00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:30
3 мин
Эхо дня
Почему имя Зингера стало символом швейной машинки
16:33
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кооперациялар менен иштешүүсү зарыл
17:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Накыл кеп: өткөндөн калган сөзбү же бүгүнкү күндүн сабагыбы?
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
Ачык кеп
Көчмөндөрдүн даамы дүйнөнү бириктирет: “Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы” сынагында 15 өлкөнүн ашпозчулары Кыргызстанда күч сынашат
21:09
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кытай маркетплейстеринен келген товарлардан 5 пайыз бажы төлөмү алына баштайт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу билдирди. Ал белгилегендей, 2027-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБде тышкы электрондук сооданы жөнгө салган жаңы эрежелер күчүнө кирет. "Кытай жана башка өлкөлөрдөн маркетплейстер аркылуу Кыргызстанга киргизилген товарларга 5 пайыз бажы төлөмү алынат. Бирок төлөмдүн көлөмү бир килограмм товарга кеминде бир еврону түзөт. Ошол эле учурда жеке керектөө үчүн товар алдырткандарга жеңилдик каралган. 200 еврого чейинки товарлар бажы алымынан бошотулат", — деген Каныбек уулу. Анын айтымында, ЕАЭБдин электрондук соода боюнча жаңы келишимине жакында эле Ысык-Көлдө өткөн өкмөт башчыларынын отурумунда кол коюлду.
Кыргызстанда электромобиль чогултуучу завод ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов маалымат жыйында билдирди. Айтымында, ишкана быйыл ишке кириши мүмкүн. Долбоорго ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эмес, үчүнчү мамлекеттерден инвесторлор тартылат. Завод бажы жеңилдиктерин да ала алат. Ахматов өлкөдө электромобиль чыгаруу жолго коюлса, аларды жеңилдетилген шартта ташып кирүү үчүн квотага муктаждык болбой каларын кошумчалады. Белгилей кетсек, Кыргызстанга электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасы 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлгөн.
Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна күнүнө 100 миңден киши келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өткөн Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын бет ачарында билдирди. Анын айтымында, оюндар өткөн күндөрү аталган жайлоого 500дөн ашуун боз үй тигилип, жети облус, Бишкек жана Ош шаарлары, ошондой эле коомдук бирикмелер болуп 15ке жакын шаарча болот. Министр мурдагы оюндардагы кемчиликтер эске алынып, быйыл даараткана, канализация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар салынып жатканын белгиледи. Алар келген коноктордун баарын тейлөөгө эсептелген. Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы 31-августта "Бишкек Арена" стадионунда өтөт. Андан кийинки спорттук мелдештер жана маданий программа Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтөрү айтылган. Баса, ачылышына билеттер сатыла баштады.
АКШ вице-президенти Жей Ди Вэнс Владимир Зеленскийди Каспий түтүк консорциумунун объектилерине жасалган чабуулду токтотууга чакырды. Бул тууралуу эки өлкөнүн кызмат адамдарына таянуу менен Financial Times жазды. Мурдараак Blooomberg АКШ Украинадан Кара деңизден өткөн Россияныкынан башка кемелерге сокку урбоону талап кылганын кабарлаган. Мында кеп Казаакстандын мунайын ташыган танкерлер тууралуу жүрүүдө. Маалыматта Киев айласыз макул болгону айтылган. FT маалыматы боюнча, Зеленский менен Вэнс чабуул тууралуу маселени 31-июлдагы сүйлөшүүлөрдө талкуулашкан. Андан соң Киев танкерлерге сокку урбаганы белгиленди. Каспий түтүк консорциуму казак мунайы өткөн негизги маршрут, ага өлкө экспортунун 80 пайызы туура келет. 1,5 миң чакырымдык түтүк Казакстандын батышындагы кендер менен Кара деңизди байланыштырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0