Таяк тартыш чебери Азат: Арнольд Шварценеггерди көрүп абдан таң калдым

© Фото / Елена ТомскаяПобедитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков
Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын дүйнөнүн мен-мен деген спортчуларын жер караткандыгы чындык. Алардын бири — күчүн кармашта, мыктылыгын майданда көрсөткөн Азат Таштанбеков.

Таштанбеков — оор атлетика боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2016-жылы II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орун, былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алган. Жакында эле беделдүү делген Arnold Classic турнирин утуп алды.

Каарман 1996-жылы Кемин районунун Орловка шаарчасында төрөлгөн. Учурда Мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясынын оор атлетика боюнча машыктыруучу факультетинде 3-курста окуйт.

© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетика боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2016-жылы II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орун, былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алган Азат Таштанбеков
Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетика боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. 2016-жылы II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орун, былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алган Азат Таштанбеков

Азат Таштанбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана Американын атактуу актеру Арнольд Шварценеггерге эмнеге таң бергенин айтып берди.

— Азат, соңку мелдешке баруу үчүн жардам сурап кайрылганыңызды интернеттен көрдүк эле?

— Кыргызстандын Таяк тартыш федерациясы жаш, анча-мынча кыйынчылыктар бар. Жардам сурап социалдык фонддорго чейин кайрылдык эле, майнап чыкпады. Дос-тууган, тааныш-билиштен акча чогултуп, жетпегенин карызга сурап барып келдим. Акча каражатынын жоктугунан өлкө атынан мен гана катыштым. Жалпысынан 2,5 миң доллардан ашык акча кетти. 

© Фото / Елена ТомскаяТаяк тартыш боюнча эл аралык Arnold Classic 2018 мелдешин жеңип алган Азат Таштанбеков. Турнир АКШнын Колумбус шаарында өттү
Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Таяк тартыш боюнча эл аралык Arnold Classic 2018 мелдешин жеңип алган Азат Таштанбеков. Турнир АКШнын Колумбус шаарында өттү

— Турнир жеңүүчүлөргө акча төлөп бердиби?

— Башка жылга салыштырмалуу быйыл аз болду. Уюштуруучулар спортчулардан кечирим сурап, турнир жыл башында өтүп жаткандыгы үчүн каржылоо аз экендигин түшүндүрүштү. Мен 600 доллар алдым.

— Мелдеште атаандаштардан суурулуп чыгып, биринчиликке жетүү кыйын болсо керек?

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
— Мелдеш спорттун 78 түрүнөн өттү. Таяк тартыш боюнча мелдешке беш мамлекеттин спортчулары катышты. Бизде эки гана салмакта, 100 килограммга чейин жана 100дөн өйдө салмакта күч сынашат. Мен 100гө чейинкилер менен кез келдим. Атаандаштардын ичинен салмагы да, жашы да кичинекей мен болдум окшойт. Мелдешке бараарга чукул машыгууда колума штанга түшүрүп алгам. Барбай каламбы деп санаа тартым жаттым эле. Кудайдын буйругу экен, күчтүү спортчуларды уттум. Биздин Таяк тартыш федерациясынын ачылганына беш жыл болсо да бул спорттун түрү боюнча Кыргызстан дүйнөдө экинчи орунда турат. Таяк тартыш улуттук оюн болгондуктан спортчуларыбыз күчтүү деп ойлойм.

Турнир жылына бир жолу Огайо штатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур. Мелдеште Арнольд өзү да жүрдү. Турнир спорттун 78 түрүнөн бир убакта болгондуктан улам кызыктуу жерлерине келип, имараттын ичин кыдырып жүрдү. Аны менен сүйлөшүүгө убакыт болбосо да, сүрөткө түшүп алдык. Арнольдду өңүнөн көрүп абдан таң калдым. Кинодо чоң көрүнгөнү менен бою кичирээк экен. Карып да калыптыр. Өз доорунун даңазалуу адамы эмеспи, жүзүн көргөндө абдан толкунданат экенсиң.

