БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши сентябрда болушу ыктымалдыгын Fox Sport каналы UFC уюмунун азыркы президенти Дэйн Уайтка таянуу менен билдирди.
"Аманданын беттешке чыгуусуна уруксат берилген, бирок ал өзүн жакшы сезбегендиктен баш тартты. Алардын беттеши сентябрда UFC 215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында болушу мүмкүн", — деди Уайт.
Шевченко менен Нуньестин беттеши 8-июлда Лас-Вегас шаарында болмок. Бирок беттешке саналуу сааттар калганда бразилиялык спортчу ооруканага жаткырылган.
Валентина Шевченко болбой калган беттеш тууралуу өз оюн Instagram баракчасына жазган.
Нуньес кыз-келиндер арасында жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону. Ал 2016-жылы америкалык Ронда Роузду утуп, чемпион аталган.