Казанда калыска нааразы болгон Дастан Шаршеев реванш-беттеште атаандашын жеңди. Видео

© Фото / предоставлено Дастаном Али ШаршеевымКыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршеев үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Казань шаарында өткөн тай боксу боюнча мелдеште россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип, бирок калыстардын чечимине макул эместигин билдирген.

БИШКЕК, 28-июн.— Sputnik. Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев россиялык атаандашы Антон Калининди реванш-беттешүүдө утуп алды. Беттештин жүрүшүн Россиянын "Боец" телеканалы түз алып көрсөттү.

Шаршеев менен Калинин 70 кг. чейинки салмакта беттешти. 

Эске салсак, Шаршеев үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Казань шаарында өткөн тай боксу боюнча мелдеште россиялык мушкер Антон Калининге жеңилип калган. Бирок ал калыстар тобунун мындай чечимине макул болбой, рингден түшпөй койгон. Кийинчерээк эки спортчу кайрадан реванш-беттешүүгө чыгаары маалымдалган.

Ал мындан эки күн мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине беттешке абдан катуу даярдык менен даярданып жаткандыгын билдирген эле.

“Мен үчүн жоопкерчиликтүү, тарыхта кала турчу күн (Калинин болгон реванш-беттеш – ред.). Элимди, ата-энемди жер караткым келбейт. Наам үчүн эмес, намыс үчүн беттешем. Кыргыздар намыскөй, өжөр эл экендигин көрсөткүм келет. Күнүнө үч маал, үч сааттан терим калбай, бөйрөгүм түшкүчө машыгып жаттым. Буюрса, жеңгенимди тастыктайм", — деген Шаршеев.

Ал машыгууларын Таиландда өткөрүп жаткандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0