01:28 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
723 0 0

Ишкер Айбек Кыштобаев Sputnik Кыргызстанга кеңири маек куруп, Кытай жана АКШда кантип бизнес ачканын, аны 700 миң долларга сатуудан эмне үчүн баш тартканын түшүндүрүп берди.

2017-жылы Кыргызстанга Стивен Сигал мейманга келгени эсиңиздеби? Ал эки максатты көздөгөн, АКШдагы кыргызстандыктар өткөргөн Asian World Film фестивалына колдоо көрсөтүп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышмак. Ишкер Айбек Кыштобаев ошол Голливуд жылдызынын сапарын уюштурган.

— Стивен Сигалды Кыргызстанга келүүгө кантип көндүргөн элеңиз?

— Лос-Анджелесте жүргөн кезимде "Курманжан датка" чоң экранга чыгып калды. Аны "Оскар" сыйлыгына мыкты чет элдик фильм катары көрсөтүү тобунда элем.

Кандай жакшы тасма болсо да азиялык кинонун Голливудда популярдуулугу артып, жеңишке жетиши кыйын. Биздин ишке баа бериш үчүн өтө таасирдүү лоббисттер жана таанытуу боюнча кеңири кампания уюштуруу зарыл. Айланабызда андай лоббисттер жок эле, ошондуктан кыска убакыт ичинде болгон каалганы каккылап, Голливуддагы таасирдүү инсандардын, атап айтканда, продюсер жана режиссерлордун арасынан өнөктөштөрдү издедик.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @aibek_kyshtobaev

Үмүтүбүз акталды, тасма көпчүлүккө жагып, бизди колдоого алышты. Чынында голливуддук топ кыргыздарга жана биздин өжөрлүгүбүзгө таң калышкан. Ал жакта бардык маселелер жай жана акырын чечилет, ал эми биз катуу дүбүрт менен кирип бардык. Аракетибизден майнап чыкты, ал тургай Шерон Стоун аталган тасманы "Оскарга" көрсөтүү кампаниясына катышкан. Иш аяктаганда Садык Шер-Нияз азиялык тасмалар да голливуд картиналары менен тең тайлашууга мүмкүнчүлүгү болсун деген ниетте Лос-Анджелесте Дүйнөлүк азиялык кинофестиваль уюштурууну сунуштаган.

Пандемияга дейре фестивалды жыл сайын өткөрчүбүз, ага Фрида Пинто, Мэрием Үзерли, Люси Лиу, атүгүл Анжелина Жоли өңдүү көптөгөн дүйнөлүк жылдыздар катышкан.

Дал ушул фестивалдын алкагында биз Кыргызстанга Стивен Сигалды чакырдык. Бизде анын күйөрмандары көп экенин айттык, ал чын дилден макул болду. Стивен Көчмөндөр оюнуна жакын келди, аны эң жогорку деңгээлде тосуп алдык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @aibek_kyshtobaev

— Иш пландагандай болбой калган учурлар болдубу?

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында бир кызык окуя болду. Стивен чоң аргымак минип чыкмак. Бир нерсе болуп, ат ансыз кетип калат... Бул бардык машыгууларга туруштук бере алган күчтүү күлүк эле. Сигал көлөмдүү киши, чыныгы болбосо да зоот-шаймандары менен чыкмак...

Уюштуруучулар убакыт өтүп жаткандыктан Стивенди башка атка мингизип чыгарышты. Мен ошол иш-чараны уюштуруучулар менен кошо ат жыгылып калбагай эле, жылдызды акырына чейин көтөрө алса экен деп тилендим. Анткен менен аягы жакшы бүткөн.

— Кытайда бизнес ачыптырсыз. Чет өлкөдө жеке иш баштоо татаал болдубу?

— Бизнес ачардан мурун ШКУ программасы боюнча Сиандагы Түндүк-Батыш университетинде эки жыл окудум. Аны аяктагандан кийин Казакстанга жөнөп, ири компанияга ишке орноштум. Кызматымдан тез өйдөлөдүм, бирок Кытайда да иштей алмакмын деген ой дегеле кое бербей, күчтүү экономикалуу жана өндүрүшү бар бул өлкө мени өзүнө тартып туруп алды. Өнүгүү келечегин баамдап, бул державада иштөө кызыктуу деп чечтим. Мени корпорациядан кое бергилери келбеди, бирок айтканымдан кайтпай жумуштан кеттим.

Кытайда тышкы экономикалык ишмердик жүргүзчү компанияга ишке орноштум. Жөнөкөйлөтүп айтканда, КЭРде өндүрүлгөн нерселердин баарын дүйнөлүк рынокто сатуу менен алектенет.

