Кыргызстандык балбандар Россиядагы "Иван Ярыгин" Гран-при турниринде күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортчулар беттеш учурунда. Архив
Спортчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спорчулар аталган таймашка 2013-жылдан бери катышып келет

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 26-28-январда Россияда өтө турган "Иван Ярыгин" Гран-при турнирине катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарынан жолдомо алат элем - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарына жолдомо алат элем
Турнирдин алкагында 20 медаль ойнотулат.

Учурда курама командадан 19 кыз жана 19 бала Бишкекте өтө турган Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө окуу-машыгууларын өткөрүп жатат. Эркек балдар башкы машыктыруучу Руслан Мажиновдун көзөмөлүндө, ал эми кыздар Нурбек Изабековдун колунда машыгууда.

Кыргызстандык спорчулар "Иван Ярыгин" Гран-при турнирине 2013-жылдан бери катышып келет. Ушул кезге чейин үч медаль багындырышкан. Анын экөө белгилүү балбан Айсулуу Тыныбековага таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0