Келишимдин аркасы менен 1997-жылдан тарта Тажикстанда беш жылдан бери уланган айыгышкан жарандык согуш токтоп, тынчтык орной баштаган. Кыргызстандын тунгуч ажосу Аскар Акаевдин, кыргыз дипломаттары менен аскердик чалгындоо кызматынын офицерлеринин жарандык согушту токтотууга ат көтөргүс эмгек жасаганы — тарых.
Колумнист Алмаз Батилов Тажикстандагы атуулдук согуштун токтошуна өлкөбүз кандай салым кошкону жөнүндө Кыргызстандын Тажикстандагы ошол кездеги элчиси Эрик Асаналиев менен маектешкен.
— Жарандык согуш эмнеден улам чыкты эле?
— Тажикстандагы жарандык согушту бийлик үчүн саясий тирешүүнүн натыйжасы десек болот. 1985-жылы СССРде башталган саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдөн, кайра куруу саясатынан улам дүйнө жүзүндөгү зор державанын кулашы Тажикстандагы жарандык согуштун чыгышына таасирин тийгизди. Балтика боюндагы республикаларда Союздун курамынан чыгып кетүүгө умтулган улутчул кыймылдар — улуттук фронт түзүлдү. Ал Түштүк Кавказ менен Орто Азияга да таасирин тийгизди. Мисалы, өлкөбүздө "Кыргызстан демократиялык кыймылы" негизделди. Тажикстанда да Балтика республикаларындагыдай улутчул кыймыл түптөлүп, ага диний көз караштагы топтор кошулду.
— Мында Кыргызстандын кадамдары кандай болду?
— Ал учурда кандайдыр бир чара көрүүгө өлкөбүздүн жетекчилиги даяр эмес болчу. Анткени буга чейин СССРдин аймагында мындай согуш болгон эмес. Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдө мындай согушту жөнгө сала турган адистер да жок болчу.
Белгилей кетчү жагдай, ошол убактагы расмий Алматы "Тажикстандагы кырдаал Казакстанга залакасын тийгизбейт" деген пикирди карманды. Алар бул согушка Өзбекстан менен Кыргызстан бөгөт болот деп ойлошту. Ал эми расмий Ташкент Тажикстан менен чек арасын толук жаап койду.
Кандуу кагылыш башталганда эле Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин ошол кездеги төрагасы, генерал Жумабек Асанкулов көрөгөчтүк кылып тунгуч президент Аскар Акаев менен анын командасына "Тажикстандагы кырдаал Кыргызстанга сөзсүз залакасын тийгизет" деп бир нече ирет кайрылган. Ал шартта Кыргызстандын жетекчилиги кошуна мамлекеттеги жарандык согушту токтотууга көмөк көрсөтүү менен өлкөбүздүн чек арасын бекемдеп, качкындарды кабыл алганга даяр болуш керек эле. Асанкулов тажиктер ортосундагы куралдуу тирешүүдө атайын даярдыктан өткөн майда диверсиялык топтор үстөмдүк кылаарын, андыктан армиябыздын ичинде ар түрдүү шартта согуш жүргүзө ала турган атайын багыттагы ыкчам бөлүктөрдү түзүү жөнүндө сунушун киргизди. Акаев Асанкуловдун сунушун кабыл алып, жогоруда айтылган маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жумабек Асанкулович үзөңгүлөштөрүнө таянып, Тажикстандагы жарандык согушту токтотууга Россия жана башка коңшу өлкөлөр менен кызматташууга аракет кыла баштады. Анын болжогонундай эле кыргыз-тажик чек арасы аркылуу Тажикстандан он миңден ашык качкын баш паанек издеп келди. Алардын ичинде этникалык кыргыздар да бар эле. Бул көйгөйдү чечүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар боюнча башкармалыгы менен тыгыз кызматташа баштадык.
— Эмне үчүн Тажикстандагы жарандык согушка АКШ кийгилишкен эмес?