Жарым жыл ичинде көптү үйрөндүм, кийин өз ишимди ачууну чечтим. Мурдагы жетекчим жакында анын түз атаандашы болорумду айтып тамашалап калчу... Айтор, ошондой эле болду. Компания ачуу үчүн баштапкы капитал керек, досумдан карыз алдым. Кеңсе ачууга каражат болбогондуктан үйдөн иштедим. Бара-бара жардамчыларым пайда болду, бирок ашкана жана конок бөлмөм мурдагыдай эле кеңсе бойдон кала берди. Абдан ыңгайсыз эле, ошондуктан көп өтпөй чакан кеңсеге чыктык. Бир аз убакыттан кийин андан жакшыраак, кененирээк жайга көчтүк... Кийин Россия, Казакстан жана Кыргызстанда филиал ачтым.

Бизнесмен Айбек Кыштобаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бизнесмен Айбек Кыштобаев

— Ишканаңыз кантип акча тапчу?

— Кытай — бул ири өндүрүштүк база, көпчүлүк бул держава менен иштешкиси келет. Россия жана Казакстанда өндүрүш кармоо сырьенун, эмгек ресурстарынын кымбаттыгынан, ыңгайсыз салык саясатынан улам пайдасыз. Ошондуктан көпчүлүк бизнесмендер Кытайдан ынанымдуу өнөктөштөрдү издешет. Ал эми айрымдары өз өндүрүшүн ал жакка көчүрүүнү туура көрүшөт.

Адегенде менин ишканам КЭРдеги бизнестин дээрлик бардык чөйрөсүн — билим берүү менен туризмден тарта медицина жана товар өндүрүүгө чейинки тармактарды камтууга аракет кылган.

Кайсы бир мезгилден кийин иш тартиби анчалык эффективдүү түзүлбөгөнүн, көп күч жумшап, ар кыл багыттарга чарпылып, бирок натыйжада тийиштүү жыйынтыкка ээ боло албай жатканымды түшүндүм. Тыкыр талдап чыккан соң экинчи даражадагы бир нече багыттан баш тартып, негизгилерине гана басым жасоону чечтим. Көп жылдан кийин Ричард Кохтун "80/20 эрежеси" деген китебин окуп чыгып, убагында туура чечим кабыл алганыма дагы бир ирет ынандым.

Бардык тармактарда адис боло албай турганыңды билгениң оң. Мисалы, сага медициналык жабдыкка буюртма беришсе, сен аны жакшы билүүгө тийишсиң. Эгер кокус буюртмачыга жараксыз товарды берсең, буюртмачы да, компаниянын бедели да жабыр тартат. Бөркүңүздөй көрүңүз, бул чоң көйгөй. Ошондуктан жоопкерчилигин алууга күчүбүз жеткен өндүрүмдөрдүн категориясын тандап алдык.

Биз өлкөлөрдүн дээрлик бардыгындагы объектилерди толук жабдууга басым жасадык. Ар кандай шаарларда ири отель, ресторан жана мейманкаларды ачтык. Бардык жабдуулар Кытайдан биздин көзөмөлүбүздө алып келинчү. Кардарлар европалык өлкөдөгүлөргө караганда арзан, бирок сапаттуу ишке ыраазы болушту.

— Маектериңиздин биринде бизнесиңизди сатып алууга кызыккандар болгонун айттыңыз эле. Канчага баалашты?

— 700 миң доллардын тегерегинде. Компаниямды саткым келбеди, анткени ага көп күч, каражат жумшадым, бүт дитимди койгом.

Кеңселер иштеп, кампалар курулуп, адистер тандалып, кардар жана өндүрүшчүлөрдүн чоң базасы түзүлүп, логистика жолго коюлган. Балким кайсы бир кезде сатууга чыгынат чыгармын, бирок ошондо баш тарткам. Өзүң жараткан нерседен айрылуу абдан оор.

Бизнесмен Айбек Кыштобаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бизнесмен Айбек Кыштобаев

— Пандемия сиздин ишиңизге кандай таасир этти?

— Дээрлик бүт дүйнө кытайлык өндүрүшчүлөрдөн көз каранды, ал эми КЭР, сиздер билгендей, эпидемиянын айынан дүйнөдөн оолак калды. Жабдууларды ташуу системасы үзгүлтүккө учурады. Ири компаниялар өндүрүштүн бир бөлүгүн Түштүк Америкага, Вьетнам жана башка мамлекеттерге ташый баштады.

Жоготууларыбыздын көлөмүн так айта албайм, бирок пайыздык катнашта бааласак, компаниянын айлантуу жана кирешеси 70 пайызга төмөндөдү. Мындан ары эмне болору да түшүнүксүз. Бизнести диверсификациялоону биринчи орунга койгонум бизди сактап калды.

АКШда жүргөндө башка бир нече бизнес долбоорун ачып, ал ортодо Калифорния университетинде ортоңку жана жогорку звенодогу менеджерлерди, ошондой эле ишкерлерди даярдоочу — Master of Business Administration программасын аяктоого да үлгүрдүм. Бул менин мейкиндиктеримди кыйла кеңейтти.

