Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "Боштондук, боштондук" деп кыйкырышты

Жазылуу
Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишин карады.

Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары иш менен таанышууга убакыт тар болуп жатканын жүйө келтирип, ишти кароого убакыт сурашты. Себеби, атайын органдар иш менен таанышууга убакытты чектеп койгон.

Пресс-конференция президента КР Алмазбека Атамбаева по итогам 2016 года - Sputnik Кыргызстан
Текебаевдин жактоочулары сотко Атамбаевди күбө катары чакыруу талабын койду
Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу Текебаев жана анын жактоочулары иш менен таанышууну создуктуруп жаткандыктан ушундай кадамга барганын айтты.

Сот ишине төрагалык кылган судья Айбек Эрнис уулу тараптарга 8-июнга чейин убакыт берди.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иш козгогон. Аталган кылмыш иштин алкагында Чотонов дагы камалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0