— Россиянын демилгеси менен КМШнын лидерлери БУУга Тажикстанга тынчтык орнотуучу күчтөрүн жиберүү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок БУУнун жетекчилиги бул аскерлерди каржылоого мүмкүнчүлүк жоктугун айтып, аскерлерин жиберүүдөн баш тартты. Алардын мындай позициясына АКШ таасирин тийгизди. Америка "Афганистандагы согуш талаасынан Россияны сүрүп чыктык, максатыбызга жеттик" деген стратегияда эле. Ошону менен бирге Тажикстан Кремль таасиринин алдында деген ой менен Москва жана анын өнөктөштөрүнүн алдан тайышын күттү.
Биз расмий Душанбе жана Бириккен оппозициянын лидерлери менен жакындан таанышып, алардын мүдөөсүн жана иш-чараларын тыкыр иликтеп жаттык. Эки тарапты элдештирүү үчүн БУУ Москва, Ашхабад, Исламабад, Тегеран жана Алматыда жолугушууларды уюштурду. Жадагалса, бул максат үчүн согуш болуп жаткан Афганистандын Хост шаарында да кезигишүү болду. Тилекке каршы, мен Афганистандагы сүйлөшүүгө катыша алган жокмун. Бирок калган төрт жыл бою жүргөн тажик сүйлөшүүлөрүнө такай күбө болуп, өлкөбүздүн жетекчилигине Тажикстандын ички абалы жана сүйлөшүүлөр тууралуу тынбай маалымат берип турдум. Алар ушул маалыматтарды аябай талдап, жарандык согушту токтотуу боюнча мамлекеттик деңгээлде стратегия иштеп чыгышты. Бишкек Тоолуу Карабах кагылышуусун токтотуу боюнча тажрыйбаны колдонду, 1994-жылы Баку менен Еревандын ортосунда ортомчу болуп, атышууну токтотууга жетишкен.
— Башка өлкөнүн каршылашкан эки тобун элдештирүү кыйын эле болсо керек?
— Алгач бийлик менен Бириккен тажик оппозициясынын ортосунда пикир келишпестик бар экенин байкадык. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө расмий Душанбе Кремлге таянып, экинчи тарапка үстөмдүк кылганга аракеттенди. Ал эми Тегеран, Исламабад жана Хостто өткөн сүйлөшүүлөрдө Бириккен тажик оппозиция ислам мамлекеттеринин жардамына таянып өз талаптарын коюп келди. Анын үстүнө Иран да эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизүүгө умтулду. Анткени Тажикстан менен Ирандын тили, маданияты, үрп-адаттары окшош жана илгертен бери карым-катнашы бар. 1994-жылы апрелде Москвадагы Тажикстандын бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы жолугушууда мага расмий Душанбе делегациясынын жетекчиси "биздин суранычыбыз, эки тараптын ортосунда Бишкек көпүрө болуп берсин деп Аскар Акаевичке айта барыңызчы" деген өтүнүч менен кайрылды. Кийинки сүйлөшүүлөрдө тажик оппозициясы да айтып, алар да Кыргызстандын ортомчу болуп берүүсүн суранды. Эки тарап өлкөбүз Тажикстандын ички ишине кийгилишпей турганын, бейтараптуу саясат жүргүзө турганына көзү жетип, ишенди. Ошон үчүн 1997-жылы 16-18-майда Бишкекте өткөн сүйлөшүүдө буга чейин бир пикирге келбеген расмий Душанбе менен Бириккен тажик оппозициясы "Саясий маселелер жөнүндө" Протоколго кол койду.
Белгилей кетчү жагдай, элдештирүү аракетинин учурунда Акаевдин энеси кайтыш болсо да сүйлөшүүлөргө баштан-аяк катышып, айыгышкан эки тарапты жогоруда айтылган келишимге кол коюуга көндүрдү. Бул протоколдун негизинде 27-июнда Кремлде эки тарап тынчтык жөнүндө келишимге кол коюу менен элдешүү процесси башталды.
Акыркы 40-50 жылда дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар түрдүү согуштар дагы эле басыла элек. Ал эми КМШ лидерлери саясий эркин көрсөтүп, колдон келген аракетин аябастан Тажикстандагы согушту токтотту.