Дастан Лепшаков: ата-тегимди атым чыга баштаганда сураштырдым

© Sputnik / Табылды КадырбековМастер спорта международного класса по бильярду Дастан Лепшаков
Мастер спорта международного класса  по бильярду Дастан Лепшаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
19 жаштагы Дастан Лепшаков апрель айында Россиянын Югорск шаарында өткөрүлгөн бильярд боюнча дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду багындырган. Лепшаков буга чейин жаштар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону болчу.

Кыргыз фамилиясына таң калган бильярдчы менен журналист Гүлдана Талантбекова жакындан таанышты.

Дастан менен маек башталганга чейин:

— Эже, канча убакыт сүйлөшөбүз?

— 30-40 мүнөттөй болот. Бирок эми ар ким ар кандай сүйлөйт да.

— Аа, мен негизи бат-баттан сүйлөйм. Анан укканга деле үлгүрбөй калышыңыз мүмкүн.

— Дастан, маек бүткүчө эмне үчүн фамилияңыз Лепшаков деп кыйналып отургандан көрө азыр эле сурап албаймынбы?

— Кичинекей кезинде бабам согуш убагында Түндүк Кавказдан куулуп Кыргызстанга келиптир. Улуту карачай. Чоң апам кыргыз, атам метис, апам кыргыз. Паспортко Лепшаков деп жазылып калган, туура айтылып, жазылышы — "Лепшок". Мен деле кызыгып сурап көрбөптүрмүн, элге тааныла баштаганда көптөр кызыкканынан улам сураштырдым. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБильярдчы Дастан Лепшаков: сыймыгыбыз болгон Каныбек Сагынбаевди дүйнө эли тааныйт. Убагында элди таң калтыра алды. Бизге үлгү көрсөтүп, стимул берген да ошол киши болду. Учурда кандай гана сынак болбосун бизди коштоп жүрөт
Мастер спорта международного класса  по бильярду Дастан Лепшаков - Sputnik Кыргызстан
Бильярдчы Дастан Лепшаков: сыймыгыбыз болгон Каныбек Сагынбаевди дүйнө эли тааныйт. Убагында элди таң калтыра алды. Бизге үлгү көрсөтүп, стимул берген да ошол киши болду. Учурда кандай гана сынак болбосун бизди коштоп жүрөт

— Жакында эле Югорск шаарына барып бильярд боюнча дүйнө чемпиондугунда экинчи орунга татыдыңыз. Албетте, куттуктайбыз. Бирок сиз буга чейин чоңдор жана жаштар арасында дүйнө чемпиону аталбадыңыз беле?

— Даярдыктар жакшы эле болгон, кудайдын буйругу экен. Мени менен барган балдар да жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, алдыңкы орундарга ээ болушту. Оюндун жүрүшүндө өзүбүздүн кумир Каныбек Сагынбаев менен чыгып калдым. Мага орун бошотуп берип койдубу же чындап эле утулдубу, билбейм, айтор жеңиш мен тарапта болду.

— Дүйнө чемпиондугу кандай деңгээлде өттү?

Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым
— Жыл сайын дүйнө чемпиондугуна 20га чукул мамлекет келчү. Бул жолкусунда 32 мамлекет катышып, жетимиштен ашык спортчу күч сынашты. Югорск эли абдан жакшы даярданыптыр. Биз барганда учактан түшөөрүбүз менен меймандостугун көрсөтүп, ырчы-чоорчулары менен тосуп алышты. Кудай буюрса бильярд Азия оюндарына кирди. Биринчи беттеши Түркмөнстанда сентябрь айында өткөрүлгөнү турат. Келечекте бильярд Олимпиада оюндарына да кирип калат деген үмүт бар. Негизи бильярд КМШ өлкөлөрүнүн ичинде көп ойнолот. Оюн өзү үчкө бөлүнөт: пул, снукер жана кадими бильярд. Снукерди англичандар, пулду америкалыктар, бильярдды орустар ойношот. Мындан снукер Олимпиада оюндарына кирген. Учурда снукерге биздикилер да кызыга башташты.

— Эгерде бильярд Олимпиада оюндарына кирип кала турган болсо, спорчуларыбыздын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүктөрү барбы?

— Биздин спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы үч орунда, улам жылып, алмашып турат. Сыймыгыбыз болгон Каныбек Сагынбаевди дүйнө эли тааныйт. Убагында элди таң калтыра алды. Бизге үлгү көрсөтүп, стимул берген да ошол киши болду. Учурда кандай гана сынак болбосун бизди коштоп жүрөт.

