Бишкектеги конуштардын биринде өзүнүн белгиси пайда болду. Сүрөт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин Ак-Ордо конушунда өзүнүн стеласы орнотулган
Бишкектин Ак-Ордо конушунда өзүнүн стеласы орнотулган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2021
Жазылуу
Бул райондун стеласын "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жасап жана орнотуп, айланасын да көрктөндүрүшкөн.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
© пресс-служба мэрии города БишкекЛенин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
Установка стелы в жилмассиве Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
Аны Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине тургузган.
Кыз паркта отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Көк-Жар жаңы конушунда сквер пайда болот
Ак-Ордонун бул белгисин "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жасап, орноткон. Бийиктиги жети метр болгон стеланын өзү жана анын ири тамгалары аталган компаниянын усталарынын колунан чыккан.
Ал граниттен жасалып, тоонун элесин берип турат. Жанына отургучтар орнотулуп, көп жылдык арчалар тигилип, газон менен брусчатка төшөлгөн. Мэриядан анын бардык элементтери түндө ар түрдүү жарыктарды чачыратып күйүп турарын айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0