https://sputnik.kg/20210510/ittin-yjlagan-balany-soorotkon-videosu-1052441314.html
Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу
Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу
Sputnik Кыргызстан
Кээ бир жаныбарлардын абдан акылдуу жана сезимтал экенин адам баласы айтып эле келет. Ал эми төмөнкү видео ал сөздү дагы бир ирет далилдеп берген. 10.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-10T08:32+0600
2021-05-10T08:32+0600
2021-12-16T13:59+0600
коом
дүйнөдө
ит
бала
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/05/09/1052441354_0:126:1921:1212_1920x0_80_0_0_ff01589c80b868da26e5655eac7cd0ba.jpg
Ымыркайдын энеси чүрпөсү ыйлап баштаганда үйүндөгү ити кантип сооротконун видеого тартып алган.Кадрдан диванда жаткан бөбөктүн ыйлаганын, бирок анын жанындагы ит кайдыгер карап жата бербей, баланы алаксытып сооротууга аракет кылганын көрүүгө болот.Ымыркай менен кошо ит башын жогору карай созуп алып, жарыша үнүн чыгарып, ырдагандай дейбизби, айтор аракетин кылган. Алгач капыстан чыккан үндү уккан бөбөк итти карап, саамга токтой калып, бирок "ишин" кайра уланткан. Бирок ит баланын ыйына карабастан, үнүн андан катуураак чыгарып, акыры кичинекейди соороткон.Социалдык тармакка видеону жарыялаган энеси үйдөгү иштер, тамак-аш бышыруу менен алек болуп, баласына колу жетпей жатканда итинин жардамга келгенин жазган.
https://sputnik.kg/20190405/hyuston-menen-zharysha-yrdagan-ittin-videosu-1043861430.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/09/1052441354_0:66:1921:1272_1920x0_80_0_0_75d775f480f3a4d29b7fbe00c71bb635.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, дүйнөдө, ит, бала, видео
коом, дүйнөдө, ит, бала, видео
Иттин ыйлаган баланы соороткон видеосу
08:32 10.05.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Кээ бир жаныбарлардын абдан акылдуу жана сезимтал экенин адам баласы айтып эле келет. Ал эми төмөнкү видео ал сөздү дагы бир ирет далилдеп берген.
Ымыркайдын энеси чүрпөсү ыйлап баштаганда үйүндөгү ити кантип сооротконун видеого тартып алган.
Кадрдан диванда жаткан бөбөктүн ыйлаганын, бирок анын жанындагы ит кайдыгер карап жата бербей, баланы алаксытып сооротууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Ымыркай менен кошо ит башын жогору карай созуп алып, жарыша үнүн чыгарып, ырдагандай дейбизби, айтор аракетин кылган. Алгач капыстан чыккан үндү уккан бөбөк итти карап, саамга токтой калып, бирок "ишин" кайра уланткан. Бирок ит баланын ыйына карабастан, үнүн андан катуураак чыгарып, акыры кичинекейди соороткон.
Социалдык тармакка видеону жарыялаган энеси үйдөгү иштер, тамак-аш бышыруу менен алек болуп, баласына колу жетпей жатканда итинин жардамга келгенин жазган.