Токмок жеген мушкер үчүн кечирим сурадым. Рефери Мирбек Буларкиевдин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык WEF уюмунун эл аралык даражадагы калысы Мирбек Буларкиев
Кыргызстандык WEF уюмунун эл аралык даражадагы калысы Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык WEF уюмунун турниринде мушкерлерди октагон ичинде тескеген орто курактагы сүрдүү жана олбурлуу кишини көрүп жүрсөңүздөр керек. Ал рефери — Мирбек Буларкиев.

Буларкиев эл аралык даражадагы калыс. Карьерасында миңден ашык мелдешти тейлеген. Эки тизгин бир чылбырды кармап, кросс-фит боюнча машыктыруучулукту аркалайт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова эрежесиз эр урушта калыстык кылуудагы жоопкерчилик жана иш учурунда сүйүнткөн, өкүнткөн учурлар тууралуу билип көрдү.

— Спортчулардын үй-бүлөсүнөн чыккансызбы?

— Ата-энем башталгыч класста окуп жүргөндө эле дүйнө салган… Караколдо чоңоюп өстүм. Агамдын баласы машыкчу. Анын аркасы менен мен дагы бокско барып, мелдештерге катыштым. Спортту кечирээк баштадым десем болот, анда мен 21 жашта элем. Ал убакта советтер союзу тарап, спорт тармагы аксай түштү. Ачык айтканда айрым спортчулар жаман жолго түшүп, ичип чегип, машыктыруучулук штаб каралбай калды. Көбү иштегени сыртка чыгып кетти.

2002-жылдары кайрадан спортко кайтып, машыктыруучулук жана ММА калысы ишин колго алдым. Буюрса төрт жылдан кийин элүүгө чыгам. Бул куракта ардагерлер арасындагы турнирге катышууну пландап, даярдык көрүп баштадым.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков46 жаштагы Мирбек Буларкиев кыргызстандык WEF федерациясынын эл аралык даражадагы калысы
Рефери международного уровня смешанных единоборств Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
46 жаштагы Мирбек Буларкиев кыргызстандык WEF федерациясынын эл аралык даражадагы калысы

— Реферилик ишти кантип тандап калгансыз?

— Эч качан спортчуларды тескейм деп ойлогон эмесмин. Мелдештердин биринде Вале-тудо (аралаш мушташтын бразилиялык түрү. — ред.) федерациясынын президенти Эмил Токтогонов "жашыңыз улуу экен, спорттон алыс эмес адамсыз, рефери боло аласыз" деп күтүүсүз жерден рингге чыгарып жиберди. Биринчи чыкканда абдан толкунданып, сарсанаа болдум. Башкарып жатканда ката кетирип алып мушкерлерден кечирим сурагам. Кийинки мелдештерде баш тартайын дегем, бирок Токтогонов мен жалгыз жетишпей жатам деп көндүрдү. Ошентип иштеп жүрүп эл аралык даражадагы калыс наамын алдым.

— Калыстык иш оор экендигин мелдештерде көрүп жүрөбүз. Айрым мушкерлер айтканды укпай өзүм билемдикке салып жиберишет…

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
— Спорттук рефлекс күчөп кетсе адам токтоно албай калат. Белги берсең урганын же тепкенин койбогон спортчуларды күч менен жөнгө салган учурлар болду. Оюндун жыйынтыгына нааразы болуп мушташкан да күндөр өткөн. 10 жыл мурда Жалал-Абаддагы Барпы атындагы театрдын ичиндеги турнирде жаңжал чыгып кетип, аны ынтымак менен чечишкенбиз. Мурда ММА десе такыр эле аоёсуз кармашты элестетишчү да, спортчуларды убагында токтотуу кыйын болчу. Эми азыр түшүнүктөр өзгөрүп калды. Акыркы жылдары Кыргызстанда спорттук лигалар көбөйүп жатат, андыктан спортчулар эрежени жатка билип калды.

