Кыргызстандын курама командасынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча 25 балбан катышат.
Чемпионаттын биринчи күнүндө спортчулар грек-рим күрөшү боюнча беш салмак категориясында ат салышмакчы.
Бүгүн күч сынаша турчу балбандар:
Жоломан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;
Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;
Эсен Асанов — 77 килограммга чейин;
Азат Бейшебеков — 87 килограммга чейин;
Мурат Рамонов — 130 килограммга чейин.
Учурда Кыргызстанга 18 мамлекеттин курама командалары келди: Афганистан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Кытай, Монголия, Палестина, Катар, Кытай Тайбэйи, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстан.
Мелдеш 4-мартта аяктайт.