00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
15:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
«Огонь памяти» в Кыргызстане: лампады от Вечного огня доставили в Бишкек и Ош
16:06
29 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:35
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады

© Фото / UWW / Kadir CALISKANКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Европанын эки жолку чемпиону, латвиялык Анастасия Григорьева менен мелдеши
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Европанын эки жолку чемпиону, латвиялык Анастасия Григорьева менен мелдеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык спорттук уюм узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, өткөрүлгөн мелдештердеги жагымдуу учурларды эскерет.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Айсулуу Тыныбекованын Дүйнө кубогу мелдешинин финалынан кийин атаандашынын көңүлүн жубаткан аракетин 2020-жылдагы эң жагымдуу учур деп атады. Эл аралык уюм расмий Instagram баракчасында узап бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, жагымдуу учурларды эскерген. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Тизмени UWW уюмунун видео адиси жана дизайнери Хелена Куртис түзгөн.

"Тыныбекова килемге эң жогорку даярдыкта келип, Дүйнө кубогун утту. Финалда ал латвиялык Анастасия Григорьеваны жеңип алды. Атаандашын көтөрүп чаап уткан соң жеңишти майрамдап чуркап кетип калуунун ордуна, килемге катуу түшкөн атаандашынын ден соолугун сурап, анын көңүлүн жубатты. Бул анын мыкты спортчу эле эмес, бийик адамгерчилигинен кабар берет", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюму буга чейин Айсулуунун финалда атаандашын көтөрүп чапкан ыкмасын мыкты деп атап, окуянын видеосун Instagram баракчасына жарыялаган болчу.

Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы - Sputnik Кыргызстан
Биринен өтүп бири сулуу... Белгилүү балбан кыздардын майрамдык сүрөттөрү
Айсулуу Тыныбекова аталган турнирде төрт кармаш өткөрүп, бардык атаандаштарын таза артыкчылык менен уткан. Жалпы эсеп 47:2 болгон. UWW уюму муну эске алып, кыргыздын балбан кызын Дүйнө кубогундагы мыкты спортчу деп тапкан.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Сербияда өткөн жекелик Дүйнө кубогу мелдешинде 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова чемпион болуп, алтын медаль тагынган. Финалда кыргызстандык балбан кыз Европанын эки жолку чемпиону, латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0