08:47 21 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8310
  • EUR79.8168
  • RUB1.0647
Көк бөрү боюнча өтүп жаткан өлкө чемпионаты

Көк бөрү чемпионатынын 2-күнүндөгү жеңүүчүлөр жана эртеңки программа

© пресс-служба ГАМФКиС
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын көк бөрү чемпионаты (11)
343 0 0

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтүп жатат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өтүп жаткан өлкө чемпионатынын экинчи күнү Бишкек, Жалал-Абад жана Ысык-Көл командаларынын жеңиши менен аяктады. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектин командасы Ош шаарынын улакчыларын 6:4 эсебинде, Жалал-Абад командасы Нарын облусунан баргандарды 10:1 упай менен утту. Ал эми Ысык-Көлдүн чабандестери Баткендин көк бөрүчүлөрүн 23:4 эсебинде караандатпай жеңип алган.

Ал эми эртең, 31-октябрда оюн талаасына төмөнкү командалар чыгат:

10:00 – 11:30 — Чүй облусу менен Ош шаары;

11:30 – 13:00 — Ош облусу менен Нарын облусу;

13:00 – 14:40 — Талас облусу менен Ысык-Көл облусу.

Көк бөрү чемпионаты Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтүп жатат. Финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот. Мында өлкөнүн жети облусу жана эки шаарынан куралган тогуз команда күч сынашууда. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.

Оюндар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган. Мындан сырткары, жамбы атуу, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдеш уюштурулат.

Тема:
Кыргызстандын көк бөрү чемпионаты (11)

Тема боюнча

Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатына Ниязовдор катышпай калды. Себеби
Көк бөрү чемпионаты: биринчи күндүн жыйынтыгы жана эртең чыкчу командалар
Белгилер:
жеңиш, чемпионат, Көк бөрү, Ош
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