Конор Макгрегор кайрадан карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салды

© REUTERS / Steve Marcus / File PhotoМурдагы UFC жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив
Мурдагы UFC жеңил салмактагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер былтыр мартта дагы карьерасын жыйынтыктап жатканын айтып, бирок кайра бир жумадан кийин спортко кайтканын билдирген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор карьерасын жыйынтыктап жатканы тууралуу кезектеги билдирүүсүн таратты.

Спортчу мындай билдирүүсүн Twitter-аккаунтуна жазып, энеси менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

"Салам, достор. Мен беттештерди токтотууну чечтим. Эсте калган учурларым үчүн сиздерге ыраазычылык. Бул эмне деген жол эле! Апам экөөбүздүн бул сүрөтүбүз Лас-Вегастагы мен чемпион болгондо тартылган. Эмнени кааласаң ошонун баары аткарылат", — деп жазган спортчу.

Ирландиялык мушкер былтыр мартта дагы карьерасын жыйынтыктап жатканын айтып, бирок кайра бир жумадан кийин спортко кайтканын билдирген.

Макгрегордун соңку кармашы быйыл 19-январда Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде өтүп, беттештин 40-секундасында америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен жеңип алган.

Конор бир ай мурда америкалык боксчу Оскар Де Ла Хойянын беттешүү чакырыгын кабыл алганын билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0