14:42 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
167 0 0

Эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалымат ала алат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында орнотулган QR коддорду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Эсте" коомдук фонду билдирди.

QR-код возле памятника Чингиза Айтматова на улице Киевской в Бишкеке.. 28 сентября 2021 года
© Фото / ОФ “Эсте”
Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин жанында орнотулган QR коддорду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү

Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду "Эсте" коомдук фонду жүзөгө ашырды.

  • Общественный деятель и сын Чингиза Айтматова Эльдар Айтматов на торжественном открытии проекта по установке QR-кодов возле памятника отца на улице Киевской в Бишкеке.. 28 сентября 2021 года
    Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду "Эсте" коомдук фонду жүзөгө ашырды
    © Фото / ОФ “Эсте”
  • Торжественное открытие проекта по установке QR-кодов возле памятника Чингиза Айтматова на улице Киевской в Бишкеке.. 28 сентября 2021 года
    Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмер жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов жана фонддун президенти Айбек Кыштобаев катышты
    © Фото / ОФ “Эсте”
1 / 2
© Фото / ОФ “Эсте”
Маалыматка ылайык, эми каалаган адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу QR коддорду сканерлеп, эстеликтер тууралуу маалыматты ала алат. Тарыхты даңазалоого багытталган долбоорду "Эсте" коомдук фонду жүзөгө ашырды

Ачылыш аземине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук ишмер жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов жана фонддун президенти Айбек Кыштобаев катышты.

Долбоордун негизги максаты — кыргызстандыктардын арасында тарых жана маданиятты жайылтуу, ошондой эле өлкөнүн туристтик тармагын өрчүтүүгө колдоо көрсөтүү.

Президент фонда “Эсте” Айбек Кыштобаев на торжественном открытии проекта по установке QR-кодов возле памятника Чингиза Айтматова на улице Киевской в Бишкеке.. 28 сентября 2021 года
© Фото / ОФ “Эсте”
Фонддун президенти Айбек Кыштобаев
"Командабыз бир жылдан бери тер төгө иштеп, QR коддорду орнотуу иши жүзөгө ашты. Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Айкөл Манас жана башка көптөгөн улуу инсандар тарыхта өчпөс из калтырышты. Биз урпактары катары алар тууралуу маалыматты кийинки муунга бөксөртпөй өткөрүп беришибиз керек", — деди Кыштобаев.

Азыркы тапта Бишкек шаары боюнча жети эстеликтин жанына QR код орнотулду. Сайтындагы маалыматтар кыргыз, орус тилдеринде жеткиликтүү.

Тема боюнча

Өлкөдөгү эстелик жана тарыхый объектилерге QR-код койгон долбоор ачылат
БГУнун алдында белгилүү илимпоз Кусеин Карасаевдин эстелиги ачылат
Төлөгөнов: эстелик тургузуу аракетин баштадык, бирок жер бөлүнө элек
Белгилер:
Бишкек, эстелик, QR-код, инсандар, маалымат

ЭҢ МААНИЛҮҮ