https://sputnik.kg/20201105/koronavirus-ehkinchi-tolkun-zhogorku-chek-1050325840.html
Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
Sputnik Кыргызстан
Учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экени айтылды. 05.11.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-11-05T13:13+0600
2020-11-05T13:13+0600
2021-12-15T22:46+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/03/1050298592_0:217:3072:1955_1920x0_80_0_0_24ee0969439991db35de69cf9901f40f.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/03/1050298592_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_3adcd2bfa23bc6900574fffc9df2bc45.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , алымкадыр бейшеналиев
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , алымкадыр бейшеналиев
Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз
13:13 05.11.2020 (Жаңыртылды: 22:46 15.12.2021) Учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экени айтылды.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетет. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында билдирди.
Бүгүн ЖК депутаттары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Анда эл өкүлү Бактыбек Турусбеков министрден коронавирустун экинчи толкуну качан башталарын сурады.
"Учурда экинчи толкун жүрүп жатат. Кыргызстанда 10-15 күндөн кийин анын жогорку чегине жетебиз деген божомол бар", — деди Бейшеналиев.
COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
Ошондой эле министр учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экенин белгиледи.