Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым

© Sputnik / Табылды КадырбековТрехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев
Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев кечээ 31 жашка толду. Ал журналист Гүлдана Талантбековага дүйнөлүк бильярд беттешинин жоопкерчиликтери, милдеттери жана спортчуга байланыштуу жол кайгуул кызматкерлеринин ортосундагы мамиле тууралуу айтып берди.
Каныбек Сагынбаев: Жол кайгуул кызматкерлерине дооматым жок

Каныбек мырза оңой менен таптырган жок. Кызыгы биз байланышканда бир сааттын ичинде эле офисте отуруп калды.

— Жакында эле бильярд боюнча дүйнөлүк беттеш биздин өлкөдө өтүп, байгелүү орундардын бардыгы орус туугандарга буюрду. Бул сизди капа кылган жокпу?

— Ар бир адам оюнга жакшы ой максаты менен келет. Калганы Алланын буйругу экен. Мен жакшы эле дүйнө чемпиондорун чекесинен утуп келе жаткам. Өзүмдөн күнөө кетип калды окшойт. Жок дегенде коло медалга татыктуу болмокмун. Чынын айтканда, бир аз капачылыгым бар.

— Бир спортчу экинчисине өз ара макулдашуунун негизинде утулуп берет дегенди угуп калабыз. Бул спорттун жазылбаган мыйзамдарынын бири экен. Мындай көрүнүш сиздерге да таанышпы?

— Бизде андай жок. Бардык жерде "кыйынсыңбы, утуп ал" деген принцип болушу керек. Биз мындай мелдешти өз өлкөбүздө үчүнчү жолу өткөрүп жатабыз. 2012-жылы үчүнчү орун, кийинкисинде финалга чыктык, андан кийин чоңдор арасында бешинчини алдык. Башкача айтканда, алдыңкы орундар буюрган жок. Эң башкысы — сыртка чыкканда жеңишке жетип жатабыз. Кыргызстандын желегин бийик көтөрүү биздин милдетибиз деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев: мен жакшы эле дүйнө чемпиондорун чекесинен утуп келе жаткам. Өзүмдөн күнөө кетип калды окшойт. Жок дегенде коло медалга татыктуу болмокмун
Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев: мен жакшы эле дүйнө чемпиондорун чекесинен утуп келе жаткам. Өзүмдөн күнөө кетип калды окшойт. Жок дегенде коло медалга татыктуу болмокмун

— Уюштуруу иштери туурасында айта кетсеңиз. Үчүнчү ирет дүйнөлүк беттешти өткөрүп жатабыз. Башка жылдарга салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктөр болду? 

Кыргызстандын футбол боюнча бир нече жолку чемпиону, өлкөнүн мыкты футболчуларынын бири Азамат Байматов - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Азамат Байматов: балдарын, жубайын жакшы көргөн Бекхэмди кумир тутам
— Бизде кайсы өлкөнүн өкүлү чемпион болсо, кийинкисин өзүнүн жеринде өткөрүүгө укугу бар. Буюрса мамлекетибиздин жардамы менен чоң деңгээлде өткөрүп алдык. Беттешке 24 мамлекеттин спортчулары келди. Кыргызстандын спорт менен таанылуу мүмкүнчүлүгү чоң. Жаш спортчуларыбыздын аракети күч, акырындан бардыгына жетишип келе жатабыз. 2012-жылы Бишкекте, 2014-жылы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн. Бул жолу "Газпром" ишканасы колдоо көрсөтүп, бильярд комплексин куруп берди. Орус туугандардын жардам бергени үчүн терең ыраазычылык билдирем. 

— Сиздин кыялыңыздагы бильярд базасы кандай болушу керек? Элестетип көрсөңүз…

— Комплекстин эки чоң залы болушу керек. Жанында бассейни менен болсо, андан да жакшы. Ал болжол менен 20-30 сотых аянтты түзөт. Албетте, каражат дагы көбүрөөк керектелет. Бизде машыктыруучулар жетиштүү, болгону аянт маселеси кармап турат. Өзүмдүн талантымды башкаларга үйрөткөнгө даярмын. Башкалардан жашыра турчу сырларым деле жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКаныбек Сагынбаев: өзүмдүн талантымды башкаларга үйрөткөнгө даярмын. Башкалардан жашыра турчу сырларым деле жок
Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: өзүмдүн талантымды башкаларга үйрөткөнгө даярмын. Башкалардан жашыра турчу сырларым деле жок

— 24 мамлекеттен келгени дүйнөлүк беттеш үчүн аз эмеспи? Баш тартып же тизмеге кирбей калдым дегендер болдубу?