— Спортчуларды башкаруу үчүн курч мүнөз, же кара күч керекпи?

— Сый керек. Буйрук берилгенден кийин угуу зарыл. Бир жолу Казакстандагы турнирде мушкер тил албай жатканда көтөрүп чаап, муунтуу ыкмасын жасагам. Бирок өзүм сөгүш алдым. Себеби калыс андай учурда жаңсоо же акырын түртүү ыкмасы менен тейлейт. Өзүм машыктыруучу болгондуктан балдар улууларды урматташ керек деген ой ар дайым жашайт. Кудай сактасын, мага кол көтөрүп мушташкан балдар болгон жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековРефери Мирбек Буларкиев: карьерамда миңден ашык беттешти тескедим
Рефери международного уровня смешанных единоборств Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Рефери Мирбек Буларкиев: карьерамда миңден ашык беттешти тескедим

— Спортчулардан кайсыл учур үчүн кечирим сурайт элеңиз?

— Биздин максат балдардын ден соолугун сактоо. Мен кээде балдар жаракат албасын деп беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотуп коём. Ага нааразы болгондор да бар. Бирок рефери деле коркунучту сезет. Жеке оюмда спортчулар токмок жеп саламаттыгын талкалагандан көрө даярданып кийинкилерине чыкканы оң.

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
Былтыр өзбек мушкери "менин беттешимди эртерээк токтотуп койсоңуз болмок" деп кейиген. Ага мелдеш учурунда катуу сокку өтүп, өзүн жогото түшүптүр. Кечирим сурагам.

Он жыл мурда, тагыраагы ММА жаңы жанданып келе жатканда нокаутка кеткен балдар көп болду. Мындай оор учурда Токтогонов жардам берчү. Анын медициналык билими бизди да тажрыйбалуу болууга үйрөттү. Кээде дарыгерден мурда биринчи жардам көрсөткөнгө туура келет.

— Интернеттен кыргыз мушкерлеринин мурдагы видеосун көрсөм, колуна жука кол кабы, же бинти жок жылаңач, башкача айтканда көчөдө жүргөнсүп мушташчу экен.

— Аралаш мушташтын бразилиялык вале-тудо версиясында эреже ошондой болчу. Далай спортчу ошол жолдон өткөн. Кол кабы жок сокку абдан катуу тиет. Финалда беттер жанчылып калчу. Кийин эле шингарт (манжалары ачык кол кап) кийип башташты. Анын үстүнө балдар мушташуу ыкмасын билбей көбүнчө муштумду колдончу. Азыр өзүңөр көрүп тургандай кайруу, муунтуу ыкмаларын колдонуу менен жеңип жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБуларкиев: Биздин максат балдардын ден соолугун сактоо. Мен кээде балдар жаракат албасын деп беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотуп коём
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Буларкиев: Биздин максат балдардын ден соолугун сактоо. Мен кээде балдар жаракат албасын деп беттешти мөөнөтүнөн мурда токтотуп коём

— Ошол учурда ырчы, бийчинин коштоосунда өзгөчө шоу менен чыгышчу экен.

— Мурда мушкерлердин саны азыраак болгондуктан, жарымын шоу концерт кылып жиберишчү. Адатта циркте өтчү. Азыр ар бир салмакта атаандаштык күч.

— ММА элди шоу менен кызыктырат. Ошол эле учурда аны "аоёсуз спорт, жаракат көп аласың" деп жактырбагандар да бар. Жеке өзүңүз кандай көз караштасыз?

— Спортто жаракатсыз жүрүү мүмкүн эмес. Жадакалса ММАде сынбаган жаак, футболдо сынып жатпайбы. Ар бир спорт түрүнүн күңгөй тескейи бар. ММАдин өнүгүшү кыргыз спортчуларын дүйнөгө таанытып жатат деп ойлойм. Биз эч кимди кыйнаган жокпуз, балдардын каалоосу күч болгондуктан катышып жатышат да.

