БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 451 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 10-август, саат 8:00гө карата берилди:
- Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;
- Улуттук хирургия борбору — 6;
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 60;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 49;
- Улуттук кардиология борбору — 16;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 29;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 34;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 24;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 77;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 72;
- Аскердик госпиталь — 30;
- Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 28;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 6.