— Келбегендер бильярддын башка түрүн ойношот. Анын үстүндө алардын жеңүүсү деле күмөн болчу. Ошон үчүн убара тарткылары келген жок деп ойлойм. Дүйнө чемпиондору келип, эң күчтүүлөрдүн баары катышты. Негизи орустардын спортчулары күчтүү болот. Алар тандоо туруна иргелип жатып араң чыгышат. 

— Дүйнөлүк деңгээлде кайсы мамлекет биринчиде турат?

— Орустар жана казактар десек жаңылышпайм. Биз дүйнөлүк рейтинг боюнча үчүнчүдөбүз. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгондордун арасында Казакстандын намысын коргогон кыргыз жигити Каныбык Сагындыков бар. Мен дагы үч жолу чемпион болуп, жети жолу финалга чыгып ойногонбуз. Титул жагынан алып караганда биз биринчиде турабыз.

— Байге каражатын ким көтөрдү?

— Биздин мамлекет бардыгын камсыздап, акча каражатын да аяган жок. Биринчи орунга 8 миң доллар, экинчи орунга 5 миң доллар, калган алдыңкы орундарга эки үч-миң доллардан коюлган. Он алтынчы орунга чейин ар кандай сыйлыктар берилди. Жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 килограммга арыктап, ооруп да калдым. Кудайга шүгүр, максаттарга жеттик. 

— Бильярд үчүн кара күч да маанилүүбү?

— Бир оюн беш-алты саатка созулушу мүмкүн. Ошентип жатып столду тегеренип дагы канча саат басасың, белгисиз. Башкача айтканда, чарчабагыдай формада болуу керек. Бизде негизи беттешке үч-төрт күн калганда атайын ойнобой, күч-кубат, каалоону күчөтүшөт. Баарыбыз үчүн кара күч мааниге ээ. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКаныбек Сагынбаев менен өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Комбинациялык пирамида" боюнча 6-дүйнөлүк чемпионаттын ачылышында
Игра в бильярд - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев менен өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Комбинациялык пирамида" боюнча 6-дүйнөлүк чемпионаттын ачылышында

— Мисалы, журналисттерге предметтердин ичинен тарых, адабият жакын. Сиздергечи? 

— Геометрия сөзсүз түрдө керек. Бирок практика менен талант маанилүү деп ойлойм. 

— Кээ бир спортчулар тимеле столго жатып алып ойношот го…

— Кыздар силер деле ошентип ойноп жүрбөйсүңөрбү (күлүп)? Азыр бильярд ойногон эркектердин 90 пайызы залда кыздар ойноп жатканда кирет. Кыздар киргенде залдын баары ойнобой четке чыгып калышат. Бирок профессионалдык мелдеште такыр эле жатып албай чеги менен ойносо болот. 

— Бильярд илгертеден бери аристократтык спорттун түрүнө кирери маалым. Биздин аткаминерлер деле чогуу ойнобойлубу деп көп эле чакырышса керек?

— Бизде бардык элита ойнойт. Ал байкелерге оюнду мастер класс катары көрсөтөм. Менден кийин ойногулары деле келбей калат. Ошон үчүн ойноп бүткөндөн кийин фокустарды көргөзүп коем. 

— Силерде каражат жагы кандай? Спорттун аркасы менен кандай материалдык байлык топтой алдыңыз?

Кыргызстандык Айгерим Сабралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык футболчулардын укугун коргогон кыргыз кыздын тарыхы
— Учурда Бильярд федерациясынын президентимин. Федерация коомдук болуп эсептелинет. Андыктан каражат демөөрчүлөрдөн көбүрөөк түшөт. Кошумча мэрияга караштуу спорт мектебинде жетекчилик кызматты аркалап, балдарды түрдүү сынактарга даярдайбыз. Эл катары оокаттын кымбат-арзанына карап тиричилик кылабыз. Негизги каражат байге утканда келет. Дүйнөдө эки чоң турнирге катышып биринчисиде 55 миң евро алсам, экинчисинде машине уткам. Орус досторум "Каныбек чоң байге бар жакта жакшы ойнойт" деп тамашалап калышат. 

