https://sputnik.kg/20260812/1102942190.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Тиешелүү норма Евразия экономикалык комиссиясынын... 12.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-12T13:00+0600
2026-08-12T13:00+0600
2026-08-12T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0c/1102942024_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d7d7dd5770d7506cd92d0ede3093a479.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Тиешелүү норма Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечиминин долбооруна киргизилген. Маалымдалгандай, ЕЭК кеңешинин чечими 17-августтан тарта күчүнө кирет. ЕАЭБге мүчө Армения үчүн да квота 15 миңден 20 миңге чейин көбөйтүлдү. Учурдагы 15 миң унаага эсептелген квота 2026-жылдын июль айынын башында эле түгөнгөн. Белгиленген чектен ашык импорттолгон электромобилдерге бажы төлөмү унаанын бажылык наркынын 15 пайызын түзөт. Эскерте кетсек, өткөн жылы да Кыргызстандын сунушу менен электромобилдерди бажы төлөмүсүз импорттоо боюнча квота 10 миңден 15 миңге чейин көбөйтүлгөн болчу.
Органикалык өндүрүшкө пайдаланылчу жер аянты 101 миң 358 гектардан ашты. Айыл чарба министрлиги бул 30-июнга карата маалымат экенин билдирди. Ага ылайык, өлкөдөгү эл аралык органикалык стандарт иштеген 11 кооператив пахта, дары чөп, өрүк, төө буурчак, жаңгак, мисте жана башка продукцияларды өндүрүп, ички жана тышкы рынокторго чыгарышат. Иштетилген жердин аянты 11 миң 392 гектарга жетет. Мындан тышкары, 37 аймакта органикалык өндүрүштү тастыктоочу PGS системасы киргизилүүдө. Бул аймактарда негизинен жашылча-жемиш өндүрүлүп, жергиликтүү рынокторго сатылат.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 627 тонна трикотаж кездемеси экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 эсеге көп. Былтыр январдан майга чейин 74 тонна кездеме сыртка сатылган. Экспорттун жарымынан көбү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Россияга жөнөтүлгөн. Трикотаж кездеменин дагы 42 пайызы Өзбекстанга, калган бөлүгү Казакстан менен Тажикстанга экспорттолгон.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан реконструкцияланып, 11-августта ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ага ылайык, фонтандын техникалык жабдуулары жаңыртылып, сууну тазалоо системасы жана жалбырактарды чогултуучу жабдуулар орнотулган. Ошондой эле оргумага "бийлөө" менен коштолгон жарык-музыкалык система коюлду. Мындан тышкары, филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки фонтан комплекси жаңыланды. Филармониянын фасады да жасалып жатат. Жаштар аллеясынын аймагында ирригациялык система жана тышкы жарыктандыруу жаңыртылып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Майыптыгы бар жарандар үчүн алты пандус жасалууда.
АКШ президенти Дональд Трамп балдардын жынысын өзгөрткөн операцияларды жана гормоналдык терапияны каржылоого тыюу салганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Күнөөсүз балдардын организмин талкалоочу мындай жапайы операциялар үчүн чыгым болууну каалабайбыз", — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына. Америкалык лидер тыюуну аз камсыз болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүүчү Medicaid мамлекеттик программасынын алкагында киргизген. Трамп акыркы бир жарым жыл ичинде ондогон оорукана балдардын жынысын өзгөртүүчү операциялар менен гормоналдык терапиядан баш тартканын кошумчалады.
Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Тиешелүү норма Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин чечиминин долбооруна киргизилген. Маалымдалгандай, ЕЭК кеңешинин чечими 17-августтан тарта күчүнө кирет. ЕАЭБге мүчө Армения үчүн да квота 15 миңден 20 миңге чейин көбөйтүлдү. Учурдагы 15 миң унаага эсептелген квота 2026-жылдын июль айынын башында эле түгөнгөн. Белгиленген чектен ашык импорттолгон электромобилдерге бажы төлөмү унаанын бажылык наркынын 15 пайызын түзөт. Эскерте кетсек, өткөн жылы да Кыргызстандын сунушу менен электромобилдерди бажы төлөмүсүз импорттоо боюнча квота 10 миңден 15 миңге чейин көбөйтүлгөн болчу.Органикалык өндүрүшкө пайдаланылчу жер аянты 101 миң 358 гектардан ашты. Айыл чарба министрлиги бул 30-июнга карата маалымат экенин билдирди. Ага ылайык, өлкөдөгү эл аралык органикалык стандарт иштеген 11 кооператив пахта, дары чөп, өрүк, төө буурчак, жаңгак, мисте жана башка продукцияларды өндүрүп, ички жана тышкы рынокторго чыгарышат. Иштетилген жердин аянты 11 миң 392 гектарга жетет. Мындан тышкары, 37 аймакта органикалык өндүрүштү тастыктоочу PGS системасы киргизилүүдө. Бул аймактарда негизинен жашылча-жемиш өндүрүлүп, жергиликтүү рынокторго сатылат.Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 627 тонна трикотаж кездемеси экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,5 эсеге көп. Былтыр январдан майга чейин 74 тонна кездеме сыртка сатылган. Экспорттун жарымынан көбү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Россияга жөнөтүлгөн. Трикотаж кездеменин дагы 42 пайызы Өзбекстанга, калган бөлүгү Казакстан менен Тажикстанга экспорттолгон.Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан реконструкцияланып, 11-августта ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ага ылайык, фонтандын техникалык жабдуулары жаңыртылып, сууну тазалоо системасы жана жалбырактарды чогултуучу жабдуулар орнотулган. Ошондой эле оргумага "бийлөө" менен коштолгон жарык-музыкалык система коюлду. Мындан тышкары, филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки фонтан комплекси жаңыланды. Филармониянын фасады да жасалып жатат. Жаштар аллеясынын аймагында ирригациялык система жана тышкы жарыктандыруу жаңыртылып, видеокамералар, жаңы отургучтар жана таштанды челектери орнотулду. Майыптыгы бар жарандар үчүн алты пандус жасалууда. АКШ президенти Дональд Трамп балдардын жынысын өзгөрткөн операцияларды жана гормоналдык терапияны каржылоого тыюу салганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Күнөөсүз балдардын организмин талкалоочу мындай жапайы операциялар үчүн чыгым болууну каалабайбыз", — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына. Америкалык лидер тыюуну аз камсыз болгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүүчү Medicaid мамлекеттик программасынын алкагында киргизген. Трамп акыркы бир жарым жыл ичинде ондогон оорукана балдардын жынысын өзгөртүүчү операциялар менен гормоналдык терапиядан баш тартканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0c/1102942024_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a700ca6a98e2c29881555433de4896b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио