WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам

© Sputnik / Данияр СандыбаевWEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда
WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары "Кулатуу эр таймаш" спортунун деңгээли өсүп, чет мамлекетте WEF (World ertaymash Federation) аталышы менен ордун табууда. Аталган федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

35 жаштагы Руслан Кыдырмышев — таэквандо боюнча кара курдун ээси, кикбокс сүйүүчү, Дүйнөлүк "Кулатуу эр таймаш WEF" федерациясынын президенти, ишкер, меценат жана көп баланын камкор атасы.

—Руслан мырза, сиз WEF федерациясын 2,5 жылдан бери жетектеп аз убакыт ичинде бийик деңгээлге көтөрдүңүз. Бир нерсени ачык айтсаңыз, жетекчиликке спортту түшүнгөн адам болгонуңуздан сырткары ишкерлик дареметиңиз дагы таасирин тийгизсе керек?

Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана: оорудан эптеп бутка турганда апамдан айрылып калдым
— Туура, спорттун таш-талканын чыгарган машыктыруучулардан уучубуз куру эмес. Ошол эле учурда акчасын кайсыл жакка чачаарын билбеген бай адамдарыбыз деле арбын. Биринчи кезекте спортту сүйүш керек деп ойлойм. Федерацияны жетектегенге чейин спортчуларга жардам берип келгем. 2011-жылы аралаш мушташтын бразилиялык версиясы "Валетудо" федерациясынын вице-президенти болгом. 2014-жылдын 3-октябрында "Кулатуу эр таймаш" федерациясына президентикке сунушташканда улуттук спортту дүйнөлүк масштабга чыгаруу оор иш деп жоопкерчилик алгым келген эмес. Айланадагы адамдардын ишеними мага күч болгондуктан акыры макулдугумду бердим.

Кыргызстанда биринчи жолу WEF турнири өткөндө чет элдик кесиптештер "катуу эле дүң болгонсуңар, ошондо бир өткөргөндөн кийин чөнтөктөрү шыңгырап, экинчи кылбас болот деп күлгөнбүз" деп кийин айтып беришти. Баштаган ишти өтөсүнө чыкмайынча жаным жай албаган сапатым бар. Ишкерликте жүргөндөн кийин иштин көзүн жакшы билем. Карызга белчемден батсам да, аягына чыгарам деп өзүмө сөз бергем. Учурда ойлогон максатым ишке ашты деп ойлойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековКулатуу эр таймаштын профессионалдуу беттештери үчкө түрдө өткөрүлөт
Кулатуу эр таймаштын профессионалдуу беттештери үчкө түрдө өткөрүлөт - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кулатуу эр таймаштын профессионалдуу беттештери үчкө түрдө өткөрүлөт
© Sputnik / Табылды КадырбековБеттештин биринчи деңгээли — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global сериясы деп аталат
2/3
Беттештин биринчи деңгээли — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global сериясы деп аталат
© Sputnik / Табылды КадырбековБыйыл спорт сүйүүчүлөр арасында Amateur беттеши киргизилди
3/3
Быйыл спорт сүйүүчүлөр арасында Amateur беттеши киргизилди
1/3
Кулатуу эр таймаштын профессионалдуу беттештери үчкө түрдө өткөрүлөт
2/3
Беттештин биринчи деңгээли — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global сериясы деп аталат
3/3
Быйыл спорт сүйүүчүлөр арасында Amateur беттеши киргизилди

— WEF 2014-жылдан бери 35тен ашык профессионалдуу беттеш өткөрүптүр. Каражат жагы кандай болуп жатат?

— Бул суроо көптүн бүйүрүн кызытат. WEF Global аталышындагы чоң турнирлерди өткөрүүгө 20-30 миң доллар кетет. Башында каржы маселесин чечүү үчүн ар кимден жардам сурап кайрылган учурлар болду. Тилекке каршы, колдоо таба алган жокмун. Ресторан, мейманкана, эмеректерди сатуу багытындагы ишкерликти аркалайбыз. Түшкөн акчанын баарын спортко сарптап жатабыз.

Көбү турнирде сатылган билеттер актап жатат деп айтышы мүмкүн. Билеттин акчасы спорт ордосунун ижарасы менен жарык берүүчү музыканын акчасын жаап берсе, турнирди камсыздады коебуз. Калган каражат өз чөнтөктөн.

© Sputnik / Данияр СандыбаевРуслан Кыдырмышев: Алгачкы жетишкендик катары ар бир турнир Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга катталып, беттештин жыйынтыгы чыгарылып жатат
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Руслан Кыдырмышев: Алгачкы жетишкендик катары ар бир турнир Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга катталып, беттештин жыйынтыгы чыгарылып жатат

— Жеңишке жетип, мыктылыгын көрсөткөн спортчуларга канча каражат бөлүнүп берилет?

— Турнирлер ар бир мушкердин деңгээлине жараша өтөт. Бул коммерциялык сыр деп айтат элем. Биринчи орунда ар бир бала спортчу катары элге таанылып алууну максат кылат.

— Федерацияны дүйнөлүк деген статус менен айтуу башка кеп. Айтылган сөзгө жасалган иштер канчалык деңгээлде туура келип жатат?

— Алгачкы жетишкендик катары ар бир турнир алдын ала Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга катталып, беттештин жыйынтыгы чыгарылып жатат. Sherdog сайтына федерацияны Дүйнөлүк Кулатуу эр таймаш деп отуруу биринчиден узун, экинчиден эл аралык сөз эмес болгондуктан WEF (World ertaymash Federation) деп атап койгонбуз. Максатыбыз — спортчуларыбызды UFC өңдүү белгилүү уюмдар менен келишим түздүртүп, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу.

Кол күрөшүп жаткан эркен жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажолук-2017. Армрестлинг чемпиону Карасартова, суучул Текебаев, фитнесчи Бабанов
Экинчи жетишкендик — чет өлкөлүк беделдүү спортчулардын биздин турнирге катышып жаткандыгы. Үчүнчүсү — турнирди Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Иранда, Россияда бир нече ирээт өткөргөнүбүз. Алдыда дагы бир катар ири шаарларда уюштурабыз деген пландарыбыз бар.

Жакында эле "Бушидо" уюмунун жетекчилиги менен биргеликте турнир өткөрүүнү сүйлөштүк. Алар биздин турнирди Лондондо өткөрүп, дүйнөлүк 85 телеканалдан көрсөтөт. Ал эми бул аралыкта "Бушидо" уюмунун Азияда таанылууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

— Учурда WEFтин турнирине катышуу ар бир спортчунун кыялы болуп калды. Жол-жобосу, ат салышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу тааныштыра кетсеңиз?

— Кулатуу эр таймаштын өзгөчөлүгү — улуттук спорттун түрү. Буга чейин спортчуларыбыз эрежесиз эр мушташка катышып жүргөн. Бирок көпчүлүгү башка өлкөнүн желегин желбиретчү. Азыр тескерисинче, биздин турнирге катышуу үчүн коңшу мамлекеттин гана эмес Европанын да спортчуларынан сунуш түшүп жаткан учур.

#Crossfit

Публикация от Кыдырмышев Руслан Жаманакович (@kydyrmyshev_ruslan) Июн 21 2017 в 3:33 PDT

Профессионалдуу беттештерди биз үчкө бөлүп өткөрөбүз. Алар: тандап алуу — Selection, орто деңгээлдеги мыктылар — Proffight, эң күчтүү мушкерлердики — Global сериясы деп аталат. Быйыл спорт сүйүүчүлөр арасында Amateur беттешин киргиздик. 400–500 кишинин арасынан мыктыларын тандап, кесипкөйлөр арасында ат салышууга мүмкүнчүлүк беребиз.

— WEFте балдар машыга турчу атайын залдар барбы?

— Каалоом болсо Кыргызстан боюнча чоң спорт залын ачып алмакмын. Бирок, анда Кыдырмышев турнирде өзүнүн гана балдарын чыгара берет деген сөз болмок. Азыр спортчуларыбыз беттеш алдында чет мамлекеттен даярданып келип жатышат. Мындан улам жакында эле Чолпон-Атадан жер аянтын алып, ири спорттук база курууну пландап жатабыз. Күчтүү машыктыруучулардын башы биригип, спортчуларга машыгуучу жай ачылат. Буюрса, бир жыл ичинде курулуп бүтөт деген оюм бар.

© Sputnik / Данияр СандыбаевРуслан Кыдырмышев: Максатыбыз — спортчуларыбызды UFC өңдүү белгилүү уюмдар менен келишим түздүртүп, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Руслан Кыдырмышев: Максатыбыз — спортчуларыбызды UFC өңдүү белгилүү уюмдар менен келишим түздүртүп, дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу

— Сиздер өткөргөн турнирлер залдын укмуш жасалгасы, жарык берүүчү музыка, алып баруучунун чеберчилиги, салмакка түшкөн убакта жана рингге аз калганда колдоочулардын коштоосунда чыгуусу, фотографтардын тосуп алышы, кыскасы даярдык дал UFC деңгээлиндей туюлат. Бул албетте, жакшы көрүнүш. Бирок, спортту шоуга айландырып алам деп коркпойсузбу?