— Бирок эрежесиз уруштун деле эрежеси бар да?

— Албетте. Аралаш мушташ болгондон кийин спортчулар дененин бардык бөлүгүнө сокку узатып, күрөшөт. Бир гана жыныстык мүчө менен кара кушка урганга болбойт. Эгер спортчу атаандашына мөөнөтүнөн мурда багынам десе, октагондун полун колу менен чаап белги берсе болот. Кээде секунданттары баш тартуу иретинде сүлгү ыргытат. Кээде өзүбүз мушкердин алсыздыгын, коркоктугун же дарманы келбей калганын байкасак, токтотуп салабыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековАл Екатеринбургдан кросс-фит боюнча окуп келип борбордогу "Bisport Gym" залында кроссфиттен да сабак берет
Рефери международного уровня смешанных единоборств Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Ал Екатеринбургдан кросс-фит боюнча окуп келип борбордогу "Bisport Gym" залында кроссфиттен да сабак берет

— Мен өзүм эрежесиз урушту сүйүүчүлөрдүн катарындамын. Аталган спортту канчалык аёосуз дешпесин, ар дайым таламын талашып келчүмүн. Бирок быйыл жазында өткөн Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун кармашы бир аз оюмду өзгөрттү. Проценконун жанчылган мурдун көрүп боорум ачып, шоргологон канга тик карай албай ичимен беттеш эртерээк бүтсө экен деп тилендим…

— Ооба, чындыгында кан көп кеткен. Бир нерсени айта кетейин, WEF уюмунун жетекчилеринен тарта калыстарга чейин Проценконун машыктыруучусуна келип беттешти токтотууга аракет кылганбыз, бирок ал келишим боюнча спорчуларым аягына чейин кармашат деп макул болгон жок. Элестеткиле, акча төлөнүп жатат деп аягына чейин токмок жешиң керек экен. Ошого карабай жанына бара бергенибизде төртүнчү раундда сүлгүсүн ыргытты (спортто беттештен баш тарттык деген белги. — ред). Менин окуучум болсо мындай нерселерге жол бермек эмесмин.

— Карьераңыздагы эң оор калыстык кылдым деп кайсы мелдешти атайсыз?

— 2015-жылы Кылыч Саркарбаев Грузиянын чемпиону менен беттешип, жыйынтыгында мен Саркарбаевдин колун жеңди деп көтөргөм, чыр болгондо кайра грузинди жеңүүчү дегем. Анан кайрадан упай эсептелип Саркарбаевдин утканы аныкталган. Эртеси журналисттер өзүнө тартып койду деп гезитке чейин жазышкан. Бизде тартуу деген жок, тескерисинче WEF жетекчилери коноктор таарынбай кетсин деп бир аз артыкчылык болсо эле жеңишти ыйгарышат. А биздин спортчулар сыртка барып утулуп калса, чырдабай, арыз жазбай эле келишет.

— Бирок ошентсе деле өзүбүздүкүлөргө жан тартып, биздикилер жеңсе экен деген учурлар болот да?

Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт
— Албетте, атаандаштарын алып ыргытып ийгиң келет. Бир ирет Оштогу мелдеште биздин спортчу атаандаштын астында калып калганда "бир аз чыдап кой" деп айтып жиберип, уюштуруучу тараптан сөгүш алгам.

Негизи мелдеште калыстар октагондун ичинде жана сыртында деп бөлүнөт. Сырттагалар капталга отуруп алып упайды эсептешет, биздин милдет спортчуларга жаракат алдырбай, үйүнө аман-эсен жиберүү. Кыскасы дарыгердин керебети менен эмес өз буту менен кеткени оң. Айрым мелдештерге спортчулардын ата-энеси, туугандары келип, күйөрмандык кылып отурушат. Аларды көрүп ого бетер жоопкерчилик күчөйт.

Мындан тышкары кыз-келиндер арасындагы мелдешти тейлегенден корком. Баарыбызда эне, карындаш, эже бар. Эркектер соккулашып жатса көнүмүш нерсе, кыздарга боорум ачып аяп кетем. Айрым учурда мушташты мөөнөтүнөн мурда токтотуп койгум келет. Бирок кыздар балдарга салыштырмалуу чыдамкай келишет. Мурда бизде ММАге чыккан кыздар көп эле. Азыр профессионалдуу версияда Барчынай Узгенбаева менен Бегимжан Касымова бар. Узгенбаева күрөштөн жакшы болсо, Касымова бокстан жакшы. Эки кызга рахмат гана айтыш керек. WEF уюмунун куруна татыктуу талапкерлер деп айта алам.

Ар бир мушкер медициналык кароодон өтүп, уюштуруучу тарапка "өз ден соолугума өзүм жооп берем" деп кол коюшат. Бирок олуттуу нерселер болуп кетсе калыстардан да сурак алышат. Кудай сактасын, Кыргызстандын тарыхында ММА мушкери каза болду деген жамандык болгон эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековБуларкиев: Оштогу мелдеште биздин спортчу атаандаштын астында калып калганда "бир аз чыдап кой" деп айтып жиберип, уюштуруучу тараптан сөгүш алгам
Рефери международного уровня смешанных единоборств Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Буларкиев: Оштогу мелдеште биздин спортчу атаандаштын астында калып калганда "бир аз чыдап кой" деп айтып жиберип, уюштуруучу тараптан сөгүш алгам

— Көчөдөн мушташкандарды ажыраткан учурлар болду беле?

— Албетте, көнгөн адат калбайт да. Бир жолу борбордогу Жибек жолунда маршуртка айдаган киши менен жеңил унаанын айдоочусу урушуп жатканда арачага түшүп, экөөнү элдештирип жолго салгам. Мындай учурлар көп. Кээси рефери экендигимди таанып, "байке, сиз көчөдө да кызмат кыласызбы" деп күлүшөт.

— Иш моралдык жактан кыйынбы?

— Карьерамда миңден ашык беттешти тейлептирмин. Касапчы деле кой соё берип тажайт да. Мен да бир жумушту аркалап жатып кыйналып кеттим. Өзгөчө мушкерлерден аккан кандын жытына жүрөгүм айланып, кускум келип жүрөт. Жытын кадимкидей сезем. Жадакалса Нарындагы мелдештердин биринде дары ичип, ийне сайдыргам. Спортчулардын алган жаракатын жон терим менен эле сезем десем болот. Азыр мурдагыдай UFC турнирлеринин мелдешин кууп көрбөй калдым. Анткен менен сүйгөн жумуш өзүнө тартып турат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМирбек Буларкиев төрт жылдан кийин элүүгө чыгат. Бул куракта ардагерлер арасындагы турнирге катышууну пландап, даярдык көрүп баштаган учуру
Рефери международного уровня смешанных единоборств Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Мирбек Буларкиев төрт жылдан кийин элүүгө чыгат. Бул куракта ардагерлер арасындагы турнирге катышууну пландап, даярдык көрүп баштаган учуру

— Фитнес залда машыктыруучулук ишти да аркалайт экенсиз.

— Екатеринбургдан бул боюнча окуп келип, борбордогу "Bisport Gym" залында кроссфиттен сабак берем. Буга спортчулардын чыдамкайлыгын, булчуңдарын өстүрүү кирет. Бизде бир көйгөй бар — Кыргызстан спорттук медицинадан аксаганы аксаган. Балдар фармакологиянын эрежесин билип-билбей витаминдерди туура эмес колдонуп келет. Эгер бул көйгөй чечилсе балдардын эл аралык деңгээлде ийгилик жаратышына салымын кошмок.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Келинчегим менен бир кызды тарбиялап жатабыз. Кудайга шүгүр, спортту колдошот.

Жаңылыктар түрмөгү
0