00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спилили любимый тополь - случайно или по науке? Фитопатолог о логике решений
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Фатима Серазиева: “Анна Германдай ырдасам деп кыялданчумун”
17:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Закон или справедливость: в чём евразийское мышление расходится с западным
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Опись имущества в аренде: зачем она нужна и как правильно её составить - советы юриста
20:06
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Климакс: белгилери, кооптуулугу жана алдын алуу жолдору
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Буту жок бала футбол ойноп интернетти жарды. Таланттуу Азистин тарыхы

Жазылуу
Жакында эле социалдык тармактарга бир буту жок, таяк таянган жаш бала топту жерге түшүрбөй ойноп жаткан видео тарап, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

Дал ушул майып футболчу баланы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таап ал тууралуу кызыктуу сюжет жасоону туура көрдү. Баланын аты Азис Давранов экен.

Азистин апасы менен сүйлөшсөк "Арча-Бешик конушунда турабыз" деп калды. Аталган конушка барып жолду таппай жүрсөк Азис агасы менен алдыбыздан тосуп чыкты. Бир көргөндө эле маңдайы жарык, кичипейил бала экенин байкадык. Үйгө жеткиче атасы майда-чүйдө буйрутма менен курулуш тармагында иштээрин, апасы балдарын карап үйдө экенин айтып келди. Ал эми Азистин апасы Венера Давранова баласы 7 жашка чейин дени-карды соо экенин, бирок 1-класска бараарына 20 күн калганда экөө жол кырсыгына кабылганын айтып берди.

"Бир күнү баламды ээрчитип алып жумушка бара жаткам. Бах менен Түштүк Магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада турсак, катуу ылдамдыкта келе жаткан маршрутка келип баарыбызды сүзүп кетти. Көзүмдү ачып карасам жанымда балам жок, ары жакка ыргып, эти эле кармап турбаса бир буту жулунуп кетиптир. Ооруканадан дарыгерлер анын бутун операция жолу менен алып салыш керектигин, болбосо балабыздын өмүрүн сактап кала албай тургандыктарын айтышты. Баарына макул болдук. Ошондон улам балама жасалма бут салышты", — деди Азистин апасы.

Азыр Азис 6-класста окуйт. Мектепке бараарда жасалма бутун кийип алат. Бирок аны кечке кийип жүрө албайт. Эң көп дегенде 4-5 саатка такса болот экен. Азис бир бутум жок деп эч качан маанайын түшүрбөйт, тескерисинче ата-энесине күч-кубат берип, алдыга койгон максаттарына талпынып келет.

Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт - Sputnik Кыргызстан
Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт
"Мен мектепке барганда да, балдар менен топ ойноп жүргөндө да бир бутум жок деп кейибейм, кемсинбейм. Азыртадан жакшы окуп, чоңойгондо тасма тарткан режиссер болсом дейм. Мындан тышкары, кайрымдуулук фонд ачып балдарга жардам бергим келет. И баса, чоң кафе ачып байкемди ал жакка ашпозчу кылам. Анткени ал ушул кесипке кызыгып жүрөт", — деди Азис.

Азисти мектепке байкеси Элдар жетелеп барат. Ал инисин дайыма жанынан чыгарбай сүйөп-таяп турган тоосу. Футболго да байкеси аркылуу кызыгып калып, эми экөө тең көчөсүндөгү мыкты оюнчулардын катарында.

Жаңылыктар түрмөгү
0