© Фото / Елена ТомскаяТаштанбеков: турнир жылына бир жолу Огайо шатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур
Таштанбеков: турнир жылына бир жолу Огайо шатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур - Sputnik Кыргызстан
1/7
Таштанбеков: турнир жылына бир жолу Огайо шатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур
© Фото / Елена ТомскаяМелдеш спорттун 78 түрүнөн өтүп, таяк тартыш боюнча таймашка беш мамлекеттин спортчулары катышты
Мелдеш спорттун 78 түрүнөн өтүп, таяк тартыш боюнча таймашка беш мамлекеттин спортчулары катышты - Sputnik Кыргызстан
2/7
Мелдеш спорттун 78 түрүнөн өтүп, таяк тартыш боюнча таймашка беш мамлекеттин спортчулары катышты
© Фото / Елена ТомскаяЧемпион: былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам
Чемпион: былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам - Sputnik Кыргызстан
3/7
Чемпион: былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам
© Фото / Елена ТомскаяТаштанбеков: таяк тартышта бүтүндөй дене кыймылга келет. Кол менен кармап, бут менен таяп, бел менен жөлөп турушуң керек
Таштанбеков: таяк тартышта бүтүндөй дене кыймылга келет. Кол менен кармап, бут менен таяп, бел менен жөлөп турушуң керек - Sputnik Кыргызстан
4/7
Таштанбеков: таяк тартышта бүтүндөй дене кыймылга келет. Кол менен кармап, бут менен таяп, бел менен жөлөп турушуң керек
© Фото / Елена ТомскаяАзат Таштанбеков: Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң.
Азат Таштанбеков: Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң. - Sputnik Кыргызстан
5/7
Азат Таштанбеков: Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң.
© Фото / Елена ТомскаяТаштанбеков: акыркы беттешкен америкалык бала "булар го мейли, мени кантип уттуң" деди. Көрсө ал өз өлкөсүнүн мыктысы экен. Кандай түшүндүрөрүмдү билбей койдум
Таштанбеков: акыркы беттешкен америкалык бала булар го мейли, мени кантип уттуң деди. Көрсө ал өз өлкөсүнүн мыктысы экен. Кандай түшүндүрөрүмдү билбей койдум - Sputnik Кыргызстан
6/7
Таштанбеков: акыркы беттешкен америкалык бала "булар го мейли, мени кантип уттуң" деди. Көрсө ал өз өлкөсүнүн мыктысы экен. Кандай түшүндүрөрүмдү билбей койдум
© Фото / Елена ТомскаяӨткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти "бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар" дегенинен сөздүн төркүнүн дароо түшүндүм
Өткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар дегенинен сөздүн төркүнүн дароо түшүндүм - Sputnik Кыргызстан
7/7
Өткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти "бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар" дегенинен сөздүн төркүнүн дароо түшүндүм
1/7
Таштанбеков: турнир жылына бир жолу Огайо шатынын Колумбус шаарында өтөт. Анткени Арнольд Щварценеггер бодибилдинг боюнча биринчи турнирин ушул жактан утуптур
2/7
Мелдеш спорттун 78 түрүнөн өтүп, таяк тартыш боюнча таймашка беш мамлекеттин спортчулары катышты
3/7
Чемпион: былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам
4/7
Таштанбеков: таяк тартышта бүтүндөй дене кыймылга келет. Кол менен кармап, бут менен таяп, бел менен жөлөп турушуң керек
5/7
Азат Таштанбеков: Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң.
6/7
Таштанбеков: акыркы беттешкен америкалык бала "булар го мейли, мени кантип уттуң" деди. Көрсө ал өз өлкөсүнүн мыктысы экен. Кандай түшүндүрөрүмдү билбей койдум
7/7
Өткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти "бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар" дегенинен сөздүн төркүнүн дароо түшүндүм

— Баарына эле кызык болсо керек, таяк тартыштын чеберлери кантип машыгат?

— Өкүнүчтүүсү — бизде атайын машыгуу залы жок. Ар кайсы жактан даярданабыз. Машыктыруучулар атайын иштеп чыккан тартип менен машыгам. Күнүгө штанга көтөрүп туруу керек, ошондой эле ичкен тамактан көп нерсе көз каранды. Спарринг деп коебуз, кадимкидей отуруп алып таяк тартышабыз.

— Анда сиздердин кол көбүрөөк жаракат алса керек?

