БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек — Токмок жолунда болгон автокырсыкта эки киши каза таап, жети киши жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга Саламаттыкты сактоо боюнча Чүй облустук бөлүмүнүн координатору Бактыгүл Мамытова билдирди.
Жол кырсыгы Чүй облусунун Ивановка айылына жакын айланма жолдо болгон. Жол тандабас Toyota Land Cruiser жеңил унаага барып урунган. Кырсыктан эки киши каза таап, жети киши жабыркаган.
Жолтандабасты генерал Абдыгул Чотбаев айдап бара жаткан.
"Мен өз жолум менен келе жаткан элем, каршы жактан болжол менен 10-15 метр аралыкта жеңил унаа чыкты. Анан кырсык болуп кетти", — деп билдирген ал буга чейин.
Мамытованын айтымында, жарадар болгондорго медицианалык алгачкы жардам көрсөтүлүп, андан соң Ысык-Атадагы райондук ооруканага жеткирилди.
Учурда кырсык болгон жерде милиция жана дарыгерлер тобу иштеп жатат.
Чүй облустук кайгуул милициясынан кырсыктын себептери такталып жаткандыгын билдиришти.