Дүйнө чемпиону Нуралы: каражат тапсам Азия оюндарына жолдомо алат элем

Жазылуу
21 жаштагы Нуралы Карыбаев өзүн толугу менен спорт тармагына арнагандардын бири. Жаштайынан бери спорттун күрөш, таэквандо, аралаш мушташ, тай жана бирма боксу менен машыгып келет.

Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким? - Sputnik Кыргызстан
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Тер төккөн машышууларынын жыйынтыгы үзүрүн берип, тайбоксу боюнча КРдин чемпиону, бирма боксу боюнча КРдин эки жолку чемпиону, Борбор Азия чемпиону, дүйнө чемпиону аталган.

Ал эми быйыл Нуралы жыл жаңыраары менен спорттун пенчак силат түрү боюнча Кыргызстандын биринчилигин жеңди. Эми анын башкы максаты — август айында Азия оюндарына карата Индонезияда өтө турчу тандоо турнирине катышып, мелдешке жолдомо алуу. Бирок ал жакка барууга каражаты толук жетпей жатканын айтат.

"Буюрса, даярдыктар абдан жакшы, барганга көп каражат керек экен. Жарымын өзүбүз төлөп койдук, калганы жетпей жатат. Каражат тапсам эле тандоо турнирине жөнөп келет элем. Ал жактан жакшы жыйынтык көрсөтсөк Азия оюндарына катыша алабыз", — деди Нуралы.

Учурда жаш спортчу Кыргыз-орус славян университетинин алдындагы колледждин дизайнерлик бөлүмүнүн 4-курсунда окуйт. Апасы кийим дизайнери, атасы айылда мал чарбачылыгы менен алектенет.

Кыргызстандын Пенчак силат федерациясынын президенти Каныбек Бикбоевдин айтымында, аталан федерациянын ачылганына бир жыл болду. Азырынча олимпиадалык комитет тарабынан колдоого алына элек.

"Пенчак силат Кыргызстанда жаш спорттун түрү. Бизге Азия оюндарына катышуу үчүн 10 салмак категориясы бөлүнгөн. Үч кыз, жети бала даярданып жатат. Анын арасында Нуралы Карыбаев дагы бар. Бала абдан мээнеткеч, келечеги кең. Спортчу болуу оңой эмес, колдоо болсо ыраазы болот элек", — деди Бикбоев.

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын борбору Жакарта шаарында болот. Ал эми бул оюнга тандоо турнири 10-17 февралда ошол эле калаада өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0