Жаңы окуу жылында үч мектеп колдонууга берилет. Тизме

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүСабактагы окуучулар. Архив
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепке кошумча корпустарды салуу үчүн акча берилген. Анын 14ү Бишкек менен Чүйдө болсо, бирөө Ош шаарында.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 2020-2021-окуу жылынын башында өлкөдө курулуп жаткан үч жаңы мектеп колдонууга берилип калат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, сентябрдын аягында колдонууга бериле турчу мектептердин бири Чүй облусунун Орок айылында жайгашкан. Мындан сырткары, Бишкектеги №2 мектептин имараты жана Ош шаарындагы дагы бир билим берүү мекемесинин курулуш иштери жаңы окуу жылында бүтүп калат.

"Өлкөдө авариялык абалдагы 29 мектепти оңдоого 350 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы тапта иш кызуу жүрүп жатат. Мындан сырткары, коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен 15 мектепке кошумча корпустарды салуу үчүн акча берилген. Анын 14ү Бишкек менен Чүйдө болсо, бирөө Ош шаарында. Алардын бардыгы пландалган убакытта бүтөт", — деди Кокочаров.

Ал Кыргызстан боюнча авариялык абалда жалпы 245 мектеп бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0