Дастан Шаршеев: "депортация болосуң" деген рефери кечирим сурады

© Фото / предоставлено Дастаном Али ШаршеевымКыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев 22-апрелде Татарстандын Казань шаарында өткөн эл аралык TNA турниринде калыстын чечимине канааттанбай, рингден кетүүдөн баш тарткан. Рефери ага "депортация кылып салышы мүмкүн" деп айткан. Бул беттештин видеосу интернетте түрдүү пикирлерге жем таштады.

Москва шаарында машыгып, эл аралык мелдештерде өлкөнүн желегин желбиретип жүргөн Дастан Шаршеев журналист Гүлдана Талантбековага чуулгандуу беттештин чоо-жайын айтып берди.

— Дастан, Татарстанда өткөн беттеште калыстын чечимине макул болбой, рингден кетүүдөн баш тарттыңыз. Журналист катары мен сизге баа бере албайм. Менимче, сиз башкача жыйынтыкты күтсөңүз керек?

Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммед. Тик көз караш, кичинекей муштум - Sputnik Кыргызстан
Галкиндин шоусун дүңгүрөткөн 7 жашар Нурмухаммед. Карагаттай көздөр, түйүлгөн муштум
— Ар бир спортчу беттешке ишеним, үмүт менен чыгат. TNA турнири дүйнөлүк чемпиондукту аныктаган чоң мелдеш. Ар бир өлкө күчтүү спортчуларын гана жөнөтөт. Мен Россиянын мушкери Антон Калинин менен чыктым. Үчүнчү раундда атаандашымды нокдаунгга кетиргем, бирок аны эсепке алгандын ордуна мага эскертүү беришти. Төртүнчү раунд болгондо да аны уттум. Ошол убакта төбөм көккө жетип, жеңишке жеттим деп даяр тургам. Анан эле атаандашымдын колун көтөргөндө абдан таң калдым. Рингден өжөрлөнүп акыйкаттыкты талап кылып чыкпай туруп алдым. Анткени унчукпай чыгып кетсем бул иш унутулуп калат. Реферинин жаныма келип "азыр чыкпасаң, депортация кылып жиберебиз" деп коркутканы ого бетер жинимди келтирип "мага баары бир, эмне кылсаңар ошол кылгыла" дедим. Сөз сүйлөгөнгө микрофон сурасам беришкен жок. Бирок Татарстандын эли менен саламдашып, акыйкатсыздык болуп жатканын айтсам, эл да мени колдоду. Залда кыргыздар деле жок болчу, бирок эл мен тарапта болду.

— Кандай сезимде болдуңуз?

— Спортто жүргөндөн кийин утасың, утуласың, буга чейин деле утулуп көргөм. Андагы сезимдер таптакыр башка. Эркек катары ал жерде утулганыңды билип, туура мамиле жасайсың. Мен "жеңишке жеттим" деп колумду көтөрүүгө даяр тургам. Оозду ачырган окуя болду. Бул жагдай азыр КМШ өлкөлөрүндө катуу талкууланып жатат. Интернеттеги видео үч миллион көрүүчүнү топтоптур. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыз элиме, мени колдогондорго ыраазычылык билдирем.

— Рингден чыккандан кийин эмне болду?

Соревнования по боксу - Sputnik Кыргызстан
АКШлык боксчу кыз рингге хиджабчан чыгууга уруксат алды
— Рингден чыгып кийинүүчү бөлмөгө бет алдым. Депортация кылам деген рефери машыктыруучуман "ушундай болуп калды" деп кечирим сураптыр. Эч кандай кысым болгон жок. Оокаттарды чогултуп алып чыгып кеттик. Азыр Москвадамын. 1-9-май күндөрү Белоруссияда өтө турган дүйнөлүк турнирге даярданып жатам. Буюрса машыктыруучум болуп өткөн турнир боюнча аппеляциялык арыз бергени жатат. Жыйынтык чыкса маалымат менен бөлүшөм.

— Спортчулар менен реферилердин ортосунда түшүнбөстүк эмнеден улам келип чыгат?

— Жагдайга жараша ар кандай. Көбү тажрыйбанын жоктугунан, же жөн гана тартып койгон учурлар болот. Калыс деген көз карандысыз болуш керек. Ошол себептен эл аралык турнирлерге калыстарды башка мамлекеттен чакырышат.

— Беттештеги учур түшүнүктүү болду окшойт. Эми суроону башка өңүткө бурсам. Сизди спортко кеч аралашып, аз убакытта бир топ ийгиликти багынткан спортчу деп айтышат?

— Спортко 19 жашымда келип, үч жылдан кийин профессионалдуу беттештерге чыга баштагам. Спорттун эрежесиз эр уруш, бирма боксу, тай бокс, кикбокс түрүн өздөштүрүп, Азия, Евразия, Москва, Россиянын чемпиону болууга жетиштим. Учурда Москва шаарында машыгып, жеке иштерим менен алекмин.

— Чакан маегибизди адатка айланган суроо менен жыйынтыктасам. Спортто дагы канча убакыт болосуз?

— 32 жашка чейин болсомбу деген ойлор бар. Спорттун келечеги чоң, өзүмдү эрежесиз мушташтан көрөм. Азыр жашпыз, кыргыздын спортуна салым кошо турчу иштер али алдыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0