Орзубек Назаровдун жол кырсыгынан жабыркаган кызына кан керек

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17 жаштагы Аделина Назарова өзүнө келе элек

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгынан жабыркап, ага кан керек болууда. Бул тууралуу ал өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

19-августка караган түнү болжол менен саат 1.30дарда Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинде мотоцикл менен Toyota Passo унаасы кагышып кеткен - Sputnik Кыргызстан
Түндө каза болгон мотоциклчендин артынан куугун болушу мүмкүн. Кырсыктын чоо-жайы
17 жаштагы Аделина Назарова 19-августта түндө Бишкектин чок ортосунда болгон жол кырсыгынан жабыркаган. Ал жеңил автоунаа менен кагышкан мотоциклдин артында отурган. Мотоциклди айдап бараткан 21 жаштагы бала каза болуп, машинанын ичиндеги кишилер түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Назаровдун айтымында, кызы Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда, абалы оор, өзүнө келе элек.

"Аделинанын кан тобу биринчи. Бирок дарыгерлер ага бардык топтогулар жардам бере аларын айтышты. Болгону буга чейин олуттуу оорулар менен оорубаган жана дем алыш күндөрү ичимдик ичпеген болушу керек. Бизге жардам берем дегендер дүйшөмбү күнү Чыңгыз Айтматов жана Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги кан борборго барышса болот", — деди Назаров. 

Күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришкендей, кайгуул милициясы катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди артынан кууган. Ошентип алар жеңилавтоунаа менен кагышкан.

Шаардык милициянын маалымат кызматы түнкү саат 1:30дар чамасында Тоголок Молдо көчөсү менен катуу ылдамдыкта бараткан мотоциклди инспекторлор байкаганын билдирди.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0