Шевченконун беттеши болбой калды. Атаандашы Монтаньо ооруканага түштү

© Фото / Esther Lin, MMA FightingЧемпионка наилегчайшего женского веса по UFC Никко Монтано
Чемпионка наилегчайшего женского веса по UFC Никко Монтано - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки спортчу кыздардын таймашы 2018-жылдын, 9-сентябрында болмок

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Никко Монтаньо ооруп калгандыктан, UFC боюнча кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн беттеши болбой калды. Бул туурасында MMA Fighting порталы жазды. 

Эске сала кетсек, эки спортчунун таймашы 2018-жылдын, 9-сентябрында болмок.

”Жума күнү, 7-сентябрда эртең менен UFC чемпиону Монтаньонун бөйрөгү ооруп, ооруканага жеткирилген. Андан улам, Шевченко менен Монтаньонун пландалган беттеши болбой калды ”, — деп айтылат маалыматта.

Келе жаткан жекшемби күндөгү беттеш туурасында бул тармакта жүргөндөр Шевченко Монтаньонун сазайын берерин айтышкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0