COVID-19га кабылгандарды дарылоочу Бишкек жана Чүйдүн ооруканалары

© Sputnik / Илья Московец / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Бишкек шаарында эң көп бош орун бүгүн Наркология боюнча улуттук борбордо. Учурда бул жерде 77 керебет бош.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 451 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 10-август, саат 8:00гө карата берилди:

  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 60;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 49;
  • Улуттук кардиология борбору — 16;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 29;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 34;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 24;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 77;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 72;
  • Аскердик госпиталь — 30;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 28;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 6.
Жаңылыктар түрмөгү
0