— Бильярддагы кызыктуу кайсы учурлар эсиңизге түшүп турат?

— Көбүнчө оюнга чыкканда мени шоумен деп коюшат. Адреналин, эмоция, чеберчилик менен ойнойм. Шар киргизсем дагы ичимден өзүмдү "азамат" деп сүрөп мактап турам. Ички психология көп нерсени чечет. Негизи оюнда утуп-утпаганыңдын айырмасы жок, андан ырахат ала билүү керек.

— Мисалы, мен бильярд ойногонду көп жактыра бербейм. Аябай аракет кылып топту атсам ыргып кете берет да…

— Шар деген тоголок да. Меники деле кечээ жакында болуп өткөн дүйнөлүк чемпиондукта учуп кетти. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКаныбек Сагынбаев: көптөн бери колума кий кармай элекмин. Ойлоп көрсөм жыйырма жылдан бери эле тынбай ойноп келе жатыптырмын. Анан бир жыл тыныгуу алгам
Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: көптөн бери колума кий кармай элекмин. Ойлоп көрсөм жыйырма жылдан бери эле тынбай ойноп келе жатыптырмын. Анан бир жыл тыныгуу алгам

— Топтордун өңү сизге таасирин тийгизеби?

— Негизи ак жана бир кызыл шар менен ойнойбуз. Бизде ар кандай түстөр менен ойногон популярдуу окшойт. Орустар "ай, бул эмне" дешкенинен, "оюнду эсептегенге ыңгайлуу" деп жылмайып койдум. Чет элдик коноктор бизге келгенде "жериңерде бильярд клубдар көп экен, анан да ичи толтура эл" деп таң калышты. Кудайга шүгүр, ушундай эле болсун. 

— Бильярд ойногон жерлердин көп болгону деле спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө салым кошуп жатса керек?

— Албетте. Азыр бул оюнду кичинекей баладан тарта аксакалдарга чейин ойношот. Оюндун зыяны деле жок. Бирок мыкты спортчу болом деген киши кичинекей кезинен баштаганы туура. Мен, маселен, тогуз жашымда, Дастан Лепшаков 11 жашында ойногон. Ал эми профессионалдуу ыкмада утканыңды эсептеп, колду туура кармап, көнүгүүлөрдү жасаш үчүн жарым жылдан ашык убакыт керектелет.

Чүкө - Sputnik Кыргызстан
Айкүр оюну бильярддын ордун басабы
— 2014-жылы Жол кайгуул кызматкерлерине мас абалыңызда кармалып, эл арасында талкуу жараттыңыз окшойт. Жеке оюңуз?

— Бул нерсени кырсык деп эсептейм. Инилеримди жеткирейин деп жакшы эле үйгө бара жатканбыз. Болбосо чыга калып ызы-чуу салгандай деле адатым жок. Мындай нерсе эми кайталанбайт деп ойлойм. Башкалар деле кармалат, алардыкы бизге салыштырмалуу билинбейт экен. Бир бөтөлкө же бир стакан ичип алсаң деле спирт ичкен болуп эсептелинип калат экенсиң. 

— А сизчи?

— Мен бир-эки бокал эле вино ичкем. Ортодо инилерим менен бир аз уруш чыгып кетти. Мен Жол кайгуул кызматкерлеринин эч кимиси менен урушкан эмесмин. Аларга дооматым дагы жок. Анткени алар мамлекеттин кызматкери катары өз милдеттерин аткарып жатышат. Ката кетирсек баарыбыз бирдей жоопко тартылышыбыз керек деп ойлойм. 

— Түшүнүктүү. Бош болгондо үйүңүздө дайыма машыгып турсаңыз керек?

— Үйүмдө бильярд тактайчасы жок, кийлерим бар. Сыртка чыгып ойноп келем. Бирок көптөн бери колума кий кармай элекмин. Ойлоп көрсөм жыйырма жылдан бери эле тынбай ойноп келе жатыптырмын. Анан бир жыл тыныгуу алгам.

Жаңылыктар түрмөгү
0