Роналду менен Торрестин жөөлөшү. Бирөө жинденсе, экинчиси каткырган бойдон кетти

© AP Photo / Daniel Ochoa de OlzaЛига Чемпионов 2017. Полуфинал. Матч "Реал Мадрид" — "Атлетико"
Лига Чемпионов 2017. Полуфинал. Матч Реал Мадрид — Атлетико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол аянтында оюнчулар ортосунда чыр чыгып кете жаздап, кайым айтыша кетти.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Чемпиондор лигасынын жарым финалы учурунда "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналду менен "Атлетиконун" форварды Фернандо Торрестин жөөлөшө кетип, эмне деп уруша кеткенин Испаниянын журналисттери аныкташты. Бул тууралуу "Евроспорт" жазып чыкты.

Аталган беттеш шаршемби күнү өткөн. "Реал" "Атлетикону" өз үйүндө 2:1 эсебинде утуп алган.

Реал Мадрид клубунун португалиялык футболчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Роналдунун баласы атасынын стилинде гол киргизди
Эреже бузулгандан кийин Роналду фанаттарды тынч болгула деп оозун колу менен жапкан. Анын бул кылыгына Торрестин жини келип "сен эмне кылып жатасың, клоун?" деген.

Мындай суроого Роналду күлүп туруп "сен турнирден четтетилип, үйгө кетесиң, макоо" деген. Алардын ортосунда аз жерден чыр чыгып кете жаздап, Торрес Криштиануну "иттин гана баласы" деп атаганын Marca басылмасы жазып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0