JFC видеосу: кулап түшкөн Батыров, тумшук жарган соккулар

Жазылуу
Кечээ, 9-декабрда, Кожомкул атындагы спорт ордосунда JFC ММА 3 - 2017 турнири өттү

Турнир JFC MMA 3 по боям без правил в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Муунган, оңкосунан түшкөн, жымыйган мушкерлер. Бишкектеги JFC турнири сүрөттө
Жалпысынан 12 беттеш болду. Анда Кыргызстандын "Жаш-Күч" жана Чеченстандын "Ахмат" спорттук клубдарынын мелдештик жолугушуусу болуп, мушкерлер 4Х4 форматында беттешти. Тагыраагы, эки клубдан төрттөн, жалпы 8 мушкер күч сынашты. Анын жыйынтыгында кыргызстандык "Жаш-Күч" клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетип, мыкты аталды.

Кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев менен украиналык Юрий Проценко JFCнин чемпиондук куру үчүн ат салышып, тилекке каршы, Мамасалиев атаандашынан "муунтуу ыкмасынын" негизинде утулуп калды.

Эл аралык турнирге Орто Азия, Украина, Россиянын спортчулары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0