Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" аэропортунун жанында кулаган учактын ордундагы кинолог. Архив
Манас аэропортунун жанында кулаган учактын ордундагы кинолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан республикадагы кинология мектеби жана кызматтык иттер туурасында материал даярдады.

Кызматтык иттер кинологдун бир тууганындай, баласындай, кесиптешиндей болуп калат. Керек кезде мамлекеттин тынчтыгын сактоого салым кошот, коопсуздукка коркунуч жараткан кылмышкерди табат, контрабандага бөгөт коюп, кылмышкердин кыпылдатып жашырган товарын таап чыгат. Ал тургай митингдерге катышат, коомдук коопсуздукту сактоого салымын кошот.

Будни кинологического центра ПСН Шумкар МВД - Sputnik Кыргызстан
ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт
Биз телеканалдан же жаңылыктардан көрүп жүргөн кызматтык иттердин кайдан даярдаларына кызыгып көрдүк.

Республикада ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, Бажы мамлекеттик кызматында, УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүндө жана Чек ара кызматында кинологиялык борборлор бар.

Кинологдор. Кинолог — иттерди багуу жана үйрөтүү жаатындагы кесипкөй адам. Бул кызматтын ээлери ИИМдин атайын окуу курсунан же окутуу базасы жана уруксаты бар кинология борборлорунан үч айдан ашык окуп, атайын сертификат алышат. Ошол сертификаттын негизинде жумушка алынат. Кинолог иттерди окутуп эле тим болбостон, зоопсихолог да болушу керек. 

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКинолог — иттерди багуу жана үйрөтүү жаатындагы кесипкөй адам
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Кинолог — иттерди багуу жана үйрөтүү жаатындагы кесипкөй адам

ИИМдин кинология борбору. Аталган борбор 47 жыл илгери түптөлгөн. Мында окутуп-үйрөтүү үчүн тийиштүү техникалык база бар. ИИМде эмгектенген кинологдорго бир же эки ит бекитилет. Кызматтык иттер атайын комиссиянын тандоосу менен алынат. Себеби төрт буттуу досторубуздун айрымдары коркок болуп же саламаттыгы ылайыксыз болуп калышы ыктымал. 

© Фото / Пресс-служба МВД КРИИМдин кинология борбору 47 жыл илгери түптөлгөн
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин кинология борбору 47 жыл илгери түптөлгөн

Ар бир кинолог өзүнө бөлүнгөн иттерди гана машыктырууга укугу бар.

ЖАМК. Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинде кинология борбору 15 жыл мурда ачылган. Азыркы күндө мекемеде 60ка жакын кызматтык ит багылат. 

© Фото / пресс-служба ГСИН КРЖазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинде кинология борбору 15 жыл мурда ачылган. Азыркы күндө мекемеде 60ка жакын кызматтык ит багылат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинде кинология борбору 15 жыл мурда ачылган. Азыркы күндө мекемеде 60ка жакын кызматтык ит багылат
"Чүйдүн Степное жана Беловодское айылында жайгашкан эки базабыз бар. Негизи бир жарым жылдан кийин иттер толугу менен кызматка коё берилет. Бардык эле "окуучуларыбызды" баңгизат издөөгө үйрөтө бербейбиз. Себеби ага айбан да болсо жөндөмдүүлүгү каралат", — деди ЖАМКтын кинология кызматынын жетекчиси Ашым Эшимбеков.
© Sputnik / Табылды КадырбековКызматтык иттер кинологдун бир тууганындай, баласындай, кесиптешиндей болуп калат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык иттер кинологдун бир тууганындай, баласындай, кесиптешиндей болуп калат

Бул тармакта кызматтык иттерди жаза өтөө мекемелеринин аймактарын кайтаруу жана баңгизаттарын издеп табуу боюнча эки багытта даярдашат.

Чек ара кызматы. Мамлекеттик чек ара кызматынын Квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун кинологиялык бөлүмү 2006-2007-жылдары эки этап менен курулган. Мында кызматтык иттер үйрөтүлүп жана көбөйтүлөт. Ошондой эле кинолог адистерди даярдап, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу иштери жүрөт. 

© Пресс-служба ГПС КРИз кубар иттер чек араны бузгандарды изи менен таап баруу, аны кармоо, кайтаруу жана кылмышкер кармалган жерди тинтүүгө даярдалат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Из кубар иттер чек араны бузгандарды изи менен таап баруу, аны кармоо, кайтаруу жана кылмышкер кармалган жерди тинтүүгө даярдалат

Капитан Марат Эргешов билдиргендей, из кубар иттер чек араны бузгандарды изи менен таап баруу, аны кармоо, кайтаруу жана кылмышкер кармалган жерди тинтүүгө даярдалат. 

