БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 18 балбан катышууда. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 10-майдан 14-майга чейин Дели шаарында күрөш боюнча Азия биринчилиги өтүүдө. Мелдешке өлкө намысын коргоого 18 спортчу учуп кеткен. Алардын алтоо греко-рим, жетөө эркин күрөш жана беш кыз кыздар арасындагы беттеште ат салышат.
Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова менен Калы Сулайманов да бар.