Бизнесмен Айбек Кыштобаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бизнесмен Айбек Кыштобаев

— Америкада бизнес түптөө аябай татаал жана асман чапчыган каражат керек деп ойлогом...

— Баш багуу кымбатка түшөт, бирок бизнес жүргүзүү анчалык татаал эмес. Мамлекет рынокко кирүүнүн ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Такси кызматын ачуу үчүн 100 миң доллардай каражат кетти.

Бизнес кызыктуу, бирок нервди жеп түгөтчү, болжоп болгус багыт экен. Бир жарым жылдан кийин бул иште адам фактору биринчи орунда экенин аңдап, сатып жибергеним туура деген чечимге келдим. 150 миң долларга макулдашып, ачыгын айтсам, алда канча жеңилдей түшкөм.

Көп өтпөй Amazon бир нече интернет-дүкөнүн ачтым. Бул — бизнеске бардык шарттарды камсыздап берген абдан ыңгайлуу электрондук аянтча.

Кытайлык ишкерлер жана ортомчулар өз өндүрүмдөрүн саткан Alibaba бар. Amazon аянтчасындагы дүкөн жана сатып алуучулар Alibaba платформасынан товар сатып алып, үстүнө кошуп сатышат. Кытай өндүрүшчүлөрүнө түз чыга алгандыктан түйүндөрдү кыскартып, маржиналдуулукту (товардын сатылган баасы менен анын өздүк наркына жумшалган чыгымдарды каттаган экономикалык категория — ред.) көбөйттүм.

Мунун артыкчылыгы — товар ортомчуларсыз сатып алынат. Мындайда өндүрүмдүн өздүк наркы атаандаштардыкына караганда төмөн, ал эми сапат өндүрүштү көзөмөлдөөнүн эсебинен жогору болот. Анан албетте, жолго салынып калган логистиканын да пайдасы тийди. Сөз кезеги келгенде айтып коеюн, ошол тушта АКШнын фондулук жана инвестициялык рынокторуна кызыга баштадым.

Эксперттер алгачкы жылдары жаңы трейдерлердин 99 пайызы өз капиталдарынан кол жууйт дешсе да мен аны алигүнчө сактап гана чектелбестен, инвестицияны көбөйтө алдым.

Кеңири таанылган ишканалардын мага кызыгы жок, мен маселен Amazon, Facebook, Apple компанияларынын акцияларын сатып албайм. Аты көп чыга элек ишканалардын кагаздары менен иштөөдө пайда табууга болот. Потенциалы бийик тийиштүү бааланбаган акцияларга салым салууну эп көрөм. Андайларды тандоо үчүн бизнес-инкубаторлордо өсүп келип, кийин IPO (акционердик коомдун акцияларынын алгачкы ачык сатыгы — ред.) инновациялык өндүрүмдөрү менен чыккан компанияларды изилдеп турам.

Бизнесмен Айбек Кыштобаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бизнесмен Айбек Кыштобаев

— Мынчалык кылдат ыкмаларга карабастан акча жоготкон учуруңуз болгондур. Эң чоң сумманы атай аласызбы?

— Маселен, "насыялык жөлөк" деген түшүнүк бар, брокерлер акча карыздоого мүмкүнчүлүк беришет. Менин балансымда 50 миң доллар бар дейли, "мага бирөө жөлөк болуп" берсе, жүз миң менен иштей алам. 40 миң долларга чейин жоготуп же жолум болгон келишимде 70 миңге чейин тапкан учурларым болгон.

Акциялар менен соода жүргүзүүдөн мурун бир нерсени так түшүнгөн оң, рынокту ийне-жибине чейин изилдеп, механизмдердин бардыгы менен таанышып алуу абзел. Тилекке каршы, көп адамдар билип-билбей туруп акча салып, алып сатарлык менен алектенүүнү ылайык көрүшөт. Азыр бардык ишкерлер үчүн оор мезгил. Пандемиядан улам кытайлык бизнес токтоп, америкалык долбоорлор туруп калды. Албетте, Amazon аянтчасын кошпогондо...

Кыргызстандагы бизнести айлантуу (Бишкекте менин бир нече жайым бар) 60-70 пайызга кыскарды.

— АКШ же Кытайда жашап калсаңыз деле болмок да, бирок мекенге кайттыңыз. Буга эмне себеп?

— Менин үйүм, жакындарым, тамырым бул жакта. Бекем, гүлдөгөн мамлекет, акыл-эстүү коом куруп, өз потенциалыбызды өнүктүрө аларыбызга ишенем.

Тема боюнча

Ишкерлер эмнеден ката кетирет? Бишкектик бухгалтер агынан жарылганда
Ишкер Билимбеков: АКШда ачкан рестораныбыздын жасалгасын Кыргызстандан жасаттык
Белгилер:
ишкер, бизнес, Кытай, АКШ, акция, рынок, акча, соода, логистика, система

ЭҢ МААНИЛҮҮ