Индияда кыргызстандык 18 балбан чемпиондук үчүн ат салышат

Жазылуу
Анда кыргызстандык балбандар эркин жана греко-рим күрөшү боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 18 балбан катышууда. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Маалыматка ылайык, 10-майдан 14-майга чейин Дели шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги өтүүдө. Мелдешке өлкө намысын коргоого 18 спортчу учуп кеткен. Алардын алтоо греко-рим, жетөө эркин күрөш жана беш кыз кыздар арасындагы беттеште ат салышат.

Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова менен Калы Сулайманов да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0