Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваИзвестный кыргызстанский дипломат Эрик Асаналиев
Известный кыргызстанский дипломат Эрик Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23 жыл мурда Бишкек менен Москвада расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясынын өкүлдөрү тынчтык келишимге кол койгондон кийин беш жылга созулган айыгышкан жарандык согуш басаңдап, тынчтык орной баштаган.

Коңшу мамлекеттеги жарандык согуштун белгисиз барактары жөнүндө колумнист Алмаз Батилов КРдин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев менен маектешкен. Тилекке каршы, бул Асаналиевдин акыркы маеги болуп калды. Элчи ушул жылдын 13-сентябрында 61 жашында дүйнөдөн өттү.

— 1991-жылы күзүндө Тажикстанда биринчи жолу болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам башаламандык башталган турбайбы?

— Ооба, Коммунисттик партиянын лидерлери бийликтен кеткиси келген жок. Анын үстүнө бул өлкөдө Союздун урашы менен экономика кескин ылдыйлады, коңшу Афганистандагы согуш абалды ого бетер курчутуп жиберди. Ошол эле учурда Тажикстандагы Коммунисттик партиянын биринчи катчылары Кахар Махкамов, Рахмон Набиев жана белгилүү кинорежиссер Давлатназар Худоназаров президенттик шайлоого аттанышты. Жогоруда айтылган эки лидер Ленинабад (азыркы Согд) аймагынын кулундары эле. Ал эми Худоназаров Тоолуу Бадахшандын өкүлү. Ал оппозиция үчүн эң ыңгайлуу саясий фигура эле. Анткени Худоназаров СССРдин ичинде кадыр-барктуу, кино жаатындагы атактуу ишмер. Ал өзүнүн аброюн пайдаланып, Россия жана башка союздук республикалар менен алаканы жакшыртып, Тажикстандын ички жана сырткы саясатын оңдойт деген үмүт менен оппозиция аны президенттик шайлоого алып чыккан. Бирок оппозициянын бардыгы аны колдогон эмес. Махкамов менен Набиевдин ортосундагы тирешүү бири-бирине каршы компромат материалдар менен башталды. Буларды да жаңы саясий күчтөр колдогон жок. Натыйжада Набиев бийликке келди. Бирок ал бир жылга жетпей тактан кулады. Жыйынтыгында, өлкөнүн саясий аренасында ишеним көрсөтө турган лидерлер жок болуп калды.

Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваЭрик Асаналиев 1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп иштеген
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги - Sputnik Кыргызстан
Эрик Асаналиев 1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп иштеген

— Коңшу өлкөдөгү жарандык согуш аймактык факторлор менен байланыштуу болгон үчүн кандуу болгон деген чынбы?

— Албетте. Буга чейин Тажикстанда бийликтин вертикалы түзүлгөн. Мисалы, Коргон-Төбө чөлкөмүнүн өкүлдөрү милиция жана салык ведомостволорунда үстөмдүк кылчу. Ленинабад (азыркы Согд) аймагынын кулундары илим жаатында жана аткаруу бийлигиндеги орундарды ээлеген. Ал эми Тоолуу Бадахшан автоном облусунун өкүлдөрү жаңы түзүлгөн парламентке депутат болуп шайланып келишкен. Ошол эле убакта башка тоо тарабындагы аймактарынын өкүлдөрү бийликтен сыртта калды. Ал жерде жумушсуздук күчөдү. Ушундай социалдык-экономикалык себептерден бул аймактын жаштары саясаттагы жаңы күчтөргө ыктады. Тажикстандагы саясий тиреш регионалдык каршылашууга алып келди.

© Фото / ЦГА КФФД КР / Автор сьемки КазыболотовТажикстандагы жарандык согуштан улам Бишкекке келген качкындар
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы жарандык согуштан улам Бишкекке келген качкындар

— Теги чечен согушкерлер даярдыктан өткөн деп айтышат...

— Афганистандагы тыюу салынган террордук "Талибан" уюмунун катарында айрым тажик согушкерлер даярдыктан өтүштү. 1994-жылы Россиянын курамындагы Чечен Республикасында согуш башталды. Тажикстан жана Чеченстандагы жарандык согуш абдан тыгыз байланышта десек болот. Себеби адегенде теги чечен согушкерлердин көпчүлүгү Тажикстанга келип жарандык согушка түздөн-түз катышып такшалып, андан кийин Афганистанга мыйзамсыз өтүшчү. Жарым жылдан бир жылга чейин алар бул өлкөдөгү жарандык согушка активдүү катышып, диверсиялык ыкмаларды бүт үйрөнүшчү. Булар мындай тажрыйбаны топтогон соң Араб өлкөлөрү, Түркия же Түштүк Кавказ аркылуу Чечен Республикасына кайра кайтышчу. Алар Тажикстан менен Афганистандагы согуштан үйрөнгөн согуштук ыкмаларды Россиянын армиясына каршы колдонду. Ошондуктан ушул түндүк кавказдык республикада согуш абдан кандуу тиреш менен бүттү.

Келиндердин ичин жарып... Исмаил Исаков Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу

© Фото / ЦГА КФФД КР / Автор сьемки КазыболотовЭрик Асаналиев: социалдык-экономикалык себептерден бул аймактын жаштары саясаттагы жаңы күчтөргө ыктады. Тажикстандагы саясий тиреш регионалдык каршылашууга алып келди.
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги - Sputnik Кыргызстан
Эрик Асаналиев: социалдык-экономикалык себептерден бул аймактын жаштары саясаттагы жаңы күчтөргө ыктады. Тажикстандагы саясий тиреш регионалдык каршылашууга алып келди.