© Фото / Пресс-служба ГПС КРОшондой эле из кубар иттер автоунаанын ичине жашынып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген адамды табат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Ошондой эле из кубар иттер автоунаанын ичине жашынып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген адамды табат
"Ошондой эле из кубар иттер автоунаанын ичине жашынып, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген адамды табат. Атайын даярдыктагы иттер мыйзамсыз алып жүргөн курал-жарактарды, ок дарыларды, баңгизаттарын табууга үйрөтүлөт. Күзөт иттери чек ара кезметтеринин түнкү көзөмөлүн күчөтүү максатында даярдалат. Ал эми кароол иттер — чек ара кызматтарынын объектилерин, аймактарын кайтарууга багытталган", — деп айтып берди ал.

ӨКМдин кинология кызматы. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123 аскер бөлүгүнүн Куткаруучуларды даярдоо борборунда кинология кызматы 2009-жылы негизделген. Ал кызмат жаратылыш жана техногендик кырсыктарда көчкүлөрдүн жана урандылардын астында калган жабырлануучуларды издөө максатында ачылган. 

© Фото / Пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123 аскер бөлүгүнүн Куткаруучуларды даярдоо борборунда кинология кызматы 2009-жылы негизделген
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №86123 аскер бөлүгүнүн Куткаруучуларды даярдоо борборунда кинология кызматы 2009-жылы негизделген

Аталган кинология кызматынын башчысы Мирлан Сатылгановдун айтымында, негизинен куткаруучулукка немец овчаркалары тандалып алынат.

"Кинолог инструкторлор куткаруучулардын ичинен даярдалат. Ал эми иттер техногендик жана жаратылыш кырсыктарына кабылган адамдарды табууга көмөктөшөт. Башкача айтканда, атайын издөөчү иттерди дайындайбыз", — деди Сатылганов.
© Фото / Пресс-служба МЧС КРАталган кинология кызматынын башчысы Мирлан Сатылгановдун айтымында, негизинен куткаруучулукка немец овчаркалары тандалып алынат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Аталган кинология кызматынын башчысы Мирлан Сатылгановдун айтымында, негизинен куткаруучулукка немец овчаркалары тандалып алынат

2019-жылы Дача-СУга учак кулаганда ӨКМдин Куткаруу кызматынын Грей аттуу ити издөө иштерине катышып, урандылардын алдындагы адамдарды табууда артыкчылыгын көрсөткөн. 2017-жылы Чүй өрөөнүндөгү Абла коктусундагы көчкүдө калган адамдарды издөө иштери аяктаганда адашкан куткаруучуларга кайтуу жолун Грей көрсөткөн. Азыр да ал күжүрмөндүк менен иштеп келет. Аталган окуу жайда Чехия мамлекетинен билим алган инструкторлор эмгектенет.

Жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды издеген төрт буттуу адистер... 2018-жылы Брюсселде Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Дүйнөлүк бажы уюмунун ортосунда Меморандум түзүлгөн. Бажы кызматынын кинология борборуна Дүйнөлүк бажы уюмунун Аймактык окуу борбору макамы берилген. Анда кинологдор даярдалып жана кызматтык иттер үйрөтүлөт.

Бажы кызматында иттерди контрабандалык жол менен өтүүчү накталай валюталарды жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды издөөгө да үйрөтүшөт. 

© Фото / пресс-служба ГТС КРБажы кызматында иттерди контрабандалык жол менен өтүүчү накталай валюталарды жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды издөөгө да үйрөтүшөт
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматында иттерди контрабандалык жол менен өтүүчү накталай валюталарды жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды издөөгө да үйрөтүшөт

Контрабандачылар адаттан тышкары жана стандарттуу эмес жерлерди колдонуу менен тыюу салынган заттарды жашыруу ыкмаларын улам жакшыртып турушат. Ошону менен кызматтык иттерди жана текшерип кароо техникаларын алдоого аракеттенишет. Бажы кызматынын кинологдору баңгизаттарынын жайылып кетишине каршы иштөө боюнча ИИМ жана УКМК менен тыгыз кызматташып, атайын операцияларды жүргүзүп турушарын маалымат кызматынан айтып беришти. 

© Фото / пресс-служба ГТС КРКинологияда негизинен немец, Бельгия жана Чыгыш Европа овчаркалары, лабрадор-ретривер, орус спаниели машыктырылат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Кинологияда негизинен немец, Бельгия жана Чыгыш Европа овчаркалары, лабрадор-ретривер, орус спаниели машыктырылат

Бул ведомствонун иттери баңги каражаттарынын, психотроптук, күчтүү таасир берүүчү, жарылуучу заттардын, ок атуучу куралдардын, ок-дарылардын, акча каражаттарынын жана өзгөчө жыты бар башка товарларды издешет.

