23:27 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
754 0 0

1979-жылы 25-декабрда расмий Кабулдун өтүнүчү менен СССР Афганистанга 40-армиясын киргизет. Тилекке каршы, Советтер Союзунун аскерлери өлкөдөгү жарандык согушка аралашууга аргасыз болгон.

Афган куралдуу оппозициясына чет өлкөлөр катуу көмөк көрсөткөн. Мындан улам советтик аскерлер оор жоготууга учурап, СССРдин экономикасы жабыркайт. Советтер Союзунда бул согушка нааразычылык күчөйт. Мындан улам 1988-жылы 7-апрелде СССРдин жетекчиси Михаил Горбачев Афганистандын президенти Мохаммад Наджибулла менен Ташкентте жолугат. Натыйжада 14-апрелде Женевада Советтер Союзу, АКШ, Афганистан жана Пакистандын өкүлдөрү абалды жөнгө салуу жана тогуз айдын ичинде 40-армияны алып чыгып кетүү боюнча келишимге кол коёт. Бул келишимдин аткарылышына расмий Москва менен Вашингтон кепилдик берген. Документке ылайык, 1988-жылы 15-майдан баштап 40-армияны чыгаруунун биринчи этабы башталат. Алардын арасында кыргызстандык жоокерлер да бар эле. 1989-жылы 15-февралда Советтер Союзу аскерлерин толугу менен алып чыгып кеткен.

Корреспондент газеты Правды Владимир Пластун С вождём племени мангалов, 1990 г. Афганистан.
© Фото / из личного архива Владимира Пластуна
"Правда" гезитинин кабарчысы Владимир Пластун Мангал уруусунун башчысы менен. Афганистан 1990-жыл

Тилекке каршы, Афганистанда азыркы күндө да жарандык согуш уланып, постсоветтик аймакка терс тааасирин тийгизип жаткан учуру. Дал ушул себептен бүгүнкү күндө да бул өлкөдөгү бүтпөгөн кан төгүү афганчылардын жүрөгүн сыздатып келет. Алардын жан дүйнөсүндөгү бушаймандыкты белгилүү советтик жана россиялык чыгыш таануучу жана ушул согуштун ардагери Владимир Пластун өзүнүн “Изнанка афганской войны 1979-1989гг.: Дневниковые записи и комментарии участника” аттуу китебинде жакшы чагылдырган. Автор "мен үчүн Афганистан өзүнчө өмүр болду" деп жазган. Колумнист Алмаз Батилов афган согушунун ардагерлери менен маектешип, алардын эсинде калган окуяларын жазып алды.

Ветеран войны в Афганистане, известный востоковед, доктор исторических наук, профессор Новосибирского государственного университета Владимир Пластун
© Фото / из личного архива Владимира Пластуна
Афганистандагы согуштун ардагери, белгилүү чыгыш таануучу, тарых илимдеринин доктору, Новосибирск мамлекеттик университетинин профессору Владимир Пластун

Сүйүнгөнүбүздөн кыйкырып, ыйлап, бийлеп...

Экинчи мусулман батальонунун алтынчы ротасынын жоокери Алмаз Базаркулов:

Алмаз Базаркулов (слева) со своими однополчанами Северный Афганистан.1982г
© Фото / из личного архива Алмаза Базаркулова
Алмаз базаркулов (солдо) полктоштору менен. Түндүк Афганистан, 1982-жыл

— 1983-жылдын ноябрь айында 43 жоокердин кызматтык мөөнөтү бүтүп Панжшер капчыгайынан Союзга кеткенге буйрук чыкты. Алардын ичинде мен да бар болчумун. Кайсы күн экени эсимде жок, таңга маал жөө аскерлерди ташычу автоунаанын (БМП) ичине аскердик мөөнөтүбүз бүткөн жоокерлер отурдук. Башка полктошторубуз үстүнө отурушту. Жети чакырым жүргөн соң БМПдан чыктык. Дагы бир БМП келди, ушу эки аскердик автоунаанын ортосуна жашындык. Бир аз убакыттан кийин эки тик учак учуп келди. Ошол маалда буларды моджахеддер аткылай баштады, ага карабастан тик учактарга чуркап түштүк. Вертолеттор асманга көтөрүлүп жаткан учурда да моджахеддер пулеметтон аткылап жатышты. Баарыбыз вертолетторго ок тийбесе экен деп ичибизден жалынып жаттык. Бир сааттын ичинде Баграм шаарындагы аэропортко жеттик. Сүйүнгөнүбүздөн кыйкырып, ыйлап, бийлеп жаткан учурда орус улутундагы пилоттун бирөөсү кабинадан чыгып, "эмне кылганыңар, вертолетту оодарасыңарбы" деп кайра уруша албай, унчукпай калды. Ал биздин сүйүнгөнүбүздү көрүп, көзүнөн жаш акканы эч качан эсимен кетпейт.