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тыныбекова менен Махмудов баштаган балбандар канча табат? Мамлекеттик стипендия
— Ооба, кол сыйрылып, тарамышы тартылып калган учурлар көп. Бирок таяк тартышта бүтүндөй дене кыймылга келет. Кол менен кармап, бут менен таяп, бел менен жөлөп турушуң керек. Кудайга шүгүр, менде олуттуу жаракат жок.

Былтыр биздин алдыңкы спортчу Ольга Шайнурова Дүйнө кубогунун биринчи бөлүгүндө бутунун булчуң талын үзүп алган. Эми убакыт керек. Азыр мурдагыдай машыгып, мелдешке катыша албай жүрөт.

— Спорттогу жолуңуз жана ийгиликтер тууралуу айта кетсеңиз?

— 2011-жылдан тарта оор атлетика менен алектенип, өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталдым. Азыр бул спорттун түрүнөн эс алуудамын.

2016-жылы оор атлетика боюнча курама команда менен Азия чемпионатына даярданып жатканбыз. Ошол учурда таяк тартышка кызыгып, КРдин чемпионатына катышып утуп алдым. Андан кийин II Көчмөндөр оюнунда жана дүйнө чемпионатында үчүнчү орундарды алгам. Былтыр дүйнө кубогунда экинчи жана үчүнчү орундарды алып, КМШ фестивалында жеңүүчү аталдым. Ошондо азыр катышып келген Arnold Classic турнирине жолдомо алгам.

Мага оор атлетика да, таяк тартышуу да жагат. Окшош жактары көп. Бир айырмачылыгы — таякты экинчи адам менен тартасың, оор атлетикада штанганы жалгыз көтөрөсүң. 

— Башка өлкөнүн атынан чыгып берүүгө сунуштар түштү беле?

— Коңшу Өзбекстан мамлекетинен түшкөн. Өткөндө Американын таяк тартыш федерациясынын президенти "бул жакта бир аз болуп тур, сүйлөшчү сөздөр бар" дегенинен сөздүн төркүнүн түшүнүп, "жумуштарым бар эле" деп кетип калдым. Болгону башка өлкөнүн атынан чыгууга намыс жол бербейт.

Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет: атам үчүн өч алам деп атканды үйрөнгөм
Бир мисал айта кетейин, Америкада турнирге чейин көргөзмө мелдеш тартууладык. Ошондо ким мени утса колумдагы саатымды берем деп жар салдым. Андай деле кымбат эмес болчу. Болгону оюнду кызыктуу кылайын дедим. Анан таяк тартышта мага чыккан төрт спортчуну тең жеңип алдым. Акыркы беттешкен америкалык бала "булар го мейли, мени кантип уттуң" деди. Көрсө ал өз өлкөсүнүн мыктысы экен. Кандай түшүндүрөрүмдү билбей койдум. Андай жерде намыстанып отуруп эле жеңишке жетет экенсиң. Утканда өлкөңдүн желеги желбирегени кандай сонун! Аягында саатымды уюштуруучуларга жардам берип жүргөн көзү бакыракай, сүйкүмдүү, чачы тармал, кичинекей негр балага белекке берип койдум. Ошол окуяны жергиликтүү журналисттер жазып чыгыптыр, эртеси гезиттерди көтөрүп келишти.

— Быйыл спортто кандай максаттар бар?

— Кудай буюрса, талыкпай машыгып Азия биринчилигинде, Дүйнө чемпионатында жана III Көчмөндөр оюнунда алдыңкы орундарды алышым керек. 

© Фото / Елена ТомскаяТаштанбеков: спорттогу эң чоң колдоочум — апам
Победитель международного турнира по мас-рестлингу Arnold Classic 2018 Азат Таштанбеков - Sputnik Кыргызстан
Таштанбеков: спорттогу эң чоң колдоочум — апам

— Биздин маекти үй-бүлөңүз тууралуу маалымат жыйынтыктасын.

— Спорттогу эң чоң колдоочум — апам. Башында мелдештериме келип турчу, кийин "сени көргөндө кыйналып кетет экенмин, үйдөн эле көрөйүн" деп барбай калды. Атам 2011-жылы каза болуп калган. Төрт бир туугандын үчүнчүсүмүн. Эжем, байкем жана карындашым бар. Учурда окуудан сырткары фитнес клубдардын биринде машыктыруучу болуп иштейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0