Ал эми "жумушка" кызматтык жана мергенчилик тукумдагы иттерди алышат.

Кызматтык иттерди машыктыруу. Кинологияда негизинен немец, Бельгия жана Чыгыш Европа овчаркалары, лабрадор-ретривер, орус спаниели машыктырылат. Ал эми ЖАМКга азият жана немец овчаркасы тукумундагы иттер тандалып алынат. Немец овчаркасы баңгизаттарын жакшы табат. Иттер 6 айынан үйрөтүлө баштайт. Машыктырып жатканда эле аларга мүнөздөмө берилип, жөндөмдүүлүгү байкалып калат. Ошондуктан ар бир ит шыгына жараша багыттарга бөлүштүрүлөт. Бир кызматтык ит кеминде алты айдан бир жарым жылга чейин үйрөтүлөт. Машыктырып жатканда күчүктөр ойноп жатам деп ойлогону менен кинологдор аны тармакка бөлүп, анын дараметин, жөндөмдүүлүгүн сынайт. 

© Фото / пресс-служба ГПС КРКинологиялык борбордо иттер, өзгөчө немец овчаркалары күчүк кезинде ветеринардын тыкыр көзөмөлүндө болот
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Кинологиялык борбордо иттер, өзгөчө немец овчаркалары күчүк кезинде ветеринардын тыкыр көзөмөлүндө болот

Медициналык кароо. Кинологиялык борбордо иттер, өзгөчө немец овчаркалары күчүк кезинде ветеринардын тыкыр көзөмөлүндө болот. Атайын комиссия алгач иттердин ден соолугун, көрүү, жыт сезүү жана угуусун текшерип чыгат. Кызматтык иттерге витамин, вакциналар да убагы менен сайылып турушу керек. Кийин чоңоюп калганда иттер жылына бир жолу гана эмдөөдөн өтүп турушат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНегизи 11-12 жашка чыкканда кызматтык иттер иштен четтетилет. Он жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан иттер да "пенсияга" чыгарылат
Пенсияга чыккан, намыс талашкан, адамга өмүр тартуулаган кызматтык иттер - Sputnik Кыргызстан
Негизи 11-12 жашка чыкканда кызматтык иттер иштен четтетилет. Он жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан иттер да "пенсияга" чыгарылат

Иттер да пенсияга чыгат. Негизи 11-12 жашка чыкканда кызматтык иттер иштен четтетилет. Он жылдан ашуун иштеген соң айрымдарынын кулагы укпай, жыт сезбей, көздөрү жакшы көрбөй калат. Ошондуктан иттер да "пенсияга" чыгарылат. Булар деле биринчи кезиккен адамга берилбейт. Жакшы кам көрүп, тийиштүү деңгээлде бага ала турган адамдарга гана ишенет. Овчаркалар ашып кетсе 13-14 жашка чейин гана жашайт. Ал эми узак жашаган Доберман тукумундагы иттер 16-17 жыл жашашы мүмкүн. Бирок ал дагы жакшы багылып, кароосу мыкты болсо гана 17 жашка чыгат.

Адамдарды куткарам деп жарадар болуп. Көңүлдү ооруткан окуя 80-жылдардын аягында ИИМдин кинология борборунда катталган. Тагыраагы, кызматтык ит кылмышкерди кармап, барымтага алынган адамды бошотуу учурунда жаракат алып өлгөн.

Альфа, Шумкар, Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баяндайбыз  - Sputnik Кыргызстан
"Альфа", "Шумкар", "Скорпион”… Эң сырдуу кызматтар тууралуу баян
Чет өлкөгө барып, намыска жарап. 2015-жылы Кыргызстандын чек арачы-кинологдору менен үч овчарка ит Казакстан, Тажикстан, Армения жана Россия менен болгон чемпионатта байгелүү орунду ээлеп кайтышкан. Мелдеш Алматы шаарында 3-8-август күндөрү өтүп, ага Кыргызстандан Каскад, Троян жана Рода аттуу чек арачы иттер барган

Үч багытта өткөн сынакта Каскад баңгизаттарын издөө боюнча өтө кыраакылыгын көрсөтсө, Рода мыкты из кубар экендигин тастыктаган. Ал эми Троян жардыргыч заттарды ыкчам жана жазбай таба аларын далилдейт. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын командасы III орунду ээлеп, кубок алып кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0