Алмаз Базаркулов (справа)со своим однополчанином.Панджшерское ущелье.1982г
© Фото / из личного архива Алмаза Базаркулова
Алмаз Базаркулов (оңдо) Панджшер капчыгайында. 1982-жыл

Нан

108-мотоаткычтар дивизиясынын 177-мотоаткычтар полкунун 2-батальонунун миномет батареясынын жоокери Мырза Макеев:

Мырза Макеев (слева) с киргизским солдатом Сагынбаем Тешебаевым на севере Афганистана (Чарикар), февраль 1982 г.
© Фото / из личного архива Мырзы Макеева
Мырза Макеев (сол жакта) кыргызстандык жоокер Сагынбай Тешебаев менен Түндүк Афганистанда (Чарикар шаары). 1982-жыл, февраль

— Полкубуз Парван чөлкөмүнүн Джабаль-ус-Сарадж шаарында жайгашкан. Ал эми батальонубуз Саланг ашуусунун ары жагындагы Баглан аймагынын Хинжан болуштугунда эле. Полкко нанды Джабаль-ус-Сарадж жана Пули-Хумри калааларынан ташып келишчү. Джабаль-ус-Сарадждан Хинжанга чейин бир күндүк жол. Пули-Хумри биз турган болуштукка жакын. Шаардагы наабайкананы моджахеддер жардырып салгандыктан бир жума токоч көрбөй калдык. Бизге чейин кызмат өтөгөн аскерлер тамдын үстүнө нан таштап кетиптир. Айла жок, катыган токочту эптеп туурап, суюк тамакка салып жибитип жедик. Нан кадимкидей топурак даамданып калыптыр. Ошондо "Нан баарынан улук" деген макалды эстедим.

Мырза Макеев (в первом ряду слева) с товарищами на перевале Саланг (Северный Афганистан) 1982 г.
© Фото / из личного архива Мырзы Макеева
Мырза Макеев( биринчи катарда сол жакта) полктоштору менен Саланг ашуусунда (Түндүк Афганистан), 1982-жыл

29 ок

860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун сапердук ротасынын айдоочусу Байышбек Керимов:

Байышбек Керимов (справа) со своим однополчанином г. Бухара. 1981г
© Фото / из личного архива Байышбека Керимбаева
Байышбек Керимов (оңдо) полктошу менен. Бухара шаары, 1981-жыл

— 1981-жылы 4-августта күндүз Бадахшан аймагынын Кишим шаарынын жанындагы кууш жолдо колоннабыз жүк ташып бара жаткан учур эле. Түштөн кийин саат төрттө, моджахеддердин буктурмасына кабылдык. Колоннанын ортосундагы машина минага жарылды. Жарым колонна курчоодон чыгып кеткенге үлгүрдү. Ал эми калганыбыз курчоодо калдык. Кабинадан секирип түшүп башыбызга каска кийип, автоматты колго алып автоунаанын астына, аң-дөң же таштын түбүнө жашынып ок чыгара баштадык. Түнкү саат 11ге чейин согушкерлер баш көтөртпөй аткылашты. Ошол маалда Кудай жалгап, 122-мотоаткычтар полкунун танкалык батальону менен чалгынчылары жардамга келип, бизди курчоодон чыгарып кетишти. Ал жерден кокусунан бизди куткарган чалгынчылардын арасынан кыргызстандык жоокер Бектур Жумашев менен тааныштым. Кийин билсек согушкерлердин мындай диверсиясынын жыйынтыгында төрт жоокер курман болуп, 20 аскер жаракат алыптыр. Эртеси Бектур мен айдаган автоунаанын кабинасына кирип, "29 ок тийиптир, кантип тирүү калдың? Сен көйнөкчөн төрөлгөн турбайсыңбы" деп таң калды.

Байышбек Керимов (в первом ряду слева) г. Бухара. 1981г
© Фото / из личного архива Байышбека Керимбаева
Байышбек Керимов (биринчи катарда солдо биринчи). Бухара шаары, 1981-жыл

Кат

5-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 24-гвардиялык танкалык полкунун санинструктору ефрейтор Мухтар Бакашев:

Мухтар Бакашев (слева второй ) со своими однополчанами. Провинция Герат,уезд Шинданд. 1982г
© Фото / из личного архива Мухтара Бакашева
Мухтар Бакашев (солдон экинчи) полктоштору менен. Герат провинциясы, Шинданд уезди, 1982-жыл

