Шевченко менен Нуньестин беттеши эми сентябрда болушу мүмкүн

© AP Photo / Eric JamisonБой Валентины Шевченко с Амандой Нуньес в Лас-Вегасе
Бой Валентины Шевченко с Амандой Нуньес в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюнга саналуу гана сааттар калганда беттеш болбой калган

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши сентябрда болушу ыктымалдыгын Fox Sport каналы UFC уюмунун азыркы президенти Дэйн Уайтка таянуу менен билдирди.

"Аманданын беттешке чыгуусуна уруксат берилген, бирок ал өзүн жакшы сезбегендиктен баш тартты. Алардын беттеши сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында болушу мүмкүн", — деди Уайт.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Балбан Каныбек Жолчубеков Польшадагы эл аралык турнирде коло медаль тагынды
Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июлда Лас-Вегас шаарында болмок. Бирок беттешке саналуу сааттар калганда бразилиялык спортчу ооруканага жаткырылган.

Валентина Шевченко болбой калган беттеш тууралуу өз оюн Instagram баракчасына жазган.

Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0