БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор америкалык Дональд Серронени утуп кезектеги рекордун койгонун жар салды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Макгрегор бүгүн, 19-январда, Лас-Вегастагы UFC 246 турниринде биринчи раунддун 40-секундасында Серронени техникалык нокаут менен жеңип алды.
"Мен кайтып келдим. Бүгүн кезектеги рекордумду коюп, тарыхка кирдим. Мен UFC тарыхында 66, 70 жана 77 килограмм салмак категориясында атаандаштарын нокаут менен уткан алгачкы мушкермин. Өтө кубанычтамын, сыймыктанып жатам", — деди мушкер.
Макгрегор октагонго бир жарым жылдан кийин кайтып келди. Соңку беттешинде россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп, чемпиондук кур тагынбай калган.