— Айрым кошуна мамлекеттер Тажикстандагы абалга кийлигишүүгө аракеттенген деген маалыматтар бар. Канчалык чындыгы бар?

— Ошол маалда Өзбекстандын жетекчилиги Тажикстанга таасирин күчөтүүгө умтулган. Куляб (азыркы Хатлон) чөлкөмүнүн өкүлү 23 жыл түрмөдө жаткан жана Союздун кылмыш дүйнөсүндө кадыр-баркка ээ болгон Сангак Сафаров расмий Ташкенттин түздөн-түз колдоосу менен "Тажикстандын элдик фронту" аттуу кыймылын түздү. Бул кыймылды түзгөнгө Өзбекстандын Коргоо министрлигинин аскердик чалгындоо кызматынын офицерлери жана адистери катышкан. Алар "Элдик фронттун" арасында такай жүрүштү. Тажикстандын Коргоо министрлигинин биринчи министри өзбекстандык офицер болчу. "Элдик фронттун" башчылыгына тажикстандык болсо да өзбек калкынын ичинен чыккан саясатчыны койгонго болбойт эле. Ошон үчүн Өзбекстандын жетекчилиги бул кыймылдын башына Сафаровду дайындаган. Расмий Ташкент "Элдик фронттун" тарапкерлерине курал-жарак берди. Дал ушул себептен улам оппозиция "расмий Ташкентти ички иштерибизге кийгилишип жатат" деп айыптаган. Бул эки топ айыгыша согушту. Эң өкүнүчтүүсү — ортодо бейкүнөө калктын каны төгүлдү. Тажикстандын бириккен оппозициясы менен расмий Душанбенин ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышып жүргөн учурда "каршылашкан тараптын жаңжалынын айынан канча адам өлдү?" деп сурасам, "балким 300 миңге жакын мекендишибиз каза болгондур. Канчасы согуштан качып башка өлкөлөрдөн баш паанек тапты. Ошондуктан курман болгондор менен качкындардын так санын айта албайбыз" деген жоопту уктум.

Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты

Ошол учурда Кыргызстанга Тажикстандан этникалык кыргыздар эле эмес, теги тажик качкындар аргасыздан көчүп келген. Жогоруда айткандай, өлкө башчысынын орду бош калды. Ушул себептен улам бийликке парламент келди. Ортодо жарым жыл Тажикстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Тоолуу Бадахшандын кулуну Акбаршо Искандаров президенттин милдетин аткарды. Ошондуктан 1992-жылы 16-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин парламенттин 16-сессиясы Сафаровдун колдоосу менен Ленинабад шаарынын жанындагы Арбоб кыштагында өттү. Бул сессияда Куляб аймагынын аткаруу комитетинин жетекчиси Эмомали Рахмонов Тажикстандын Жогорку Кеңешинин төрагалыгына шайланат. Бул шайлоого бардык депутаттар бара алган эмес. 1994-жылы 6-ноябрда Тажикстанда өткөн президенттик шайлоодо Рахмонов өлкө башчылыгына шайланат. Бүгүнкү күндө жогоруда мен айткан маалымат жашыруун эмес.

© Фото / из личного архива Эрика АсаналиеваАсаналиев: 1993-жылы Бишкек менен Алматынын батальондору Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусу менен Афганистандын чек арасын кайтарууга киргизилди. Буга чейин бул аймактагы тажик-афган чек арасында Россиянын чек ара аскерлери бар болчу. Батальонду афган согушунун ардагери, капитан Таалайбек Өмүралиев жетектеген.
Тажикстанда жарандык согуш шайлоодон кийин чыккан. Эрик Асаналиевдин акыркы маеги - Sputnik Кыргызстан
Асаналиев: 1993-жылы Бишкек менен Алматынын батальондору Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусу менен Афганистандын чек арасын кайтарууга киргизилди. Буга чейин бул аймактагы тажик-афган чек арасында Россиянын чек ара аскерлери бар болчу. Батальонду афган согушунун ардагери, капитан Таалайбек Өмүралиев жетектеген.

— Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия Тажикстанга тынчтык орнотуучу батальондорун кандай негизде киргизди?

— Жогоруда сөз болгон төрт өлкө тынчтык орнотуучу батальондорун Тажикстанга эл аралык келишимдердин негизинде БУУнун расмий мандаты менен киргизген. Ар бир алты ай сайын БУУ тынчтык орнотуучу күчтөрдүн макамын бекитип, мандатын узартып турган. Ошондуктан  бул күчтөрдүн штабы Душанбеде жайгашкан. 1993-жылы расмий Бишкек менен Алматынын батальондору Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусу менен Афганистандын чек арасын кайтарууга киргизилди. Буга чейин бул аймактагы тажик-афган чек арасында Россиянын чек ара аскерлери бар болчу. Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун курамына атайын даярдыктан өткөн жана такшалган офицерлер менен жоокерлер кабыл алынган. Батальонду афган согушунун ардагери, капитан Таалайбек Өмүралиев жетектеген. Өзбекстандын жоокерлери Куляб аймагындагы бир участокту көзөмөлгө алган. 1995-жылы 7-апрелде Дарваз районундагы Пшихарв капчыгайында Афганистандан өткөн тажик согушкерлер казактардын тынчтык орнотуучу батальонуна каршы буктурма уюштуруп, 17 аскерин өлтүрүп, ондогон жоокерин жарадар кылышкан. Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунда да жоготуулар болду. Бирок алар октон эмес, сууга чөгүп же кокустан жаракат алгандар эле. Беш жыл биздин аскерлер Ишкашим районундагы чек ара участогун кайтарды. Эң башкысы, Кыргызстан эгемендүү өлкө катары алгачкы ирет эл аралык мамилелерде өзүнүн ролун жана ордун көрсөтө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0