— Иштин жеңилине качып кооздугу жок эле өткөрүп койсок болот эле. Спорчуларды чаң баска эски паластарга эле мушташтыра берсек, башка мамлекеттин спорт өкүлдөрүнө сөзгө калабыз. Спортчуларыбыздын таразага түшүү маалында кымбат унаалар менен келип, жыйырмага чукул фотографтардын менен тосуп алып жаткан маалын видеодон көргөн америкалык мушкерлер бизге суктануу менен жазышаар эле. Көбү кайсыл жерде өткөрүлдү деген суроону узатышат. Маселен, Европада шоу үчүн болуп көрбөгөндөй акча жумшалат. Биз дүйнөлүк стандарттан кем калбашыбыз керек деп ойлойм.

— Кайсы бир жылдары борбордогу спорт сарайында сиздер өткөрүп жаткан турнирде "бомба бар" деген жалган маалымат тарап, ишиңиз үзүлтүккө учураптыр. Жетекчинин көзү менен ошол окуя тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

1980-жылы Москвада өткөн олимпиаданын алтын медалынын ээси, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиев: небере кызымдын атын Олимпиада койгом
— Азыр аны эстеген сайын жүрөгүм ооруйт. Арадан эки жыл өтүптүр. Анда өтө чоң масштабдагы турнир өткөрүлүп, чет элдик федерациянын президенттери чакырылган. Эми кишинин көптүгүн айтпаңыз, бут коерго жер жок. Ачылышында жакшы сөздөр сүйлөнүп, кудай буюрса аман-эсен өткөрүп алалы деп коридорго чыга бергенде, милиция кызматкери "бул жерде бомба коюлуптур" деди. Эшикте кире албай эки миңдей киши калган болчу. Залда 4 миң киши турса күч түзүмдөрү "бомба бар" деп сыртка чыгарып коюшту. Ошол кездеги калаа мэри Кубанычбек Кулматов өзү келди. Бомбаны таппай калгандан кийин бүгүн сөзсүз турнирди өткөрүшүм керек деп чуркап жүргөндө, жогорку жактан "бул менин баш оорум эмес" деген сөздөрдү уктум. Колдоо таппаганыма ичим ачышты. Эл ызы-чуу, сырттан келген спорчулар келишимдин негизинде түнү менен кеткенге билет алып алганбыз, каалаасаңар билетти эки эсе төлөп бергиле деп туруп алды. Аларга 8 миң доллар гонорар таратып берип, эртеси турнирди өткөрдүк. Кимдир бирөөнүн жалган телефон чалуусунун кесепетинен пландан тышкары 20 миң долларга чыгым болдум. Ошондон кийин эмнегедир турнир өткөргөндөн коркуп жүрдүм. Азыр Кудайга шүгүр, кыйын күн артта калды.

Отдых.Иссык Куль

Публикация от Кыдырмышев Руслан Жаманакович (@kydyrmyshev_ruslan) Июн 25 2017 в 10:15 PDT

— Жеке өзүңүзгө байланыштуу суроо узатсам. Социалдык тармактарда ишиңизге суктангандар, ошол эле учурда өзүңүзгө суктанган да кыздар көп экендигин байкадым?

— Жеке кат түрүндө ар кандай билдирүүлөр келет. Сүйүктүү жубайым, балдарым бар. Көп балалуу үй-бүлөнүн катарын толуктайбыз.

— Социалдык тармак деп калдык. Жакында эле Өзбекстанга барып келдиңиз окшойт. Себеби ал жактын эң таасирдүү адамдарынын бири Салимбай Абдувалиев менен түшкөн сүрөтүңүздү жүктөдүңүз?

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
— Ал киши менен көп жылдан бери ага-ини катары жакшы мамиледемин. Спортко болгон мамилеси үчүн терең сыйлайм. Ортодо эч кандай саясат жок.

— Келечегиңизди каяктан көрөсүз, сиздей адамдарды саясатка тарткандар көп экендиги белгилүү иш…

— Спорт менен саясатты аралаштырбаганга аракет жасайм. Бирок, келечекте кыргыз жараны катары саясатка барып жеке салымымды кошкум келет.

— Алдыда пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Жакында, 6-августта Чолпон ата шаарындагы ипподромдо Proffight-15, ал эми 27-августта Москва шаарында Proffight-16 аттуу чоң турнир, Бишкекте Спорт ордосунда 8-сентябрда WEF Global аттуу дүйнөлүк чоң турнир болот. Ай сайын турнир, ай сайын мушкерлердин өсүшү болуп жатат. Чындыгында ушуну менен эле жашап калдык.

Жаңылыктар түрмөгү
0