Назаровдун кызы кабылган кырсык: милициянын куугуну видеого түшүп калган

Жазылуу
Бишкекте 19-августта эки адамдын өмүрүн алып, мотоциклдин жүргүнчүсүн комага түшүргөн жол кырсыгы катталган

Юлия — Бишкектин борборундагы 19-августта катталган жол кырсыгында каза тапкан мотоцикл айдоочусунун эжеси. Ал инисинин артынан кууган жол күзөт машинасы тасмага түшүп калганын жана ал видео анын колуна тийгенин Sputnik Кыргызстандын кабарчысына айтып берген.

Мотоцикл менен Toyota Passo унаасы 19-августта Чүй проспекти жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып, 21 жаштагы мотоциклчен адам жан берген. Ал эми унаадагы үч жаш жигит ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган. Көп узабай унаанын алдында отуруп жабыркаган жүргүнчү каза болгон.

Катуу келе жаткан жол тандабас маршрутканы кагып салды. Кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Катуу келе жаткан жол тандабас маршрутканы кагып салды. Кырсыктын видеосу
Мотоциклдин жүргүнчүсү — профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы катуу жабыркаган.

Күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына билдиргендей, мотоциклдин артынан Кайгуул милиция кызматкерлери кызматтык унаасы менен кубалаган. Мотоциклчен киши качуу максатында катуу баратып, жеңил машина менен сүзүшкөн.

Ал эми ШИИБдин маалымат кызматы күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери түнкү 01.30дар чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө катуу ылдамдык менен бараткан мотоциклди байкашканын белгиледи.

"Милиционерлер ошол багыт боюнча баратып жол кырсыгы катталганын көрүшкөн", — деп башкармалыктан билдиришти.

Кырсык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Маркумдун бир тууганы Юлия достору менен биргеликте кырдаалды өз алдынча териштирүүгө белсенген.

Алар кайгуулчулар мотоциклдин артынан кубалаган жолдордун боюндагы бардык ишканаларды кыдырып, айрымдарынын видео байкоолоруна түшкөн тасмаларды ала алышкан. 

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектин борборундагы 19-августта катталган жол кырсыгында каза тапкан мотоцикл айдоочусунун эжеси
Юлия — сестра мотоциклиста, погибшего 19 августа в ДТП в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы 19-августта катталган жол кырсыгында каза тапкан мотоцикл айдоочусунун эжеси

"Жол кырсыгынан кийин милициянын бир өкүлү, ысымын так билбейм, интервьюда мотоцикл катуу баратканын, күзөт машинасы анын артынан түшкөнүн айткан. Токтотуш үчүн кубалабастан, артынан аңдыган, андан соң, таптакыр өз иштери менен узап кеткенин билдирген", — деп эстейт маркумдун эжеси.

Видеодо көрсөтүлгөндөй, мотоциклист аркасындагы жүргүнчүсү менен орточо ылдамдыкта Манас проспекти менен ылдый айдап бараткан. Жолдун башка тарабынан милициянын унаасы чыгып, эки сызыктуу туташ жолду кесип өтүп, жалтылдаган маягын жандырып, жаштардын аркасынан түшкөн.

Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе көчөсүндө жүргүнчү ташыган маршрутка жолдон оодарылып калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке жакын жерде жүргүнчү ташыган маршрутка ала салды. Жабыркагандар бар
"Кийинки тасмада Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде милициянын унаасы мотоцикл менен бир катарга келип, арык тарапка кысканы көрүнөт. Андан соң алар бирге Киев көчөсүнө бурулган", — деди маркумдун эжеси.

Андан кийин мотоцикл күзөт кызматкерлеринен кутулат. "Бишкек парк" соода борборунун видео каттагычына түшкөн тасмада сары түстөгү күйүп өчкөн жол чырактан Исанов көчөсү менен келе жаткан мотоцикл абдан катуу ылдамдыкта өтүп кетет. Аркасынан күзөт кызматынын унаасы да катуу айдап бараткан.

Юлия камералар тартып алган тасмаларды берген жайларды атоодон баш тартты.

"Жол кырсыгынан кийин милиция адамдарды "ашыкча маалыматты айтпагыла" деп коркуткандыгы жөнүндө кеп жүргөн. Биз болсо колубуздан келген материалдарды топтодук. Калган жерлердин баары бизге көмөктөшүүдөн баш тартышты — кээси видеону эбак өчүрүп салганын айтышса, айрымдары ал маалда камералар өчүк болгонун билдиришти. Колубузда болгон тасма ушул", — дейт жакынын жоготкон кыз.

Ал ошондой эле жол кырсыгын көргөн көптөгөн күбөлөр менен да байланышкан. Алар мотоцикл менен унаа кагышаар замат Кайгуул милициясы изин жашырып кеткенин билдиришкен.

"Күбөлөр айткандай, күзөт машинасы сиренасын өчүрүп алып узап кеткен. Алар "Ала-Тоо" аянты же Ош базары тарапка багыт алганын айтышты. 10 мүнөттөн кийин башка бир күзөт унаасы кырсык болгон жерге келген экен", — деп маркумдун бир тууганы билдирди.

Жол кырсыгы болгон жердеги тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Генерал Чотбаев кабылган жол кырсыгында эки киши каза тапты
Анын айтымында, кырсык болгон жерге топтолгон эл адегенде мотоциклди кыз айдап жүргөн го деп ойлошкон. Анткени эки унаа ушунчалык катуу сүзүшкөндүктөн, жигит Чүй проспектисиндеги бадалдар арасына ыргып кеткен. Аны кийин гана байкашкан.

"Үйдөн өзүм узаткам, сүйлөшкөн кызы менен сейилге чыккан. Белине тагылчу байкер баштыгында капчыгы бар эле. Иним ошондо менин көзүмчө аны ачып текшерген, — паспорт, техпаспорт жана айдоочулук күбөлүгү бар болчу. Өлүкканада баштыгы жанында экен, аны чечип, ары жакка алып коюшуптур. Бирөө ачыптыр, анткени, документтери ичинде жок экен. Күбөлөр кырсык болгон жерде белинде сумкасы болгонун айтышат", — деди Юлия.

Маркумдун жакыны кырсыкка себепкерлерди тапкысы келет.

"Күнөөлүүлөрдү, ошол күзөт машинасын тапкыбыз келет. Алар эмнеге жашырынып алып жалган көрсөтмөлөрдү берип жатышат? Күнөөлөрү болбосо жашынышмак эмес да. Эгер иним жол эрежесин бузган болсо, дароо ачык эле "ооба, мыйзам бузуу бар, ошондуктан алардын артынан кубаладык" дешмек да, чынбы?— деди кыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн билдирди. 

© Sputnik / Алимджан ВалиевШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов
Глава пресс-службы ГУВД Адыл Оморов - Sputnik Кыргызстан
ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов

"Анын жыйынтыгында милиционерлер тергөө маалында иштен четтетилди. Кандай эреже бузуулар экендигин прокуратура иштин материалдарына юридикалык баа берген соң гана билдиребиз", — деди Оморов.

Белгилүү болгондой, Орзубек Назаровдун 17 жашар кызы Аделина кырсыктан кийин комага түшүп калган. Ошол эле күнү анын атасы кызга кан керек деп кыргызстандыктарга кайрылган. 21-августта спортчу кол сунган мекендештерге ыраазычылык билдирген.

31-августта Аделина эсине келип, көзүн ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0