Чемпиондор Лигасынын финалында "Реал" менен "Ювентус" беттешет

© AFP / GERARD JULIEN"Реал Мадрид" футбол клубунун оюнчусу Криштиану Роналду. Архив
Реал Мадрид футбол клубунун оюнчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки оюндун жыйынтыгы менен "Реал" командасы "Атлетикону" утуп алды.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. "Атлетико" командасы "Реалды" 2:1 эсебинде утуп алды. Анткен менен эки беттештин жыйынытыгы боюнча мадриддик "Реалдын" упайы көп болуп, финалга чыкты.

Матч Абдыш-Ата — Наше пиво. Финал Кубка Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол боюнча кубогу 17-майда башталат
Бишкек убактысы боюнча бейшемби күнү Испаниянын "Висенте Кальдерон" стадионунда болгон беттеш "Атлетиконун" пайдасына чечилди. Өз талаасында ойногон команданын жарым коргоочусу Сауль Ньигес эсепти ачса, 12-мүнөттө Антуан Гризман эсепти 2:0гө жеткирди. Ал эми биринчи таймдын бүтөрүнө үч мүнөт калганда Иско атаандашынын дарбазасына гол киргизип "Реалды" алдыга сүрөдү.

Эске сала кетсек, биринчи оюн 3:0 эсебинде "Реалдын" пайдасына чечилген.

Ошентип эки беттештин жыйынтыгы менен "Реал" финалга жолдомо алды. Анда "Реал" клубу Италиянын "Ювентусу" менен ат салышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0