— Ош облусунун Совет районунун аскердик комиссариатынан Советтик армиянын катарына чакырылып, 1981-жылы июнь айынан баштап Герат аймагындагы Шинданд уездинде кызматымды өтөй баштадым. Адегенде төрт ай ата-энем менен бир туугандарымды сарсанаа кылбайын деп такыр кат жазган жокмун. Анан кызыктуу окуя болду. Күн сайын эртең менен полктун тартиби боюнча командири бардык жоокерлерди тизип, карап чыгат. Аскердик бөлүгүбүздүн командири, теги татар Фузайлов (аты эсимде жок) мени катардан чыгарып полктун көзүнчө "үйүңө кат жаз" деп буйрук берди. Командирим полктошторумдун көзүнчө үйдөгүлөргө кат жаздырып, почтанын кутучасына салдырды. Көрсө, ата-энем балабыз эмне болду деп санаа тартып, жергиликтүү аскер комиссариатына барып дарегимди издешиптир. Алар издеп отуруп, полктун командирин таап, жоокериңиз үйүнө кат жазсын деп өтүнүптүр. Кийин ата-энеме жумасына бирден кат жазып турдум.

Мухтар Бакашев (в центре).Провинция Герат.уезд  Шинданд. 1982г
© Фото / из личного архива Мухтара Бакашева
Мухтар Бакашевв (ортодо). Герат провинциясы, Шинданд уезди, 1982-жыл

Жааган окко карабай кино көрүп...

141-өзүнчө авиациялык полктун ага прапорщиги, вертолеттордун радиоэлектрондук жабдыгынын адиси Александр Выдрицких:

Специалист по радиоэлектронной технике вертолетов 141-ого авиационного полка, старший прапорщик Александр Выдрицкий
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
141-өзүнчө авиациялык полктун ага прапорщиги, вертолеттордун радиоэлектрондук жабдуусунун адиси Александр Выдрицких

— 1988-жылы жазда Файзабад шаарындагы гарнизонго барып калдык. Аларда жайкы чакан кинотеатр бар экен. Кечкисин ушул кинотеатрга көркөм тасма көргөнү бардык. Орундуктар орнотулуп, жерге аэродромго төшөлчү металлдан жасалган плиталар төшөлгөн. Кинопроектордун жардамы менен экранда көркөм тасма көрсөтүлүп жаткан учурда плиталардан кызыктуудай добуш чыкты. Жергиликтүү кесиптештерден эмне болгон үн экенин сурадык. Алар ушул маалда жакынкы дөңсөөдөн моджахеддер аткылай турганын, ага көңүл бурбай эле коюшубузду айтышты. Бизди кайтарган взвод буларды көздөй ок чыгарганда жай баракат кино көрүп отурганын угуп, аябай таң калдык. Дагы жакшы эч кимге ок тийген жок.

Афганистан менен коштошуу

201-дивизиянын 541-өзүнчө инженердик-сапердук батальондун взвод командири лейтенант Таирбек Мадымаров:

Курсант ТВВКУ Таирбек Мадымаров 1986. декабрь. Эстония г. Тапа. 1986г. стажировка
© Фото / из личного архива Таирбека Мадымарова
Тюмень шаарындагы жалпы аскердик- инженердик командалык училищесинин курсанты Таирбек Мадымаров Эстония, Тапа шаары. 1986-жыл, декабрь.

— 1988-жылы сентябрь айында биздин бөлүк Кундуз чөлкөмүнөн Союзга чыга баштады. Бир чети үйгө кетебиз деп cүйүндүк. Экинчи жагынан жарандык согуштун алааматында калган жергиликтүү элге боорубуз ооруду. Биз кетип жаткан учурда жолдун боюндагы айрым кыштактардын тургундары колдоруна Афганистан менен СССРдин тууларын кармап тизилип, узатып жатканда зээнибиз кейиди. Тилекке каршы, божомолубуз туура чыкты. Эки суткадан кийин Таликан айылына кайттык. Себеби командачылык бул кыштактагы советтик чек арачыларды чыгарууга жардам берүүгө буйрук берди. Кайра кайтканда такыр башка абалга туш келдик. Биз кеткенден кийин моджахеддер афган армиясынын блокпостторуна кол салып, аскердик техникасын талкалай баштаптыр. Мындан тышкары, согушкерлер расмий Кабулдун жоокерлери менен тарапкерлерин аёосуз өлтүрүп, бийлигин орното баштаптыр. Ушул кыштактан кетип жаткан учурда бизди моджахеддер аткылап жатышты. Эң өкүнүчтүүсү — советтик аскерлер Афганистандан чыгып кеткенден кийин, жарандык согуш токтойт деген үмүт акталган жок.

фото Таирбек Мадымаров (справа первый)Балыкчы.Учения  Рубеж.2016г
© Фото / из личного архива Таирбека Мадымарова
Таирбек Мадымаров (оңдон биринчи) Балыкчы шаарындагы машыгуу. 2016-жыл

Тема боюнча

Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны
Белгилер:
команда, армия, батальон, Аскер, СССР, жарандык согуш, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