— Өзүңүз бильярд дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

— 6-класс кезимде байкем Москвадан өзүбүз жашаган Таластын Бакай-Ата районуна келип "бильярд ачабыз, аны кичинекей Дастан иштете берет" деп калды. Ошол жерден кызыгып, үйрөнүп, Бакай-Ата районунун турнирлеринен алдыңкы орундарды багындырып, облустук деңгээлге чейин чыктым. 2012-жылы машыктыруучумдун сунушу менен борборго келгем.

— Борборго келип дароо эле бильярдды алып кетсеңиз керек?

Кыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Азамат Байматов: балдарын, жубайын жакшы көргөн Бекхэмди кумир тутам
— Бир жыл жыйынтык көрсөтө албай кыйналып жүрдүм. 2013-жылы спорт боюнча кандидат аталып, Рязань шаарына барып дүйнө чемпиондугунда жаштар арасында үчүнчү орунду алып келдим. Ошентип аздан көтөрүлө бердим. Башында беттештерге барганда тартынып, толкундана берчүмүн. 2014-2015 жылдары эки жолу дүйнө чемпиондугун багындырдым. 2016-жылы эл аралык турнирге катышып, чоң байгеге ээ болдум. Азыр 19 жаштамын. Ийгиликке жеттим деп жылдыз болуп кеткен жокмун. Жылдыз болоюн десем дагы мүмкүнчүлүктөр аз. Үйдөгүлөр дин жолунда болгондуктан кечинде отургузуп туруп насаатарды айтып ордума коюп коюшат (күлүп).

— Спорчулар дагы жылдыз болушабы?

— Эми спортту жеке кызыкчылыктарга жумшап жибергендер бар да. Кээде салам берсең алик албай калышат. Айрым бильярдчылар лотереяга, казиного азгырылып кирип кеткен учурлар болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБильярдчы Дастан Лепшаков: үйдөгүлөр дин жолунда болгондуктан кечинде отургузуп туруп насааттарды айтып ордума коюп коюшат (күлүп)
Мастер спорта международного класса  по бильярду Дастан Лепшаков - Sputnik Кыргызстан
Бильярдчы Дастан Лепшаков: үйдөгүлөр дин жолунда болгондуктан кечинде отургузуп туруп насааттарды айтып ордума коюп коюшат (күлүп)

— Чындыгында жаш туруп дүйнө чемпиондугуна жеттиңиз. Ийгилик сырыңыз эмнеде?

Кыргызстандык Айгерим Сабралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык футболчулардын укугун коргогон кыргыз кыздын тарыхы
— Мени "бул бала кайдан жүрүп өсүп кетти, Лепшаков каяктан келген орус" деп айткандар болгон. Башында Таластан төрт бала келип, батирде жашап бильярд менен машыгып жүрдүк. Кийин ар кандай себептер менен алар кетип, мен машыктыруучум Каныбек Дүйшөбаевдин үйүндө жашап калдым. Ал агай эртең мененки ондон кечки алтыга чейин машыктырчу. Бара-бара бильярдды жумушумдай кабыл ала баштадым. Негизи эле спортко олуттуу мамиле жасаш керек деп ойлойм. Учурда Дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун педагогикалык факультетинин волейбол бөлүмүндө окуйм.

— Мыкты бильярдчы болуш үчүн кандай өзгөчөлүктөргө ээ болуш керек?

— Эң алгач психологиялык жактан күчтүү болушуң керек. Мыкты спортчу болбосоң деле оюңду бир жерге топтоп алып иш кылсаң чоң жардам берет. Дагы бир маанилүү нерсе — спортчуга туура режим керек. Өз маалы менен уктап, маалы менен туруп дегендей. Бильярддагылардын 80 пайызы түндүн бир оокумуна чейин ойноп кетет. Кыргызстанда азыр "колхоз" деген оюн бар. Мында түстүү шарлар менен ойнолуп ар бирине акча коюлган. Бильярдды көп ойносом кумар канат деген жаңылыштык. Тетирисинче, канчалык көп ойногон сайын, ошончолук кызыгууң артат.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Негизи үйдөгүлөр менен көп кеңешем. Уткан байгелеримдин баарын кемитпей туруп үйгө алып барам. Ата-энем болду десе болду, болбосо болгон жок дейм. Айтор алардын сөзүнөн чыга элекмин. Үй-бүлөдө алты бир туугандын кенжесимин. Менден башкасынын баары үйлөнү- жайланып, ордун табышкан.

— Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Чынын айтсам, спорт менен жүрүп, сүйүүгө деле убакыт бөлө элекмин. Эки айдан бери бир кыз менен сүйлөшүп жатам. Азырынча мамилебиз өтө олутттуу деп айта албайм. Убакыт көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0