Бир тонна бешбармак менен 110 метрлик чучук кантип даярдалды. Видео

Жазылуу
Бишкекте бир тонна бешбармак менен 110 метрлик чучук даярдалды

Борбор калаадагы "Аю гранд комфорт" соода борборунун алдында өткөн иш-чаранын негизги максаты — бешбармакты Гиннестин рекорддор китебине киргизүү.

Белгилей кетсек, бешбармакка керектелчү 8 жылкынын этин уюштуруучулар кечээ, 10-мартта бышырышкан.

Эске салсак, алгач активисттер иш-чараны шаардын борбордук аянтында өткөрүүгө ниеттенишкен. Бул жерде каалоочулардын баары даярдалган тамактан ооз тие алышмак. Бирок шаар муниципалитети санитардык нормалар менен коопсуздук чараларынан улам "Ала-Тоо" аянтына өткөрүүгө тыюу салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0