Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар

© AFP 2023 / CHARLY TRIBALLEAUЭкзамен алдында абитуриент. Архив
Экзамен алдында абитуриент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2021
Жазылуу
Ар бир окуу жылынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтөт. Алтын сертификат алгандар үчүн өлкөдө бардык ЖОЖдордун эшиги ачык.
2020-2021-окуу жылындагы ЖРТнын жыйынтыгы чыгып, анда кимдин канча балл алганы белгилүү болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 58 бүтүрүүчү жогорку упайга ээ болду. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы алардын ичинен алдыңкы 10 киши кайсы окуу жайга тапшырарын же тапшырып койгонун сураштырды.
Жайдар Нургазиев Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейин аяктады. ЖРТдан ал 232 балл алды, бул республика боюнча эң жакшы көрсөткүч. Жайдар Гонконгдогу ЖОЖдордун бирине тапшырганын айтты.
© Фото / администрация кыргызско-турецкого лицея "Сапат" имени Х. Карасаева в КараколеЖайдар Нургазиев Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейин аяктады
Выпускник кыргызского-турецкого лицея Сапат в Караколе Жайдар Нургазиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жайдар Нургазиев Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейин аяктады
"Гонконгдогу окуу жайга ЖРТнын жыйынтыгы зарыл эмес эле, бирок документ катары керек болчу. Буюрса ал жактан да бекер жана стипендия менен окуганы турам. Социология факультетин тандадым. Эл менен иштеген жагат, коомдун өнүгүшүнө салым кошом деген ниетим бар", — деди бүтүрүүчү.
Бишкектеги № 26 гимназиянын бүтүрүүчүсү Алия Сарыгулова 231 баллга ээ болду. Ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин программалык инженерия факультетин тандап алган.
© Фото / из личного архива Алии СарыгуловойБишкектеги № 26 гимназиянын бүтүрүүчүсү Алия Сарыгулова 231 баллга ээ болду
Выпускница бишкекской гимназии № 26 Алия Сарыгулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкектеги № 26 гимназиянын бүтүрүүчүсү Алия Сарыгулова 231 баллга ээ болду
"Сапаттуу билим — бардык нерсенин негизи. Азыр IT-адистер абдан керек. Биринчиден, бул тармак ордунда турбайт жана актуалдуулугун жоготпойт. Экинчиден, зериккенге убактың болбойт", — деди Алия.
Талас облусундагы Жумагул уулу Алымкул орто мектебинин сыймыгы — Сымбат Касымбекова 230 баллга татыды. Ал азырынча Борбордук Азиядагы Америка университети же чет өлкөлүк ЖОЖдордун бирин тандайм деп турат. Колдонмо математика менен компьютердик инженерияны жактырат.
Университеттеги аудитория. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Кыргызстанда университеттерди эки түргө бөлүү пландалууда. Максаты
Бишкектеги № 13 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Медер Рахатбеков дагы 230 балл алды. Ал Гонконгдогу Кытай университетине өтүүнү көздөп жатат.
"Тапшыруу үчүн мага ЖРТнын жыйынтыгы гана жетпей жаткан. Аны аларым менен аталган окуу жайга жөнөтөм. Кесип боюнча айтсам, Data Science (маалыматтар тууралуу илим) менен Urban Science (урбанистика) экөөнүн бирин ойлонуп жатам. Кичине кезимен баштап компьютерге жакынмын. Математика менен урбанистиканы аябай жакшы көрөм. Келечекте Кыргызстанды архитектура жагынан өтө кооз өлкө катары элестетип, ошол кыялымды ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди көрөм", — деди Медер.
Адил Ахматбеков — Бишкектеги № 61 физика-математикалык автордук мектепти аяктады. ЖРТдагы жыйынтыгы — 228 балл. Ал Москвадагы Жогорку экономика мектеби улуттук изилдөөлөр университетине "колдонмо математика жана информатика" адистиги боюнча окууга өттү.
© Фото / из личного архива Адиля АхматбековаАдил Ахматбеков Бишкектеги № 61 физика-математикалык автордук мектепти аяктады
Выпускник авторской физико-математической школы-лицея № 61 Адиль Ахматбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Адил Ахматбеков Бишкектеги № 61 физика-математикалык автордук мектепти аяктады
"Мага коддорду жазып, тапшырмаларды аткарган жагат. Андыктан бул багыт мен үчүн идеалдуу деп айтсам болот. IT-тармагында иштегим келет, ал эми мен тандаган программа боюнча келечекте каалаган үндөш кесипти тандасам болот", — деди Адил.
Баткен облустук мектеп-гимназия-интернатын аяктаган Нуржамал Абдиллаева 227 балл топтой алды. Ал Эл аралык "Ала-Тоо" университетиндеги медицина факультетинде окуйт. Бул окуу жайды англис тилинде сабак берилгендиги үчүн тандап алган.
Бүтүрүүчүлөр алтын сертификаттар аземинде . Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
Дал ушундай баллды Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Атамбеков орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нургүл Адисова да алды. Ал дагы Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде окуп, IT-адис болууну көздөп жатат.
227 балл алган Аскар Иманакунов мектепти 2018-жылы аяктаган. Алгач Кыргызстанга, кийин Польшага окууга тапшырып, бирок пандемиядан кийин кайра кайтып келген. Эки окуусун тең аяктаган эмес. ЖРТны өз күчүн сыноо үчүн тапшырып көргөнү менен жыйынтыгын билген соң кайрадан окууга өтүүнү ойлонуп жатат.
© Фото / из личного архива Аскара Иманакунова227 балл алган Аскар Иманакунов мектепти 2018-жылы аяктаган
Обладатель золотого сертификата ОРТ-2021 Аскар Иманакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
227 балл алган Аскар Иманакунов мектепти 2018-жылы аяктаган
"Азырынча чечим кабыл ала элекмин. Бирок Гонконгдогу окуу жайлардын бирин караштырып жатам. Ал жакка алтын сертификат жана TOEFL жыйынтыгы боюнча алышы мүмкүн. Буга чейин журналистика жана графикалык дизайн боюнча окууларга тапшыргам. Азыр мени программалоо кызыктырып жатат", — деди Аскар.
Бишкектеги № 61 физика-математикалык автордук мектебин бүтүрүп, ЖРТда 227 балл алган Бектур Конушбаев Түштүк Флорида университетине (АКШ) кабыл алынды. Аны физика багыты абдан кызыктырат.
Ушул эле №61 мектептин бүтүрүүчүсү Айдар Кыштобаев 227 балл алып, учурда Россия жана Гонконг университеттеринин ичинен бирин тандаганы турат.
© Фото / из личного архива Айдара КыштобаеваУшул эле №61 мектептин бүтүрүүчүсү Айдар Кыштобаев
Выпускник АФМШЛ № 61 Айдар Кыштобаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ушул эле №61 мектептин бүтүрүүчүсү Айдар Кыштобаев
"Москвадагы Физика-техникалык институту менен Гонконг университети (HKU) экөөнүн бирине барам. HKU окуу жайынан расмий кат келди. Эми россиялык окуу жайдын жообун күтүп жатам", — деди ал.
Университетте Айдар программалоо багыты боюнча билим алганы турат.
Бишкектеги № 61 физика-математикалык автордук мектебинин дагы бир бүтүрүүчүсү Кубанычбек Тагайбеков 227 балл алган. Редакция өзү менен байланыша алган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0