00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
«Огонь памяти» в Кыргызстане: лампады от Вечного огня доставили в Бишкек и Ош
16:07
29 мин
Личный интерес
Стройка будущего: Бишкек принял международную выставку строительных технологий
16:36
24 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты

© Фото / из личного архива Жумабека АсанкуловаГенерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун архивдик сүрөтү
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов советтик чалгын кызматынын көрүнүктүү өкүлү. 40 жашында Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы болуп, Орто Азиядагы жергиликтүү калктын арасынан дайындалган биринчи жетекчи болгон. Асанкуловдун көзү тирүү болгондо бүгүн 91 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги генерал-лейтенанттын өрнөктүү өмүрүндөгү урунттуу учурларды эскерип, кызыктуу фактыларды сунуштайт.

1. Бала чак. Жумабек Асанкулов 1927-жылы 20-февралда Москва районун Кепер-Арык айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда колхоздун башкармасы аны сегиз класс билими менен адегенде эң жооптуу деп эсептелген эсепчи, андан кийин таразачы кызматына коёт. 19 жашында Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук министирлигине кызмат өтөөгө кабыл алынып, өзүн өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттин коопсуздугуна арнайт.

© Фото / из личного архива Жумабека АсанкуловаЖумабек Асанкуловдун үй-бүлөсү. Биринчи катарда кичүү баласы Булат менен кызы Лариса. Экинчи катарда солдон биринчи балдызы Гүлүмбүбү, улуу баласы Марат жана жубайы Сонунбүбү
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Асанкуловдун үй-бүлөсү. Биринчи катарда кичүү баласы Булат менен кызы Лариса. Экинчи катарда солдон биринчи балдызы Гүлүмбүбү, улуу баласы Марат жана жубайы Сонунбүбү

2. Меккеге жиберген тапшырма. Асанкулов Мамлекеттик коопсуздук комитеттин (МКК) тапшырмасын аткарып, бир нече жолу чет өлкөгө чалгынга чыккан. 1964-жылы кыргызстандык зыяратчылар менен Мекке шаарына ажылыкка барып, жергиликтүү контрчалгындоо кызматынын тоскоолдугуна карабастан Борбордон берилген тапшырманы толугу менен аткарган. Бул эрдиги үчүн Жумабек Асанкулович кыргыз чекисттеринин ичинен биринчилерден болуп "СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун Ардактуу кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

© Фото / из личного архива Жумабека АсанкуловаУлуу баласы Марат менен кызы Лариса ата жолун улашты
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Улуу баласы Марат менен кызы Лариса ата жолун улашты

3. Биринчи кыргыз төрага. 1967-жылы Асанкулов Кыргыз ССРнин мамлекеттик кооопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалып, бир жылдан соң 41 жашында генерал-майор наамын алат. Орто Азиядагы жергиликтүү элдин ичинен дайындалган биринчи жетекчи эле. 1949-жылы Кытай бийлигине келген Коммунисттик партиянын лидерлери СССРди эки өлкөнүн ортосунда түбөлүк достук мамиле болот деп ишендирип, Кремль Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин чалгындоо бөлүмүн жоюп салган. Бирок эки мамлекеттин ортосунда мамиле айтылгандай болгон эмес. Мындан улам Асанкулов жоюлган чалгындоо бөлүмүн кайрадан калыбына келтирген. Кыска убакыттын ичинде бул бөлүм өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп, Асанкулов СССРдин башчысы Юрий Андропов жана СССРдин МККнын жетекчиси Владимир Крючковдун ишенимине жана сый-урматына ээ болгон.

ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Азиядан күмүш алып берген депутат Дамирбек Асылбек уулу тууралуу 7 факты
4. Улуттук идеяны коргоо. 1978-жылы саясий оюндардын курмандыгы болуп жетекчилик кызматтан кеткен. Асанкулов 11 жыл Москвада МККнын окуу жайында атайын курстун жетекчиси болуп иштеген. 1989-жылы Кыргыз ССРинин МКК төрагалыгына кайрадан дайындалып, ЖОЖдордогу кыргыз интеллигенциясына каршы 200дөн ашык далили жок иш-чараларды жүргүзүүгө тыюу салган. Анын натыйжасында улутчул деп айыпталган илимпоздордун көбү акталган. Асанкулов 1990-жылдардагы Ош коогалаңын басууга да зор салымын кошкон. 1991-жылы ал СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин генерал-лейтенант наамын алат. Ошол эле жылы жетекчиликтин каршылыгына карабастан оппозициячыл Кыргызстан демократиялык кыймылы менен "Асаба" партиясынын Үркүндүн 75 жылдыгын белгилөөгө арналган "Өмүр көчү" акциясын өткөрүүнү колдоп чыккан. Мындан тышкары, Чоң-Таш айылынын жанында саясий репрессиянын курмандыктарынын сөөгү коюлган мүрзөнү изилдөөдө эмгеги чоң

© Фото / из личного архива Жумабека АсанкуловаМамлекеттик коопсуздук кызматынын коллегиясы. 1991-жыл
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик коопсуздук кызматынын коллегиясы. 1991-жыл

5. Элчи. Асанкулов эгемендүү Кыргызстандын Коргоо министрлигинде аскердик чалгындоо башкармалыгынын пайдубалын түптөйт. Ошондой эле Тажикстандагы беш жылга созулган жарандык согушту токтотуп, тынчтыкты орнотууга жана ал даярдаган аскердик чалгынчылар зор салымын кошкон. Жумабек Асанкулович Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында жайгашкан кыргызстандык батальондун афгандык моджахеддердин туткунуна түшкөн төрт аскерди куткарган. Согушкерлер анын кайрылуусун укканда эч кандай талап койбой, жоокерлерди бошотуп беришкен.

© Фото / из личного архива Жумабека АсанкуловаФрунзе шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларга гүл коюу аземи. 1990-жыл
Генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов - Sputnik Кыргызстан
Фрунзе шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларга гүл коюу аземи. 1990-жыл

6. Үй-бүлөсү. Жумабек Асанкулович жубайы Сонунбүбү апа экөө эки уул, бир кызды тарбиялашкан. Тилекке каршы, кичүү уулу Булат 28 жашында оорудан каза болгон. Улуу баласы Марат менен кызы Лариса да атасынын жолун улап коопсуздук системасында иштеди. Алар учурда Москва шаарында жашайт.

7. Ак эмгеги үчүн Асанкулов СССРдин жетекчилиги жана Ата Мекен тарабынан төрт орден жана 17 медаль менен сыйланган. 2009-жылы 82 жашында узак оорудан кийин Москва шаарында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0