарына киргизгенин айтты. Мындан тышкары, Россия Арктикада, анын ичинде Түндүк деңиз жолу боюнча башка өлкөлөр менен эл аралык укуктун негизинде кызматташууга даяр экенин билдирди.
Кыргызстанга бажы төлөмүсүз киргизилген электромобилдерди башка өлкөлөргө кайра чыгарууга (реэкспорттоого) жол берилбейт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бажы төлөмү жок киргизүү боюнча берилген квота биринчи кезекте Кыргызстандын ички рыногун камсыз кылууга багытталган. "Бул бизнес жүргүзүү же сатуу үчүн берилген квота эмес. Негизги милдет — кыргызстандыктардын муктаждыгын камсыз кылуу", — деп белгиледи ал. 6-7-август күндөрү Ысык-Көлдө өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында илимий наамдарды өз ара таануу боюнча келишимге кол коюлганын Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Анын айтымында, эми уюмга мүчө мамлекеттердин биринде берилген илимий наамдар бешилтиктин башка өлкөлөрүндө кошумча процедуралардан өтпөстөн кабыл алынат. Бул келишим илимдин докторлору, кандидаттарынын эркин иштөөсүнө, ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө шарт түзөт. Буга чейин ЕАЭБ алкагында илимий даражаларды өз ара таануу боюнча келишим кабыл алынган.Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн 1000 сомдук билет талап кылынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, билет "Рух-Ордо" маданий борборундагы жана Бостери айылындагы иш-чараларга, "Дордой Номад" комплексинде өтө турган Nomad Fest фестивалына, ошондой эле ат майдандагы кечки концерттерге, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге кирүүдө талап кылынат. "Оюндардын жабылуу аземине билеттер 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин сатылат", — деди Мамбеталиев. Ал эми Кырчын жайлоосунда өтө турган иш-чараларга кирүү акысыз болот. Бирок ал жакка жеке унаа менен барууга чектөө коюлуп, атайын унаа токтотуучу жайлар уюштурулат. Ал жерден Кырчынга чейин жана кайра акысыз шаттл-автобустар каттайт.Россия президенти Владимир Путин өлкөгө таандык соода кемелерин басып алуу аракеттери ишке ашса, Москва буга дал өзүндөй жооп кайтарарын билдирди. Бул тууралуу ал Тынч океан флотунун машыгууларынын жыйынтыктоочу этабында айтканын РИА Новости жазды. РФ лидери белгилегендей, айрым өлкөлөр эл аралык деңиз укугун бузуу менен россиялык экономикалык операторлордун жарандык кемелеринин жүрүшүн чектөөгө аракет кылууда. "Жакында эле кемелерибизди басып алып, ичиндеги мүлктү сатуу мүмкүнчүлүгүн да караштыра башташты. Албетте, бул — каракчылык. Эгер мындай аракеттер ишке аша баштаса, биз өздөрүнө жараша жооп кайтарууга аргасыз болобуз", — деди Путин. Ал Москва мындай жоопту Тынч океан аймагын кошкондо каалаган акваторияда бере аларын белгиледи. Айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн аракеттеринен улам бул аймакта абал курчуп жатат. Ошол эле учурда Путин Россия Японияга коркунуч жаратпай турганын жана Токио менен талашкан нерсеси жок экенин билдирди. Бирок Япония Москваны биринчи жолу өзүнүн доктриналык документтеринде негизги коркунучтардын катарына киргизгенин айтты. Мындан тышкары, Россия Арктикада, анын ичинде Түндүк деңиз жолу боюнча башка өлкөлөр менен эл аралык укуктун негизинде кызматташууга даяр экенин билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0c/1102953699_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3d585b9d71824299269975e6dcb97926.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио