Кемпирдин 7 жыл бою батирде баккан жолбун иттери чыгарылды. Үрөй учурган кадрлар

Жазылуу
Бишкектин борборундагы көп кабаттуу үйдүн тургундары батирлердин бириндеги каңылжаар жарган жыт жана тынчтык бербеген ызы-чуудан улам тийиштүү мекемелерге арызданышкан. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жана колумнисти Максат Элебесов батиринен 14 ит чыгарылган пенсионердикинде "мейманда" болду.

Шаршемби, 2017-жылдын 2-августу. Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үй. Сегизинчи кабат.

— Эшикти ачыңыз, сот аткаруучулар. Батириңизден иттерди чыгарышыбыз керек.
— Ачпайм! Иттеримди да силерге бербейм, аларды сатпайм!

Карылар үйүнүн тургуну - Sputnik Кыргызстан
Энемди көмгөнгө убактым жок! "Дөөлөттүү" карылыктын 3 түрү
75 жаштагы Фердауса Зернованын бир бөлмөлүү батиринин тушундагы тепкич аянтчасында 15тен ашуун киши чогулду — коңшулары, милиция, Биринчи Май акимиатынын, Санэпидстанция, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын, "Бишкексууканалдын" кызматкерлери жана сот аткаруучулар. Баары соттун өкүмүнө жараша пенсионердин үйүнөн иттерди алып чыгуу аракетинде.

Милиция жана сот аткаруучулар эшикти ачууга көп күч жумшады. Себеби, жылуу сөзгө кемпир дегеле көнбөдү, акыры каалганын кулпусун бузуп кирүүгө өтүштү. Соңунда кемпир "чакырылбаган конокторду" үйүнө киргизүүгө аргасыз болду. Каалга ачылганда эле саңырсыган жыт мурунду жарып, тургандардын көбү баш багууга даабады. Ошончо киши алдына кемпирдин ич кийимчен чыгышы да алардын кыжырына тийди. Жылаңайлак улгайган аял бир нече ирет иттери "булгаган" полдо тайгаланып жатты.

"Ушундай эле жыт менин батиримде да бар. Иттердин заарасы дубалдардан агат", — дейт алдыңкы кабаттагы мырза. Ал өз үйүнөн көчүп, башка батир ижаралоого аргасыз болгон. Башка коңшулар чыдоого, бирок лифт күткөнчө мурундарын алакан менен тосууга мажбур.

Батирге алгач "Тазалыктын" кызматкери кирди. Кишен катары зымды колдонуп, бир итти алып чыгууга ашыкты эле пенсионер аны куткарып калам деген курулай аракет менен жандыкка жармашты. Бирок улгайган аялдын кыйкырганына, каргап-шилегенине карабай итти алып чыгып кетти. Андан кийин тырышканды токтотуп, кемпир келгендерди батирде башка ит калбаганына ынандырууга өттү.

Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал - Sputnik Кыргызстан
Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал
Колуна бычак ала бир саамга чочулаган адамдарды кубалай эшикти жабууга батынды эле, жабылып бараткан каалга алдына коңшулары жыгач балканы кое калышты. Алдыңкы кабаттагы коңшусу милиционер менен бирге кемпирдин колунан үч бычакты күч менен алган соң, иттерди издөө улантылды. Бул убакта да пенсионер коңшулары менен урушкандан чарчабады. "Тазалыктын" курган кызматкери сегизинчи кабаттан тепкич аркылуу бир иттин артынан экинчисин түшүрүп жатты. Айрым иттер андайды көтөрө албай, подъездден чыкканча эле жан берип ийишти. Жандыктарды Volkswagen Passat унаасына жүктөштү. Анын жүк салынуучу бөлүгүнө сегиз өлгөн ит салынып, алардын сөөгүнүн үстүнө алты күчүгүн коюшту.

Аягында пенсионер кийинип, колуна сумкасын көтөрө сыртка чыгып, коңшуларын тилдеп-сөгүп жатты. Ал эми алар Фердауса Зернованын бул үйдөн таптакыр чыгарууну соттон талап кылууга ниеткер экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0